Орус казактарында кыргыз каны кайдан жүрөт?

Орус казактарында кыргыз каны кайдан жүрөт?

Жыл этегинде өзүн эмигрант-казактардын урпагы эсептеген Григорий Красновдун «Откуда есть, пошла Семиреченская земля» китеби жарык көргөн экен, Чүй боорундагы Беловодское орус айлынын негизделишинин 150 жылдыгына деп. Окуй элекпиз, бирок башкалардын айтымында, адатынча падышачыл Орусия аскерлеринин (албетте, анын ичинде орус казактарынын) Казакстан, Кыргызстанга тийиштүү аймактарды Кокон хандыгы ж.б. эзүү-үстөмдүктөн бошоткону даңктуу, даректүү баяндалган имиш…

Албетте, биринчиден, Жети-Суу талашсыз тарыхый аймак. Бүгүнкү күнү ошол чектер 1924-25-ж. ишке ашкан Орто Азиянын улуттук-мамлекеттик бөлүнүшүнөн кийин Кыргызстан менен Казакстандын курамында калган. Ошол мейкиндик ченемдеринде учурда урпактары даңазалап жаткан орус казактарынын армиясы жаралган… Ошентсе да, совет учурундагы тарыхты бурмаламалайларды эске алганда, бул багытта жазылчу эмгектерге тактоолор, жеке улуттук, тарыхый аң-сезим менен мамиле кылышыбыз зарыл деп билебиз.

Эми айтар кебибиз саал-саал башка нукта. Айтып көнгөн орус казактары — казак насилине кайрылабыз. Аны баштапкы сандарыбыздын биринде сөз кылганбыз. Бирок Панкратион федерациясынын жетекчиси, айтылуу каскадер, есаул (казак офицердик жогорку чин) Эдил Молдалиев андагы баянга канааттанбай калганын айтып келгенинен, ал калтырган толуктоолорду берүү ыңгайын табалбай жүргөнбүз. Ыңгайы келди. Бул жолкусун казачестводон кыргыз тамырын издейбиз.

 

Казактар — эркин адамдар

Эдил Молдалиев казакта да көчмөн кыргызга таандык эркиндикке умтулган багынбас, жигиттик кайрат, эрк, шайдооттук, шамдагайлык сындуу сапаттар жолугат дейт. Айтымында, «казак» үй-жайсыз, эр жүрөк чабандес, шамдагай атчан аскер, майданда алдыңкы сапта согушкан, чалгын жана күзөт иштерин аткаргандар болушкан. Алар илгертен адамзат кыялы болгон азат жашоого умтулуп, андайлар уруу-жамаатынан үзүлүп өзүнчө жолго түшүп, айланасына топтолгондор менен күжүрмөн кошуундарга айланышкан. Алардын тутунганы теңчилик, туугандык, эркин тиричилик алакалары болгон. Көпчүлүктүн тилинде казактар — эркин адамдар деп мүнөздөлгөн.

 

* * *

Кыпчак талаасында бир жаралган кыргыз каганаты саясий салмагын, биримдигин жоготуп баштаганда (11-к. башы) кумык, кыпчак, канглы, дөөлөс, дулат ж.б. уруулардын ажырым-ажырым кеткен аскердик бөлүктөрү, орусча айтканда, казаковать — узакка созулган аскердик чапкындарга барышкан. Ошондуктан, «казак» сөзү бул кылымдарда — уютку кошуундан бөлүнүп калып, дүйнөнүн ар кыл бурчунда — Чыгыш Европа, Закавказье, Русь, Индия жана Египетте баскынчылык менен жер кезген аскердик күч деп түшүндүрүлөт.

