Табылды Актанов, актер: «Кемпириме түрттүрткөн машинам бар…»

Табылды Актанов, актер: «Кемпириме түрттүрткөн машинам бар…»

Ар кыл талант ээси — актер, комузчу, төкмө, драматург, жазуучу, обончу, аткаруучу Табылды Актанов менен маек курдук. Ал кишиде эл айтып жаткан үйүр жылкы, эки кабат үй, дача жок экен. Бирок, калеми менен чоң ийгилик жаратыптыр…

— Таке, өткөн жыл сиз үчүн кандай жыл болду?

— Өткөн жыл мен үчүн жакшы жылдардын бири болду. Эң башкысы денсоолукта болуп, эл-журттун кашында, тууган-уруктун арасында, үй-бүлөнүн башында болдук. Тирүүчүлүктүн өзү бакыт эмеспи. Өткөн жылдагы дагы бир жакшы жаңылык — Түркиянын Кони деген эски чоң шаары бар экен — ошол жерде театрлардын эл аралык фестивалы өттү. Менин «Жан азык» деген пьесам Т.Абдымомунов атындагы улуттук академиялык театрда жактырылып, ошол пьеса менен ат чабышка катыштык. Ал жерде 20дан ашык мамлекеттен барган театрлардын ичинен баш байгени (гран-при) алдык. «Евразиянын эң мыкты драматургу» деген сыйлыкты мага беришти. Экинчи чоң кубанычым — «Тыныбек, Актан,Табылды» деген китебимди демөөрчүм — «Дордой-Плазанын» баш мүдүрү Улукбек Салымбековдун жардамы менен чыгардым. Бул китеп кийинки муундарга жакшы тарых, жакшы сабак. Анткени бизде кыргыз адабиятында өнөр адамдары жөнүндө чыгармалар аз. Көркөм адабиятта деле биздин, өнөр адамдарынын, тарыхы негизи аз да, эки-үч чыгарманы атаганыбыз эле болбосо. Ал кездеги идеология ошондой экен, жалаң райком, башкарма, парторг, чабан, саанчы жөнүндө повесть, романдар жазылчу. Өнөр адамдары жөнүндө бир-эки эле романды билем, Атай, Токтогул жөнүндө, ал да толук эмес. Аларда ошол замандын идеологиясына карата жазылган, көп нерселер жаап-жашырылган, урунттуу жерлери айтылбай кеткен. Мурдагы муундагы, кийинки муундагы өнөр адамдары бар арабызда, айрымдарын билем — 70-80ге келип калышты, алар жөнүндө жазылгандар жок. Негизи жашоо ушундай экен да — ата бүтүрбөй кеткен ишти аркадагы бала, муун бүтүрүшү парз. Ошол чыгарманы жазып бүттүм. Кудай буйруса, эл окуп жатат.

— Обон жаратып жатасызбы?

— Бир топ обондор жаралды. Биз ортоңку муундун обончулары — Атай, Муса, Шералиевдерден кийинки обончулар — Рыспай акеден баштап Тагаев, Казаков, Керимбаев — 80-жылдардын ортосуна чейинкилер орто муун деп аталып калбадыбы. Ошолордун ичинде мен да өз ордумду таап, чыйырымды салып келатам, бирок мезгил өткөн сайын мурункуларыңдан жакшы обон жараткың келет экен элге. Бирок андай терең нерсени азыркы муун анча этибарга албай, жакшы түшүнүгү жетпей, кандайдыр бир эски, архивдей нерсе катары баалашкан көрүнүштөр зээнди кейитет. Бирок чыгармачылыкта андай болбошу керек. Театрда ушундай айтылат, көрүүчүлөрдү, элди ээрчибеш керек, тескерисинче элди ээрчитиш керек. Ошого карап түздөнөт окурмандар, көрүүчүлөр. Ошондуктан мен да азыркыларды туурап тайралаңдаган обондорду жаратайын деген ойдон алысмын. Жеке турмушта да жакшылыктар болуп жатат, Кудайдын кулагы сүйүнсүн. Киного тартылдым. «Аят-3» деп, Азамат деген жигит тартты. Эрнист Абдыжапаров жакында «Беш миң сом» деген комедия тартты, ага тартылдым. 3-4 образ жараттым кинодо.

— Манасчылык жагынан да өнөрүңүз бар эле…

— Манасчылык бала кезден эле ойлоп келаткан иш. Бирок манасчы болуу менин жеке түшүнүгүмдө оор, жооптуу нерсе. «Манаска» адамдын акылы жетпеген сыяктуу эле манасчылык өнөр миңден бирге берилчү ыйык касиет. Бирок азыр уучубуз куру эмес, балдар айтып жүрүшөт. Манас айтсам деген жеке ниетим эс тарткандан бери келатканы менен, азыркыга чейин даай албай келатам. Кудай буйруса жылкы жылын төлгө кылып турам, балким элдин алдында манасчылык өнөрдү сынатып көрсөмбү деген ой бар.

