Кадырбек Тажиев, Кыргыз эл артисти: «Отунбаеванын колун кысып, бетинен өөп…»

Кадырбек Тажиев, Кыргыз эл артисти: «Отунбаеванын колун кысып, бетинен өөп…»

Кыргыз циркинде эки айдан бери Орусиянын цирки көрсөтүлүүдө. Кыргыз цирки болсо жымжырт… Кыргыз циркинин көркөм жетекчиси Кадырбек Тажиевге ал-акыбалын сурап кайрылсак, ал киши ооруканада экен. Өз акыбалын айтпай, кыргыз циркинин абалын айтып кейип-кепчиди. Маектин башынан аягына чейин «Кыргыз циркинин 50 жылдык мааракесин өткөрөм» деп айтып отурду…

— Кадырбек мырза, былтыр «Кыргыз циркинин 50 жылдыгын өткөрөбүз» деп аябай күпүлдөдүңөр эле…

— «Кыргыз циркинин 50 жылдыгын өткөрөбүз» деп айтканыбыз кашкайган чындык. Кыргыз циркине былтыр 50 жыл болду. Бирок, каражаттын тартыштыгынан, чоңдор жактан да уруксат болбой мааракени өз убагында белгилей албай калдык. Эл алдында калп айткандай болуп калдык, айтылып калгандан кийин быйыл аткарыш керек. Өз каражатыма болсо дагы, карыз болсом дагы, автоунаамды сатсам дагы 50 жылдыкты өткөрөм. Быйылкы максатымдын эң башкысы ушул. Эмне үчүн дегенде, кыргыз циркин элге көрсөткүм келет. Азыр ооруканадамын. Чыккандан кийин ушул маселе менен чуркайм.

Орто Азиядан, Орусиядан номерлерди чакырып, эки бөлүмдө кыргыз циркин күчтүү кылып чыгарып өткөрөлү деп пландап жатабыз. Бул мааракени жөн эле 50 жылдык дебей, артисттерге сыйлык, наам бериш керек. Эгер кыргыз циркинин мааракесин өткөрүүгө быйыл мамлекет тарабынан мүмкүнчүлүк болбосо, дагы бир ирет айтам, анда өзүм өткөрөм. Анткени Кыргызстанда демөөрчүлөр толтура. Алар жардам берет деген ишенимдемин. Мааракени өткөрүү менен кошо быйылкыга көп максаттар бар. Студиялар учурда иштеп жатат. Анан өмүр бою өз номеринде иштеген ардагерлер ошол номерин жаш балдарга тапшырышат. Учурда биз окутуп жаткан 50 жаш бала бар. Аларды балет залында, манежде, фойеде — ар кайсыл жакта даярдап жатабыз. Булардын бардыгын 50 жылдык мааракеге карата кыргыз элибиздин астында уят болбой жакшы, Орусия циркинен кем эмес деңгээлде болсун деген тилек менен даярдап жатабыз.

— Ошол номерлердин ичинде маскарапоз жокко эсе…

— Маскарапоз болуу кыйын. КМШ өлкөлөрү боюнча маскарапоздор жок. Уркан Урманов, Жусуп Толтоев жана мен Совет доорунда укмуш дүңгүрөгөнбүз. Биздей элге күлкү тартуулаган маскарапоз болгон эмес. СССР убагында цензура бар эле, кысып, чет элдерге көп жөнөтчү эмес. Жусуп Толтоев каза болуп калганын билесиңер. Уркан экөөбүз калдык. Балдарга болушунча өнөрүбүздү үйрөнтүп жатабыз. Учурда үч баланы тандап, даярдап, маданият министрлигинде атайын эксперттерге жиберсек, кичине эскертүүлөрдү беришти, аягында жакшы дешти. Аларды оңдойбуз. Азыр өз убагында Чыңгыз, Тыныстан, Жаныбек аттуу жаш кыргыз клоундору пайда болду. Бул балдардан үмүтүбүз чоң. Дагы да болсо балдарга чоң даярдык керек. Азыркы клоундардын аткарганы бири-бирине окшош. Топту элге ыргытып, обручту айлантып, залдан көрүүчүнү алып чыгып айландырып эле театрлаштырып жиберишти. Чындыгында клоун деген циркте бир канча жанрды өздөштүрүшү керек. Клоун деген жонглер, акробат болуп, секирип, асманга учуп кетиши керек ж.б. Ошондо анык клоун боло алат.

— Бизде дагы бир көйгөй — жаныбар, ал жок да…

— Ооба, туура, аюу, арстан, жолборс, илбирс жок. Бизде кыргыздын аттары бар болчу. Жаныбарлар болуш үчүн бизге жер керек, тамак маселеси чечилиши зарыл. Аларды сатып алуу үчүн чоң акча керек. Алардын баары кымбат. Кыргыздын эле атын, топозун, тайганын, бүркүтүн, тоо барсын алып чыкса болот…

— Кыргыз циркинде иштеп жат­каныңызга канча жыл болду?

— 49 жыл болду. Өмүр бою циркте иштедим. 66 жаштамын. 100 жашка чыксам да цирктен кетпейм. Анткени цирк менин жашоом. Ансыз жашай албайм, мен үчүн цирк кислород. Мен цирк менен дем алам.

— Эмгегиңиз бааландыбы?

— Кыргыз элиме ырахмат, баалап жатышат. Кыргыз эл артисти деген наамды Отунбаева Роза Исаковна өзү тапшырган. Сүйүнүп кетип, колун бекем кысып, бетинен өөп жиберипмин… Юрий Никулиндин колунан диплом (бул кишиден сабак да алгам) алганда да дал ушундай толкундангам. Ошол дипломду акташым керек. Актайм дегеним, 50 жылдык мааракебизди өткөрүп кыргыз элин сүйүнтөм.

— Кыргыз циркинин иштебей калганына канча болду?

— Тогуз жыл болду. Ошон үчүн 50 жылдык мааракебиз аншлаг менен өтүшү керек. Ал үчүн телевидениеден жарнама байма-бай кетиши керек. Бирок, ал өтө кымбат. Жок дегенде 10-15 миң доллар керек.

— Айлыгыңар канча «доллар»?

— Оо-уу, бизде айлык укмуш да, 5000 сом. Мен циркте көркөм жетекчи жана режиссер-постановщик болуп иштейм, ушул эки кызматка 7 миң сом алам.

Кайрат КЕНЖЕБАЙ уулу,
«Баягы Асаба», 14.01.2014-ж.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.