Анти-эркектер

Анти-эркектер

Илгери, тоюс, он жыл болуп калды го, биздин Кимбайке «Эмкинин эркеги» деген боорду ботко кылган сатира жазган. Окуп алып, баарыбыз жыгылып калдык элек. Андан бери далай суу акты. Анан дагы бир «баатырыбыз» Жаныбек Юморолиссмус аялдарды «антиэркектер» деп жазып боорду эзди эле. «Биз эркектер — антиаялдарбыз, ал эми аялдар — антиэркектер» деп калчу. Жок, мен тамаша жазайын деген оюм жок. Тамашага жокмун. Акыркы кездери мени кыжаалат кылган бир нерсе айтсамбы деп турумун.

Азыр эркектер катын болуп калыптыр. «Заманыңа жараша тушагы» дегендей. Көптөн бери элге аралашпай жүрүп, ушуну байкабапмын. Эркектер менен сүйлөшүп туруп калсам эле, өзүмдү аялдардын арасында тургандай сезчү болдум. Анткени жалаң катын-ушак сүйлөшөт. Жакамды кармадым. Карасаң, олбурлуу кыйын эркек, а сүйлөгөнү — катын, кылган иши — катын. Ушуну байкап, төбө чачым тик турду. Кыргыздын эркектери качан ушундай эле? Жигитче сөз берип, жигитче сөз айтып, бир муруту «былк» этип коюп, эркек каадасын жоготчу эмес. Азыр аксакалын карасаң — кемпир, мырзасын карасаң — айым, жигитти карасаң — селки, бозбаланы карасаң — кыз. «Тү-үй, ата!» дейсиң. Азыркы жаш балдар жалаң кыздарга окшоп калышты. Чачы, кылыгы, сүйлөгөнү, кыймылы… Анан «Жара гана өз үнү менен кыйкырат!» деп жибериптирмин. Кыргыз коомун жара басыптыр да, көрсө. Эми эркектин баары катын болуп кетти дегенден алысмын, мыкты жигиттерибиз толтура, бирок катынизм каптап келатканын байкап калып, айтып жаткан кербезим да.

Үйдүн жанындагы камоктон өтүп баратсам, жол боюнда турган таксисттер топтолуп алышып, «жүзграммдашып», жаңы жыл менен куттукташып жатыптыр. Кулагым сүйлөгөндөрүн чалып калды. Баягы эле катын-сөз. Ичимен «Эх, анти-эркектер!» деп өтүп кеттим. Анан эмне дейм, айткылачы?..

Эрнис АСЕК уулу,
«Баягы Асаба», 14.01.2014-ж.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.