Кара-Чекенде — Кольцовка – Бөкөнбаев

Кара-Чекенде — Кольцовка – Бөкөнбаев

Бөкөнбаев айылы — Ысык-Көл областынын Тоң районунун административдик борбору. Деңиз деңгээлинен 1800 м бийиктикте жайгашкан. Райондук статистика бөлүмүнүн башчысы Ч. Усубалиевдин билдиргенине караганда, 2013-жылга карата айылда 12 470 адам жашайт. БШКнын сайтында айыл төрт шайлоо участогуна бөлүнүп, жалпысынан 7 890 шайлоочу катталгандыгы айтылат.

Айылдын тарыхына кайрыла турган болсок, бир кылым мурунку — сарыбагыш-бугу чабышына, ага улай Ысык-Көлдүн Орусия империясына кошулган учурга барып такалабыз. Анда кеп башынан болсун. Ысык-Көл областын негизинен бугу уруусу жердеп келген. Бугулар 19-кылымда сарыбагыш Ормон хандын хандык түзүү аракетине баш ийбей, сарыбагыш-бугу чабышы күч алат. Кан төгүлгөн абалдан чыгуунун амалын издеп, 1854-жылы Качыбек Шералинди Орусияга элчи жиберип, букаралыкка өтөт. Бирок сарыбагыш-бугу чабышы басаңдаганы менен, бугулар ич-ара батышпай, Жети-Өгүз суусунун батыш жээгинен тарта Жууку суусунун чыгыш жээгине чейинки аралыкты жердеген кыдык-торгой уругун Көлдөгү баардык айылдарга таркатып жиберишет. Пржевальск уездинин начальниктери Жети-Өгүздө калган кыдык-торгойлорду Ат-Башы, Нарынга көчүрүү аракеттерин көрүп баштаганда, кыдыктардын ичинен иш билги Бектиян уулу Атакан арачы түшөт. Атакан уезддин начальниктерин көндүрүп, Тамгадан тарта Кескен-Белге чейинки жерди жердеп отурган тынымсейит уруусунун урпактарын Ат-Башы, Нарынга көчүрүп, алар жердеген Тоң өрөөнүнө кыдыктарды чогултуп келип жайгаштырган.

Орус империясы Орто Азияны каратып, Түркстан генерал-губернаторлугу түзүлөт. Колонизациянын эпкини менен 1905-жылы Николай II указ чыгарып, Орусиядан келген орус-украин келгиндерди жайгаштаруу башкармалыгы түзүлүп, Ысык-Көлдө Теплоключенко, Николаевка, Михайловка, Григорьевка, Семеновка, Самсоновка жана Самодуровка (азыркы Саруу айылы) айылдары түптөлөт. 1912-жылы азыркы Бөкөнбаев айылы Кольцовка деп аталып, алгачкы үйлөр курула баштайт. Айылга жакын көл жээкте Ийри-Булуң деген жерге пристань курулган, Кольцовка деп аталып калышы ошого байланыштуу болушу мүмкүн. Ага чейинки мезгилде азыр айыл жайгашкан жерди Кара-Чекенде деп коюшчу экен.

1916-жылга карата Пржевальск уездинде келгин орустар калктын 24% ын түзүп, алар айдоо жерлердин 67,3% ын ээлеп турушкан. Биринчи дүйнөлүк согушка катышып жаткан орус падышасы Николай II 1916-жылы 25-июндагы указы эбепке себеп болуп, 1916-жылдагы көтөрүлүш же Үркүн башталган. Үркүн маалында Тоң айылынын Орозон аттуу тургуну «мал жуттуку, эл меники» деп 80ден ашуун жылкысын, кой-эчкилерин элге таркатып бергени жана Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылында Иван жана Петро аттуу эки орус бала жетим калганын угуп, байбичеси Уулкан экөө той берип, эки баланы сүннөткө отургузуп, Ыйманкул, Мусулманкул деп ат коюп багып алышкандыгы эл оозунда айтылып жүрөт.

Октябрь революциясынан улам Кытайга ооп кеткен эл кайра өз жерине кайтып келе баштайт. 1918-жылы Тоң болушунун борбору Кольцовкага Пишпектен Иваницын жана Крутоголов экөө келип, «Жаңы турмуш» деген коммуна уюштурушкан. Сабатсыздыкты жоюу аракеттери көрүлүп, казанды көмкөрүп коюп бооруна ак бор менен жазып тамга тааныган учурлар болот.

Коллективдештирүү кампаниясы башталып, ал кампания ар кандай окуялар менен коштолот. Мисалы, айылдан Жакшылыктын Садыбаказы колхоздоштурууга каршы чыгып, 6 жигити менен топ түзүп, колхоздуку деген 120 жылкыны Кытайга айдап качкандыгы, кийинчерээк көтөрүп жүргөн япон мылтыктары менен кошо колго түшкөндүгү айтылып жүрөт. Колхоздоштуруу кампаниясынан улам жалгыз баш жакшы аты бар Кудайбергенди «атыңды бербейсиң» деп кулакка тарттырып, «Билсең, мен Казакмын, билбесең башыңа түшкөн азапмын» деген Казак аттуу активисттин аракеттери айтылып жүрөт.

