Кызыл-Туу – Асык

Кызыл-Туу – Асык

Башынан ак мөңгү кетпеген, чалкыган көк асманды тиреп, түркүк болуп тургансыган Ала-Тоолуу аймак менин кичи мекеним. Күн батышынан аккан суулар бири-бирине кошулуп, Кара-Коюн дарыясы агымын улап, Чеч-Дөбөнүн күн батыш жагын айланып өтүп, күн чыгыш жагын айланып келген Ат-Башы дарыясына барып кошулуп, түндүктү карай агымын улап, Кептеш, Шайтан көпүрө деген капчыгайлардан агып өтүп, улуу Нарын дарыясына барып кошулат.

Ат-Башы өрөөнү учу-кыйрына көз жетпген кенен өрөөн, талаа. Айланта бийик таш зоокалуу Ала-Тоо менен курчалган өзүнчө эле чеп коргон. Күн чыгышында Кында деп аталган бийик ашуу бел бар. Күн батышында Түзбел деген дабан ашуу бар. Аны менен Арпага, Аксайга, Торугартка, Кытай Республикасына каттоого мүмкүнчүлүк болот.

Ошол улуу Жибек Жолунун боюндагы чакан айыл менин туулуп-өскөн кичи мекеним — Кызыл-Туу деп аталган Асык айылы. Айыл эки кыштактан турат. Бирин Кызыл-Туу-Асыктар айылы, экинчисин Кара-Булуң-Чагалдактар айылы деп аташат. Бул эки айылда 1,5 миң түтүнгө жакын эл жашайт. Жашоочулары 8500дөй адам. Кызыл-Туу айылында 550 окуучулук орто мектеби бар. Мында 45тей мугалим иштейт. Алардын 25чеси эл агартуунун мыктысы. Директору Керималиев Ниязбек 22 жылдан бери үзүрлүү иштеп келатат. Бир ФАП бар, анда иштеген 5 медициналык кызматкер айыл элинин ден соолугун көзөмөлдөшөт. Эки кабаттуу 500 орундуу клуб элге кызмат көрсөтүп келатат. Айыл округунда иштеген он кызматкердин көбү жогорку билимдүү. Эки китепкана бар. Айыл таза суу менен камсыз болгон. Таза суу 2-3 чакырымдан жер алды менен түтүктөр аркылуу алып келинип, айылдын көчөлөрүнөн өткөрүлгөн. Клубда, мектепте телевизор, телефон, күн батареялары бар. Ар бир түтүндө 5тен чөнтөк телефон иштеп атат.

Кара-Коюн дарыясынан баш алып, сугат жерине чыгарылган үч чоң канал элдин сугат жерлерин суу менен камсыз кылып турат. Ат-Башы өрөөнү мал киндиктүү жер болгондуктан, айыл жашоочуларынын негизги кесиби — мал чарбачылык. Ар бир түтүндө, эң эле жарды деген түтүндө 40-50дөн кой- эчки, эки-үчтөн музоолуу уй, эки-үчтөн жылкы, айрымдарында эшек, топоз, канаттуулардан 10-15тен тоок күткөндөрү бар. Айрым чарбачыл үй-бүлөрдө 400-500дөн кой, 80-100дөн жылкы, 25-26дан уй, 150-160тан чоң топоз күткөн дыйкан, малчылар жаралып калды.

Айылда тал-терек, кара тал, турпан тал, кара жыгач ж.б. бактын түрлөрү өстүрүлөт. Жашыл айылга айлантууга далалат кылган адамдар жыл сайын көбөйүүдө. Ал түгүл карагаттын түрлөрүн, итмурун, алма, алмурут, жаңгак, арча, карагай, чекенди, четин, чычырканак өстүргөн багбандар пайда боло баштады.

Бизде суу каат. Жазында күн ысымайын суунун келиши кыйын. Сууга, Ала-Тоо башындагы ак мөңгүнүн эрип түшүшүн күтүп, анан жетебиз. Ошого карабай арпа, буудай, айдама чөп, картошка, сабиз, пияз, ашкабак, түрп, бүлдүркөн айдап өстүргөн адамдар жаралууда. Айылдаштарыма тийиштүү, үлүшкө тийген 2000 га сугат жер, 1000 гектарча кайрак жерлери бар. Ал эми төрт түлүк малына бөлүнгөн жайыт жерлер абдан эле кенен. Менин ага-туугандарым, жердештерим айдоо, жайыт жерлерге муктаж эмес.

