Надежда БАЗАРБАЕВА, жубайы: «Чолпонбек бала кездеги сүйүүм»

Надежда БАЗАРБАЕВА, жубайы: «Чолпонбек бала кездеги сүйүүм»

СССР дин эл артисти Чолпонбек Базарбаев тирүү болгондо быйыл 65 жашка чыкмак экен. 4-февралда эскерүү кечеси өткөнү турат. Кече алдында биз жакындары менен жаркын элесин эскердик.

— Надежда эже, эскерүү кечеси өкмөттүк деңгээлде өткөнү турабы? Маданият министрлиги менен чогуу эскерип жатсаңар керек?

— Жок, чоң масштабда өтпөйт, ал үчүн ага ири суммадагы акча керек. Маданият министрлигинде болсо андай акча жок, дегеле аларда дайыма эле акча жок го. Эскерүү кечеси жылдагыдай эле Опера жана балет театрында чакан чөйрөдө өтөт. Маданият министрлиги аталган театрга тапшырыптыр. Алар жылда эле өткөрүп келишет, дагы эле кызуу даярданып жатышат. Апрель айында фестиваль өткөрсөкпү дегенбиз. Ошону да ойлонуп жатабыз. Мен Чолпонго жума сайын куран окутуп, бейитине чейин барып турам.

— Чолпонбек агай менен качан, кандай жагдайда таанышкансыз?

— Таанышканыбыз да өзүнчө таржымал. 1957-жылы Кыргызстандан Тувага артисттер гастролдоп барып калышканда алардан Кыргызстанда балет мектеби бар экендигин угуп калдык. Экинчи партия менен мен Тувадан, Чолпонбек Ат-Башыдан келип, чогуу окуп, бир партада олтуруп калдык. Анда биз он бир жашта элек. Ал дайыма эле футбол ойноп, сабакка кечигип келчү. Аны билип калып, ойногон жерине эртерээк барып, шаштырып мектепке алып келчүмүн. Оюнкараак болгону менен сабакты жакшы окучу. Китепти бир эле окуп кайра айтып берчү. Мугалимдердин да айтканын бат кабыл алчу, эс тутуму мыкты эле. Экөөбүз бир туугандай чоңойдук. Бой жеткенде ортодо сүйүү пайда боло баштады. Сүйүүбүз баш кошууга алып келди. Ортодогу сүйүүдөн Нурлан аттуу уул төрөлдү. Экөөбүз тең окугандыктан, уулубуз чоң энесинин колунда өстү. Кийин Таалай төрөлдү.

Баш кошконуңарга агайдын ата-энеси, туугандары дароо эле макул болушту беле?

— Жок. Чолпон туугандарынан төрт ай суранып жүрүп чарчаса, мен аны күтө берип чарчагам. Анан экөөбүз олтуруп алып сценарий түздүк, ошо менен иш жүргүзө баштадык. Бакыт өргөөсүнө барып, ЗАГСка турдук. Кезегибиз келгенче немис дос кызым мага көйнөк, фата тигип берди. Аны кийип алып, такси менен Бакыт өргөөсүнө келип, 27-апрелде үйлөнүп алдык. Достор арасында чакан той өттү. Алар бизге бир керебет, терезе парда белек кылышты. Чолпондун чогуу жашаган дос балдары абдан түшүнүктүү болчу. Бизге комнатаны бошотуп берип, өздөрү квартирага чыгып кетишкен. Баары жакшы болгону менен «кайын журт кандай кабыл алат болду экен» деген суроо жүрөктү өйүп турду. Аны сезген Чолпон дароо үйүнө чалып, «үйлөнүп алдык» деди. Анан айла жок макул болуп келин кылып алышканы чындык. Кайын энем көзү өткөнчө биздин колдо болду. Чолпонбек каза болгондон кийин мени туткактап, ээрчип эле калган жарыктык апам. Мени караан тутчу окшойт.

— Колуңузда келин барбы?

— Нурлан уулубуз Алайдан келиндүү кылган. Аселя аттуу неберебиз бар. Нурлан келбес жакка кеткенден кийин келин да кетип калган… Андан кийинки балабыз Таалай. Үй-бүлөлүү. Эки баласы бар. Ал дипломат. Индияда элчиликте иштеп келген. Азыр бул жакта, Өкмөттүн бир бөлүмүндө иш кагаздары менен иштейт. Атасына окшоп патриот. Мүнөзү атасына окшош. Анын үстүнө атасына өтө жакын болчу. Нурлан менен Таалайдын ортосунда кызыбыз бар эле. Ал кичинесинде эле чарчап калган.

