Тогуз коргоол үчүн бар байлыгын саткан баатыр

Тогуз коргоол үчүн бар байлыгын саткан баатыр

Бир ирээт «тогуз коргоол үйрөнүп ойнойбуз» деп тактасын таппай эсибиз ооду эле. «Кыял» менен «Айчүрөктө» жалаң эле сувенир белек катары жасалып, баалары да өтө кымбат. 2013-жылдын 11-17-декабрь күндөрү Бишкекте Ч.Айтматовдун 85 жылдыгына арналган тогуз коргоол боюнча эл аралык таймаш өттү. Федерациянын президенти Камчыбек Касымовду кепке тартып, оюндун жандануусуна шарт түзгөн оюн ышкыбозу Муратбек Кийизбаев айдап жүргөн менчик машинесин сатып, акчасына тогуз коргоол такталарын чыгара турган аппарат жасатканын угуп, Муратбек мырзаны таап маек курдук.

— Муратбек мырза, оюн үчүн күйүп-бышып, айла кеткенде айдап жүргөн машинеңизди сатып тогуз коргоолдун тактасын чыгарган аппарат жасаттыңызбы же мындан бизнес кылса болоорун билип ушул жагын көбүрөөк ойлодуңузбу?

— 1990-жылдары ИИМ мектебинде сабак берип жүрүп, Абдисалим Чылымов менен таанышып, тогуз коргоол үйрөнүп, кызыгып калдым. Балдарга да үйрөтө баштадык. Ал кезде ойной турган киши аз, такталар да саналуу болуп кыйналып жүрдүк. Кийин мен №38 мектепке келип кружок ачтым. 1996-жылы Аалы Бектургановдун жаркын элесине арнап алгачкы мелдешти уюштурдук. Мелдешке болгону 20-30 оюнчу катышат, аларга да такта жетишпейт, бар болгону 5-10 тактабыз бар экен, кезек күтүп ойнойбуз. Ойной турган жерибиз да жок, үч күн үч башка жерге ойнодук, самсаалап жүрүп мелдешти да бүтүрдүк. Бирок ал мелдеш тогуз коргоолдун андан ары жандануусуна чоң түрткү болду, анткени намыстанып калдык. Бир күнү мени телевидениег чакырып, теле аркылуу тогуз коргоол боюнча сабак өтүп бериңиз деп калышты. Уулум менен кызымды жаныма коюп алып, 10 күн телесабак берип жүрдүм. «Өткөн сабакта мындай болду эле, эми муну үйрөнөлү» деп сабак өтүп жүргөнбүз, бир күнү уулум: «Ата, көрүп аткан элдин тактасы жок болсо кантип үйрөнөт?» деп калды. Анан федерациянын президенти А. Чылымов жыгачтан миңдей такта жасатты. Бирок ал көтөрүп жүрүүдө оор, шариктери да ар кандай, арасында данектер да бар, жыгач тактага суу тийсе жарылып, айтор ыңгайсыз эле. С. Момбеков да тогуз коргоол ойноп калаар эле, абалды көрүп, бир күнү депутат Болот Шерге ээрчитип барды. Ал кезде депутаттар улуттук оюндар жөнүндө мыйзам жазышкан эле. Болот Шер «аракет кылгыла, жардам беребиз, бирок акча бералбайбыз» деди. Такта жасатууга акча керек эле, эч ким бербей айла кеткенде эл ташып иштеген «Фольксваген» машинемди саттым. Такта чыгара турган аппарат жасаталы деп «Сетунь» заводуна, Физприборго, андан чыгып пластмасса чыгарган заводго чейин бардым. Баалары өтө кымбат же жасабайбыз деп баш тартышат. «Сетунь» заводунан бир уста өзүнчө цех ачып бөлүнүп кеткенин угуп, издеп таап, бааларыбыз да келишип макулдашып, конструкторго заказ бердик. Анын акчасын бералбай, айлык жетпей жүрүп, 2002-жылы баштаган ишимдин жыйынтыгы 2005-жылы аягына чыгып, такта жасай турган аппараттуу болдум. Анан аппарат тапкан менен, такта жасай турган пластмасса табылбай эсибиз ооду, анткени пластмассанын да түрлөрү болот экен. Тогуз коргоолго жарай турган пластмассаны эле жарым жыл издеп таап, такта чыгарып баштаганбыз. Пластмасса биз үчүн азыр да баш ооруткан маселе. Тактасы бүтcө, шариктери да өзүнчө маселе болду. Акыры аны да чечтик, бирок жасаган тогуз коргоолдорум өтпөй, карызым көбөйүп убара болуп жүрдүм.