Бизде аба ырайы кескин өзгөрүп тургандыктан жылдын алты айы кыш болуп, катаал шарттан улам эгин, жашылча ж.б. өсүмдүктөр бышпастан үшүп кетет. Ошого карап жашоочулар көбүнесе табигый чөп өсүмдүктөрүн гана сугарып, түшүм алууга ылайыкташкан. Эми алма-алмурутту олтургузуп, кандай өсөрүн байкаштырып жатышат. Жер аянтынын арбындыгынан жердештериме ар бир жан башына 0,9-0,8 гектардан үлүш аянты тийген. Малдын арбындыгынан киши башына үлүшкө 10дон кой-эчки, 4-5тен топоз, 3-4төн жылкы тийген. Бирок бул малдар, колхоз мезгилиндегидей ветеринардык кам көрүү болбой калгандыктан, бат эле өлүп-житип жок болуп кетти. Жердештеримдин эмгекчилдигинен бат эле жогорудагы көрсөткөндөй малдуу болуп калышты. Азыр айылым, 35-40 миңдеген кой-эчки, 800дөй жылкы, миңдеген топоз өстүрүлүп, күтүрөгөн төрт түлүк малдуу айылга айланды.

Мурун бозоргон тамдуу айыл болсо, азыр бак-шактуу, чатырлары шиферленген, темирленген тамдар көбөйүп, айыл көркүнө келип жаркырайт. Элим эгемендүүлүккө жеткенден кийин бир топ убакыт өзүнчө тиричилик кылып кеткенге жарай алышпай тегеренип, турмушка багыт алалбай бушайман болушту. Анткени советтик доор аларды катуу теске салып мүчүлүштөтүп, ченеп, тамакты тарта ичүүгө, кийимди чактап кийүүгө, мал, оокат, буюмду ченеп күтүп урунууга көндүрүп, жашоого ченеп мүмкүнчүлүк бергендиктен, аркандап коюп оттоткон малдай кылып турмушка аркандап койгон. Ошого көнгөн эл эркин турмуш келгенде бир азга буйдалды. Бирок эгемендик алгандан кийин бат эле жашоого чыгармачылык менен мамиле кылышып, эмгек жасоого үйрөнүп, жалкоолукту таштап, эмгек гана жакшы жашоого алып бараарын билишип, тегиз кыймылдоого киришип, эмгекке бат эле көнүп кетишти. Алар Ат-Башынын шартында төрт түлүк мал өстүрүүдөн башка дыйканчылык ишин да жандандырса болоорун түшүнүшүп жер иштете башташты. Картошка Ат-Башынын шартында жакшы түшүм берээрин билишип, жыл сайын айдоо аянтын көбөйтүштү. Картошка айдаган жердин ар гектарынан 200дөгөн тонна түшүм алып жатышат. Жашылча, бакча өсүмдүктөрүн өстүрүп, түшүм алууга жетишип, аларды тамакка пайдаланышып, азыр жашылча жегенге да үйрөнүп калышты.

Айылымдын тургундарынын билим, илимге умтулуусу да күн сайын өсүүдө. Айылдагы орто мектепти бүткөн окуучулардын 80-90 пайызы жогорку окуу жайларына өтүп окушууда. Ушул эле айылдагы орто мектепти бүтүргөн Керималиев Жаныбек ветеренария боюнча илимдин доктору, Токтоболотова Г, Токтосунов, Качкыналиев, Керималиев Т., Мамбетова, Султаналиевге окшогон кулундарыбыз илимдин кандидаттары. Бейшеналиев А., Урстемов , Нурдиновдор республикага эмгек сиңирген врач. 40-50дөй жаштар эл агартуунун, медицинанын, айыл чарбасынын мыктылары.