 

* * *

14-15-кылымдарда «казак» термини кыпчак талаасында (азыркы Казакстан аймагы) көчүп-конгон кыргыз уруулары жамаатташып бириккен түзүмү катары түшүндүрүлөт. Кийинчерээк орус жергесинин түштүгүндөгү талаа-түздө социалдык тайпа — казачество пайда болгон. Анын өзөгүн чыгыш славян элинин Тындын (Дон дарыясынын кыргызча аталышы) наркы бетине качып-бозгон, кыргыздардын аскердик кол өнөрчүлүгүн жана курал-жарактарын ала кеткен өкүлдөрү түзүп калган. Алар жогорку бийлик тутумун түзүшүп, башына атаманды (Эдил Молдалиевдин чечмелөөсү боюнча, кыргызча «ата-мен» — «мен силердин атаңармын») шайлап башташкан. Негизги жашоо мүнөзү аскердик болгон казактарга көчмөн кыргыздын таасири күч болгонун биздин маектешибиз «богатырь» (баатыр), «есаул» (жасоол башкы), «караул» (кароол), «булат» (болот), баламут (ор. ребячество — кырг. балалык кылуу), «бельмес» (билбестик) ж.б. сөздөр менен бекемдейт.

 

Кыргыз кыйырында…

Орус казактарынын кыргыз жерине келиши падышачыл Орусиянын Орто Азия аймагын күч менен каратуусу менен байланыштуу. Алар бул аймактагы кыйырларды, Орусия империясынын чет-жакасын кайтарганы келишкен. Алардын урпактары (Орусияга кеткени бар, кеткени жатканы бар, кайра кайтканы бар) бүгүн 12 миңден ашуун үй-бүлө. Тарыхый мекенине кайткандары кетиш себеби катары Кыргызстанда казак духун сактай албаганды баса көрсөтүшөт (барган жеринде беришкен маалымат жыйындарынан көрсөңүздөр болот). Бул жерде аларга андай мүмкүнчүлүктү ким бербей жатканы белгисиз. Бирок, илимий байкоо-талдоолор боюнча, бир эле Кыргызстан эмес, басымдуу көп өлкөдө муун алмашкандан салт-жөрөлгөнү өткөрүп берүүчүлүк адаты начарлап, казак кандай болушу керек жана азыр кандай деген ажырым казачествонун ичинде өзүнөн-өзү чоңоюп келет. А бирок, Эдил Молдалиевдин айтымында, казачествонун Кыргызстан үчүн тарыхый салымы зор. Казак карманган осуяттар камтылган Казактын Абийир Кодекси дүйнөлүк дин таанымдарындагы осуяттар, насааттар орун алган. Казак болуп дилиңди, диниңди, улутуңду өзгөрт деген нерсе айтылбайт ал жерде, жеке инсандык, улуттук насилиң өзүңдө калат…

Кыскасы, «кыргыз жерине орус казактары кирген орус армиясынын келиши Байтик баатыр, Курманжан датка, Шабдан баатырга казак чиндерин берип, элди-жерди багындыруу — сый тартуулоо, чин тартуулоо саясаты менен коштолсо да, бүгүнкү күндө күч түзүмдөрү, чегара чектерин коргоо жаатында казачествону айкалыштыруу жакшы жыйынтык бермек» дейт есаул мекендешибиз. Айтмакчы, Эдил Молдалиев баштаган каскадерлор режиссер агабыз Садык Шернияздын аталган тарыхый инсандардын доорун чагылдырган «Курманжан датка» тарыхый тасмасында тартылып жатышат. Угушубузча, орус казактары катышкан эпизоддор да алардын аткаруусунда ишке ашкан. Себеп дегенде, ал үчүн чакырылган казачествонун өкүлдөрүнөн майнап чыккан эмес. «МСН» гезитинде айтылгандай: «…Как выяснилось, потомки некогда грозного воинства в большинстве забыли навыки предков, связанные с верховой ездой, и с трудом держались в седлах, а то и падали с лошадей почем зря» («МСН», 23.08.2013).

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы,
«Баягы Асаба», 14.01.2014-ж.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.