— Азыр абал кандай? Маши­наңызды сатып, сарптаган акчаңыздын орду турдубу?

— Азыр жакшы, сурагандар бар, федерациянын президенти Камчыбек аркылуу заказ берип алып турушат. Баткендин акими кызыгып 40 такта заказ берип алып кетти. Саталы деп базарларга берсем, «өтпөйт, сураган киши жок» деп кайра беришет. Айтор акыры жумшаган акчамды төрт жылда актады окшойт.

— Өкмөт демилге кыла турган ишти жасаган экенсиз, өкмөт колдоп же ыраазычылык билдирдиби?

— Жок, антпеди. Оюнчулар ыраазы болуп, рахматын айтып жүрүшөт. Жумамүдүн деген бир оюнчубуз бар, «намыска жарап бердиң» деп колумду кыса кармап калат.

— Элге таанымал адамдардан, саясатчы же маданият ишмери болобу, айтор тогуз коргоолго кызыгып же ойноп жүргөн бирөө-жарымды билесизби?

— Менин билишимче, саясатчылардан эч кимиси жок. Кубат Картанбаев деген бир жигит тогуз коргоолду компьютерге салам деп аракет кылып, программасын 1994-жылы баштап, 2000-жылы бүттү. Каалагандар азыр компьютерге орнотуп ойной алышат.

— Оюндун өзгөчөлүктөрүнө токтоло кетсеңиз?

— Логикалык ой жүгүртүүнү өркүндөткөн оюн. Жалпысынан алганда ар бир үйдүн аты бар, мисалы — куйрук, ат өтпөс, текилдек, далы, бел, ак колтук, эки тиштүү, көк моюн, ооз деп ар бир үй аттын мүчөлөрү менен айтылат. Шариктерди коргоол эмес, ат деп коет, «канча атың бар» деп сурайт. Аты жок калганды «атсырап калды» дейт. «Жүр» дебей, «көч» дейт. Оюндун философиясы боюнча А. Чылымов диссертация жазып жатат, оюндун философиясын азыр айтпай, ал кишинин илимий эмгегин күтө турганыбыз туура болот го. Айдаркулов «Кыргызстан маданиятына» «Тогуз коргоол көчмөндөрдүн көөнөрбөс эстелиги» деп макала жазган. 1874-ж. орус окумуштуусу Г. С. Загряжский «Туркестанские ведомости» журналына кыргыздарда ар бир боз үйдө тогуз коргоол бар деп жазган. Венгр окумуштуусу Ж. Алмаши 1902-ж. диаграмма түрүндө кенен жазган. П. Казыбаевдин венгр күйөө баласы БГУда «Ардактуу профессор» наамын алып жатканда которуп берем деп убада кылып кеткен. 1937-жылы болгон алгачкы мелдеш тууралуу маалымат жокко эсе, 1949-жылы 1-спартакиада болгон. Анан ортодогу бир топ мезгилде үйлөрдү тамга жана 18 сан менен белгилеп, 1974-жылы 9/9 деп бөлдүк. 2005-жылы эл аралык стандарт болсун деп тактаны ак-кара кылып бөлүп, байыркы кыргыз тактасына жакындатып чыгардык. Эрежеси оңой, бирок эсептеген татаал. Универсиада өтүп, мектеп программасына да кирди. Дене тарбия жана спорт академиясында Улуттук спорт түрлөрү боюнча кафедрага тогуз коргоол боюнча былтыр 8 бала тапшырып, окуп жатышат.

Урмат КЫДЫКБЕКОВ,
«Баягы Асаба», 14.01.2014-ж.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.