Айылымдан чыккан талантуу­лар: Аманбаев А., Эшимканов М., Керималиев К., Майлиев К. белгилүү журналист, жазуучулар. Айылымдын даңктуу, эмгекчил уландары Салымбеков Аскар, Жолдошбаев Камчыбек жаш эгемен республиканын атын чыгарган даңктуу бизнесмендер, белдүү эмгекчил адамдар.

Асман тиреген, башынан ак кар, көк муз кетпеген, деңиз деңгээлинен өрөөн жерлери 2700-2800 метр, тоолору, Арпа, Ак-Сай, Бурган-Суу, Орто-Сырт өрөөндөрү 3500-4000 метр бийиктикте жайланышкан, катаал шарттуу чөлкөмгө менин асык уруум, жердештерим, туугандарым каяктан, кандай шартта, кандай себеп менен келип отурукташып калган? Бул өзүнчө тарыхый чоң, татаал суроо. Алла таала менин туугандарымы сүйүп ушул жерге алып келип туш кылдыбы же каарлап алып келгенби, айтыш кыйын.

Тарых беттерине эрте түшкөн, таш бетине аты биринчи чегилип жазылган улуу көчмөн элдин уңгусу болуп 40-50дөй урууну бириктирип, чоң империяларды, хандыктарды жаратып, батыштын элинин жүрөгүнүн сары суусун алган көчмөн эл Асык тукуму — менин уруум. Эми Асык уурусу жөнүндө мен кенен китеп да жазгам. Ага гезиттин бети чак келбес. Илгерки тарыхты китептен окуп алыңыздар.

1917-жылдан кийин советтик орустар келген мезгилде биздин айыл Ак-Дөбө, Чеч-Дөбөнүн батыш тарабы, Баш-Каракоюн, Орто-Кара-Коюн, Чет-Кара-Коюн аталган жерлер тийип, кыштакташып, тамдар салынып, эл отурукташа баштаган. Ак-Дөбө, Кошой -Коргондо жашаган Асыктардын кыштакташкан айылы Ак-Дөбө Асыктары, Кара-Коюн аймагында жашаган Асыктардын кыштакташкан айылын Кара-Коюн Асыктар айылы деп атап калышты. Элди коомдоштуруу жүргөндө Жангазиев Ыйманалынын жана Кызалаков Керималынын демилгеси менен кошойкоргондук асыктар «Ак-Дөбө» колхозуна, каракоюндук асыктар «Кызыл-Туу» колхозуна топтолушуп, коом түзүшту.

Кара-Коюндагы эки чарбадагы чарба мүчөлү бүт Асык уруусундагы адамдар болчу. Болгондо да Асык уруусунун Байкүчүгүнүн Жалжабаш деген адамдын балдары. Кыргыз Республикасынын бир да чөлкөмүндө ушул биздин Кызыл-Туу аталган Асык айылындай бир атанын балдарынан уюшулган чарба жок. Кыргыздын Гиннес китебине да «Ат-Башыдагы Кызыл-Туу айылы Кыргызстандагы бир уруудан турган жалгыз айыл» деп киргизишиптир. Бул биздин айылдын ар бир тургуну үчүн чоң сыймык, атак-даңк.

Эгемендүүлүккө жеткенден бери кыргыз элинин жашаган жери, жашоосу, шаарлары, район, облустары, айылдары, кыштактары, алтүгүл көчөлөрү, жолдору, ашууларынын аттары жаңыча аталып өзгөрдү. Ал эми биздин айылдын аты мурунку эле Кызыл-Туу- Асык айылы деген ат менен аталган боюнча жашап келетат.

Биздин айыл Кызыл-Тууга Жунусалиев Абдымомун, Кыдырбаев Жунус, Керималиев Бейшеналы, Байчакаев Токтогул, Жоошбаев Тентимиштердин ар бири үч жолудан башкарма болуп шайланып, чарбаны оңдоп, алдыга алып чыгышты. Алгачкы жылы, жаңы чарба курууда Жангазиев Ыйманаалы көп эмгек жасады. Чарбаны чарба кылып жаратты. Элди баш коштурду. Турмуш деңгээлин жакшыртты.