1925-жылы Кольцовкада Таш-Дөбө, Орто-Арык (жер-суу атынан улам), Киров (советтик партиялык ишмер), Кызыл-Чек (жаңы заманга карай), Туура-Там (байыркы чептен улам) жана Күн-Чыгыш, айтор, 6 колхоз уюшулуп, ага Күн-Чыгыш айыл кеңеши (сельсовет) деген ат берилген. 1936-жылы Кыргыз АССР статусу жаңырып, толук кандуу ССР болгондо, Кыргыз ССР өкмөтү СССР өкмөтүнө кайрылып, республиканын административдик түзүлүшү кайра каралып, жалпысынан 10 район түзүлүп, Тоң районунун борбору Кольцовка болот. Айыл чоноюп, Шамей Токтобай уулу баш болуп, 1930-1936-жылдары алгачкы мектепти салып бүтүшкөн.

1944-жылдын 7-августунда Кыргыз ССРнин өкмөтүнүн чечими менен Кольцовка айылы Бөкөнбаев айылы деп аталып калган. Ошол жылы Ж. Бөкөнбаев Ысык-Көлдүн күңгөйүндө Чоң-Сары-Ойдо жол кырсыгынан улам каза болгондо жубайы Тенти төркүнүндө же Кольцовкада болгон экен. Тенти Кольцовкадагы Жунушбай деген кишинин кызы болгон. Кыргыз ССРнин өкмөтүнүн 1944-жылдын 7-августундагы чечими менен акын, драматург Ж. Бөкөнбаевдин урматына Кольцовка айылы Бөкөнбаев айылы деп аталып калган. Соңку кездерде айрым адамдар тарабынан Бөкөнбаев айылынын Манжылы, Тастар-Ата, Атакан же Тоң деп атын алмаштыруу жөнүндө да сөздөр айтылып жүргөндүгүн белгилей кетпесе болбойт.

1941-1945-жылдары согуш маалында айылдан миңден ашуун жигит аскерге кетип, алардын 351и курман болгон. Анын ичинде 316-аткычтар дивизиясында кызмат өтөп, айтылуу 28 панфиловчулардын катарында курман болгон Г. Петренко согушка Бөкөнбаев айылынан барган.

1952-жылы мурдагы 6 колхоз бириктирилип Ленин колхозу түзүлөт. Колхоздун карамагында 536 түтүн үй, 33 000 кой, 100 ашык уй, 3 000 жылкы жана 140 төө болгон. Колхоздун башкармасынын 12 000 койдун өлгөнүн жашырганы билинип калып, 1953-жылы 25 жылга кесилип кеткен. Андан кийин башкарма болуп келген Курманалиев Иманбет өз ою менен көл жээкке алма-өрүктүн көчөтүн тигем деп аракет көрүп баштайт. Муну көргөн райкомдун биринчи катчысы Байсабаев Тогузак «Тоңго алма бышпайт, мен каршымын» дейт. Ошондо ал «Эй, Тогузак, кийин алма-өрүк бышканда өзүңө окшош балдарың мурдун салаңдатып үзүп жеп турса жаманбы?!» деп 80 га жерге көчөт отургузганы азыркыга чейин айтылып жүрөт.

1960-жылдары республика жетекчилеринин бири Төрөбай Кулатов районго келип, Сырт өрөөнүн көрөм деп калат. Башкарма болуп келген И. Тойчубековдун коштоосунда Жылаңач ашуусуна чейин жетип, кирип турган буркан-шаркан сууну кечип өтүү коркунучтуу экен, артка кайталы дегенде башкарма И. Тойчубеков: «Төрөбай Кулатович, ушул сууну малчыларыбыз ат менен кечип малдарын айдап өтүшөт. Малдары агып, өздөрү кырсыкка учурагандары да бар. Көпүрө курууга алыбыз жетпейт» дегенде, «Ай, укем, ушул жерге көпүрөгө мен жардам берейин» деп убада кылып, кийин каражат бөлдүрүп салынган көпүрө азыркыга чейин «Кулатов көпүрө» деп айтылып жүрөт.

СССР урап, жаңы заман башталганда Ленин колхозу «Айкол» үрөөнчүлүк-өндүрүштүк кооператив болуп кайра түзүлүп, учурда 12 563 га жери, 3 157 баш кой, 676 баш топоз, 350 баш жылкы, 28 трактору жана 4 комбайны менен «колхоз» катары ишин ийгиликтүү улантып келатат. Кооператив койдун «Айкол», топоздун «Айкол», «Арчалы» породаларын, буудайдын «Элита», «Суперэлита» сортторун өндүрүп, 2010-жылы 8 млн. 822 миң сом таза киреше тапты.

Айылдан Азамат Алтай, Төлөмүш Океев, манасчы Мамбет Чокморов («Манас» 302 608, «Семетей» — 71 609, «Сейтек» — 23 340 сап ыр айткан), Ж. Турусбеков, Б. Жакиев, А. Салиев, Ю. Бобков жана А. Костюк өңдүү инсандар чыккан.

Самат КЫДЫКБЕКОВ, Бөкөнбаев айылынын тургуну.

P.S. Тарыхый маалыматтар Ишен Кудабаевдин «Кылым кырындагы айыл» китебинен алынды

«Баягы Асаба», 14.01.2014-ж.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.