Сандар сайрап, жоромол-дөдөмөлдөр көп

Сандар сайрап, жоромол-дөдөмөлдөр көп

Эски жылда экономика кыймылы өкмөт баасы боюнча тиешелүү деңгээлде жандуу болгон. Бул жылдын божомолу да андан кем калбайт. Албетте, маалым болгондой, бардык эле жандуулук баарыбыздын астыбызга аш тартып, колубузга иш карматпайт.

Айтымында, статистикалык маалыматтар боюнча, өлкөбүздүн 5,8 млн калкынын 2,5 миллиону (43% ы) экономикалык активдүү жаран катары эсептелет. Ошол активдүүлөрдөн иштеп жатканы — 2,3 миллион. Калганы үчүн иш орундары жок, жумуш таап берчү мекемелерде 95 миңдей адам каттоодо турат, камсыз кылуу аракеттери болсо, чабал. Болжол менен 44 миңдей бош иш оруну табылса, бир орунга 13 адам талапкер…

Азырынча абал ушундай, жакшырып кетчү жагдай күтүлбөйт. Республикалык бюджетибиз да, бул жылдын эсебинде, экономикалык эмес, адаттагыдай көбүрөөк социалдык чыгымдоолорго жумшала тургандай кабыл алынды — 52% ы социалдык төлөмдөргө кетет. Инфляция деңгээли 7,8% чегинде кармалып, мамлекеттик бюджеттин кирешеси гранттар менен чогуу алганда 106 млрд 6 млн сомду, чыгымы 124,6 млрд сомду түзүп, дефицит 17 млрд 924 млн сом болот. Финансы министри Ольга Лаврова өзү да бул жылы да «экономикалык маселелер жетиштүү каралбай калды» деп капаланган. Ал эми ЖКнын Бюджет жана каржы комитети «2014-жылдын республикалык бюджетин жана 2015-2016-жылга божомолду» талкууга алганда, «өнүгүү бюджети эмес, жөн гана чыгымдар сметасы» деген сын айткан.

Ал эми экономика министрлиги экономикада жандануу болот дейт. Айтымында, аны бул жылы ишке кирчү өндүрүш объектилери аздыр-көптүр камсыз кылат. Кара-Балта шаарындагы мунайды иштетүүчү завод, алтын, жез кендери («Талдыбулак Солжээк», «Бозымчак», «Иштамберди», «Кыргызалтындын» балансындагы Солтон-Сары жана Терек-Сай), Түндүк-Түштүк жолун курууга келчү ири инвестиция ж.б. Быйыл ИДП өсүшү 6,9% ды түзүп, 400 млрд сомго жетет. Бул өсүш экономиканын бардык тармактарынын үлүшү болот. Алгылыктуу салымды тейлөө тармагы (2,5% ), өндүрүш (2,2% ), курулуш (0,9% ), айыл чарба (0,3% ) кошот.

Көз карандысыз эксперт Нуржан Токтогулованын пикиринде да, 2014-жылдагы экономикадагы өсүштү аздыр-көптүр өнөр жай жана тейлөө сферасы берет, курулуш жана айыл чарбада өсүш анчалык болбойт.

Негизинен бул жана кийинки жылдардагы экономикалык өсүш сырттан келчү каржы булактарына муктаж. Биринчи премьер-министр Жоомарт Оторбаев ИДПнын 80% ына жеткенге чейин ала берсек да кооптуу эмес деп айтып да жиберди. Мамлекеттик карыз ИДПга карата башка өлкөлөрдө, маселен Европа өлкөлөрүндө 100% , Японияда 200дөн да ашык деп мисал кылып, «жакшы эле көлөмдө карыз алгыдай мүмкүнчүлүк бар бизде» деди. Бирок буга айрым экономисттер макул эмес. «Өнүккөн өлкөлөр менен салыштыргыдай экономикалык кубат жок Кыргызстанда. Үстөккө-босток ала берсек, коллапска учурайбыз, Буга чейин келген акчаны тыңгылыктуу өздөштүргөн жокпуз, азыркы карыз деле 3,5 млрд долларды түзүп олчойуп турат, эмнеге жумшалды, эмнеге мынчалык өстү — билген киши аз. Тышкы карыз өссө, ички кыйынчылыктар башталат» дешет.

Негизинен, экономика министринин орун басары Данил Ибраевдин окурмандар менен болгон онлайн-баарлашуусундагы пикири боюнча, дүйнөдө экономиканын оптималдуу өсүшү толук орун алган жер жок, мындайга умтулуу гана бар. Ошондой дымак Кыргызстанда да жок эмес…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы,
«Баягы Асаба», 14.01.2014-ж.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.