Ушул жетекчилер айылга мектеп, клуб, дан сактай турган кампаларды, мал кийире турган типтүү сарайларды салдырышты. Башкарманын кеңсесин, дүкөн, медпункт, чакан клуб, устакана салдырышты, суу сактай турган көл курдурду. Айрым жерлерге бак отургузушту. Б.а. айыл жашоочуларынын маданий-агартуу иштеринин деңгээлин кыйла эле жогорулатышты. Айрыкча айыл жаштарынын сырт жактан билим алуусуна көп көңүл бөлүштү.

Ушул айылдын жаштарын Шамеев Батыр Алиевичти Москвадагы медицина институтуна жиберип, атактуу хирург врач кылып чыгышты. Майлиев Аалыны ЗАКУга жиберип, майорлук наамга чейин жеткирди. Исаев Н., Жунушалиев М., Карынбаев М., Токтотемиров Д., Кыдырбаев Ж., Шоруков Ы. деген жаштардын Нарын, Бишкектеги педагогикалык окуу жайлардан окуп мугалим болуусуна шарт түзүп беришти. Шамеев Асан Жунушбаевичти Бишкектеги медучилищеге жиберип, медик, медбрат болуусуна шарт түзүп беришти. Шамеев Асан Ата мекендик согуш мезгилиндеги эң оор шартта 1942-жылы чейин чоң эмгек жасап, элди медициналык жактан тейлеп турду. Ал кезде медициналык кызматкерлер жокко эсе эле. Элди отурукташтырып, кыштакташтыруу турай-жай курдуруу иштерине Акибаев Отор, Токтоболтов Мамбет, Токтогонов Ыйманкожолор активдуу киришип,»Кызыл-Туу» аталган кыштактын салынышын камсыз кылышты.

Кызыл-Туу-Асык айылынан чыккан Асыктын чыгаан уулдарын атай кетейин:
Сопу-Ата — олуя, философ, устат, исламды кыргыз элине жайылтуучу; Ашым, Рай, Муратаалы — ойчул, акылман, футуролог олуя, бүт ооруларды көрүп дарылай билгендер; Келдибек-Карбос — манасчы, дастанчы, устат; Кызалак Той уулу — бий, элчи, табып, өлүп-тирилген адам; Керималы Кызалак уулу — кербенчи, багбан, изилдөөчү, сөз баккан адам; Эшимкан — ачкачылыкта элин баккан мергенчи; Белек уулу Таштан — табып, окуп айыктырган; Үрүстөм уулу Сайдин — гипнозчу; Сайдинов Жунус, Бакирдин, Шүкүр — түкүрчү, демчи, ооруларды дуба менен айыктырышкан.

Андан кийинки жаштардан шыпаагер аталарынын жолун жолдогон врач-дарыгерлер:
Шамеев Батыр, Шамеев Асан, Бейшеналиев Айып, Эшимканов Асанаалы (Асек).

Илимий иштерге эмгектери сиңген профессор, доцент, ар түрдүү кандидаттыкты жактаган жаштарыбыз:
Султаналиев Ишенбек, Качкыналиев Калыбек, Керималиев Жаныбек, Токтоболотова Гүласал, Таштанов Үрүстөм, Мамбетова Г., Керималиев Талантбек, Өмүрбеков Токторбек.

Айылдан чыккан тарыхчы, дастанчы, жазуучу-журналисттер:
Аманбаев Аруун, Кермалиев Калкан, Майлыев Кемел, Качкыналиев Өзүбек, Эшимканов Мелис, Эшимканов Эрнис (Эрнис Асек уулу).

Менин Кызыл-Туу-Асык айылым такай өсүп-өнүгө берсин. Айылдын жаштары ыйман күтүп, биримдикти сактап ынтымактуу болуп, жогоруда аталган элдик ата-бабаларыбыздын жолун жолдоп, кыргыз элинин өркүндөп-өсүшүнө, мамлекетибиздин алдыңкы мамлекеттердин катарына киришине салымдарын кошо беришсин.

Калкан КЕРИМАЛИЕВ,
СССР, Кыргыз ССРинин Журналисттер союзунун мүчөсү,
Эл агартуунун мыктысы, дастанчы, тарыхчы, санжырачы,
Кызыл-Туу айлынын тургуну, Асыктын кулуну,
«Асаба», 30.01.2014-ж.

One thought on “Кызыл-Туу – Асык

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.