— Көлдөн дачабы, коттеджби, сатып алган имишсиз. Бишкектен да хан сарай сатып алыптырсыз…

— Ошол айтып жаткандардын тилеги оозунда бардыр. Айткандары дал келсин ошолордун. Азыр кемпир экөөбүздө үй жок, баламдын үйү бар, ошол жердебиз. Үй ала турган акчабыз деле жок. Көлдө деле эч нерсебиз жок. Дачаны ала турган шай жок болчу, Аскар Салымбеков деген иним сатып берген. Биз, мындайча айтканда, фанаттарбыз да. Мен өнөрүм болсо болду, Кудай денсоолук берсин деген эле адаммын. Дүйнөдөн да ушинтип эле өтөт болушум керек. Болуп калса кантип жок демек элем, колдоочу чыгып калса, «кокуй, жети атасынан бери өнөргө кызмат кылган аксакал эле, пайгамбар жашынан өтүп баратыптыр, жок дегенде, өмүрүнүн кийинки жылдарын канча жашайт, жакшынакай жылуу үйдө жакшы чыгармаларды жазып, жакшы обондорду жаратып, жакшы ролдорду ойносун» деп чыгып калган сүрөөнчүлөр болсо, кантип эле «жок, мага кереги жок» дейин. Ош, Орто-Сай, Аламүдүн базарларында эт саткандардан үч таанышым бар, базарга кирсем эле ой-боюма койбой «акчаңыз болгондо таштап өтөрсүз, сиз бербей коймок белеңиз» деп 5-10 кило этти колума кармата салышат. Ошол касапчылардын деми менен бир-эки жума илхом байлап, канаттуу ат минип, жаңы кайрыктар келип, жаңы образдар көз алдыга келе берет. Комузду да шартылдатып шаңдуу чертип калам кемпиримдин алдында. Анын сыңарындай, «мына, мобу үйгө жашай бериңиз, баланчасын биз төлөп койдук, калганын тыйыныңыз болгондо четинен кутула берерсиз» деп бирөө-жарым болбосо, маданият министрлиги, балким президент өзү көңүл буруп койсо го? Спортсмендер го, шарт түзүп берсе кайсы өлкөгө болбосун кетип кала берет экен. Ал эми улуттун улут экенин сактап келаткан бизге окшогон өнөр адамдары антип кетип калалбайт турбайлыбы. Биз Кыргызстанга гана керекпиз да.

— Нарында үй, гектарлаган бак-шак, үйүр-үйүр жылкысы бар деп уктук эле, же жалганбы?

— Бул жактагы кичинекей дачаны оңдойбуз деп Нарындагы үйдү болор-болбос тыйынга, кыргызча айтканда, ит бекерге сатканбыз. Ал жакта эч ким албайт. Ортого киши салып жатып араң сатканбыз. Үйүр-үйүр жылкы дейсиз, ал 2-3 эле бышты, кунан болчу, апабыздын көзү өткөндөн кийин сатканын сатып, эчак ичип-жеп кулкунга куюп койгонбуз баарын.

— Минген күлүгүңүз «Лексус» дейт го?

— «Лексустай» дебегенде кантейин. «Ниссан» деген тайдай болгон, жердин битиндей кыбыраган машинем бар. Мен Таш-Мойнок деген айылда жашайм да. Кар калыңыраак жаап койсо эле ошол тайым Таш-Мойноктун ой-чуңкурунан чыгалбай, кээде кемпириме түрттүртөм айла жок. Ошондойду киного тартып алышса го, даяр кадр. Эр Төштүк жердин алдына түшүп кеткендей чуңкур жерлерде дачалар бар, асман эле көрүнөт, башка эч нерсе көрүнбөйт. Ошондой жерде жашайм. Бир чети чыгармачылыкка жакшы жер. Ал баланыкы дебедимби.

— Жылкы жылындагы план­дарыңыз кандай?

— Быйыл түрк өлкөлөрүндө Токтогулдун 150 жылдык чоң мааракеси белгиленет, ошого өзгөчө даярдык көрүп жүрөм. Сакалымды жөн өстүрүп жүрүптүрмүнбү, байкаган жоксуңбу.

Маектешкен Машакбай РАХМАНКУЛОВ,
«Баягы Асаба», 14.01.2014-ж.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.