— Сиз Тува шаарынан болгондуктанбы, айтор сизди «бурят кызы» дешет. Кыргыз тилин келин болуп келгени үйрөнгөнсүзбү?

— Менин улутумду башка дегендер чоң жаңылышат. Мен кыпкыргызмын. Тувага отурукташып калган кыргыздар жөнүндө айтып, «кыргызмын» деп далилдеп, кыргыздар Енисейден тараган деп тарыхты айтып кирсем эле Чолпон «сен китеп жазчудай экенсиң» деп күлүп калчу. Биз ал жакта отурукташып калганыбыз менен, тилибизди жоготкон жокпуз. Эне тилимди кичинемен эле билчүмүн.

— Анда эмнеге атыңыз Надежда?

— Атымдын таржымалын билбейм, себеби ата-энемден жаш калгам. Чыныгы атым — Надя. Жашым өйдөлөп бараткандыгына байланыштуу Надежда деп өзүм атап алгам. Бул ысым Чолпонго да абдан жаккан. Ал: «Надежда болгонуң мен үчүн жакшы болду. Себеби мен сенден гана дайыма үмүттөнөм, сен менин үмүтүмсүң» деп калчу.

— Боорукер, берешен деп укканбыз…

— Өтө боорукер эле. Тыкан, таза, ак сөөк адам болчу. Жаркылдап эле турчу. Экөөбүз таарынышып калганда, бир мүнөткө жетпей кайра жазылып кетчү. Өтө жөнөкөй, кичипейил, намыскөй болчу. Министр болуп турганда, «жогорку билими жок эле министр болуп алыптыр…» деген сөздү угуп калып, намыстанып, Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырып, экзамен (анын ректору «өзүңүз министр болсоңуз, сизден кантип экзамен алабыз» дегенине карабай билет алган) берген. Бирок дипломунун үзүрүн көрбөй кетпедиби. Дипломун кармап калса да эмне, дипломун мага ыйгарышкан. Беттегенин берчү эмес. Тарыхчы болом деп КМУга жыл сайын тапшыра берип, төртүнчү жылы исфакка өтүп кеткен. Бирок көп гастролдоп жүрүп сабактарга жетишпегендиктен, 4-курста окуусун таштаганга аргасыз болгон. Кыргыз тарыхын билген жагынан алдына киши салдырчу эмес. КМУга мени да тарыхчы кылам деп тапшыртканда, мен «тилчи болом» деп филфакка тапшырып алгам. Таалай аттуу балалуу болгонубузда, балага карап 2-курста окууну таштап койгом.

— Азыр кайда иштейсиз?

— Азыр Чолпонбек Базарбаев атындагы хореография окуу жайында балет мугалимимин.

— Кара жумушка кандай эле?

— Эркекке ылайыктуу иштин баарын кылчу. Люстра жасачу. Ар бир бөлмөдө анын жасаган люстралары илинип турат. Люстраларды карап, аны сагынып мен олтурам…

— Тамакты тандап иччү беле?

— Абдан тандачу. Эттин жакшысын жечү, шорпонун тунугун иччү. Эртең менен жеңил тамак, творог гана жечү. Той-топурга барып калсак, «Надя, сен ооз тийип көрчү, мага болот бекен?» деп шыбырачу. Бирок мунун баары диета десек болот. Себеби, бийчилерге күчтүү да, ачуу да тамак ичкенге болбойт. Ошондон улам, биздин үйдө кесме көп жасалчу.

— Жакшы ырдайт деп да уктук эле…

— Чынында эле жакшы ырдачу. Ал ырдаганда баарыбыз муюп укчубуз. Анын ырын уккан достору: «Чолпонбек, жеке концерт бербейсиңби?» деп күлүп калышчу.

— Өзүңүз кандай ырдайсыз?

— Чолпонбектен ажыраганча ырдачу эмесмин. Азыр муңдуу, армандуу ырларды ырдап калбадымбы. Обону да, сөзү да (сөзү Ж. Мамытовдуку, обону А. Керимбаевдики) жакшы жазылган «Кусалык» деген ырды той-топурда ырдап калам.

— Чолпонбек агай түшүңүзгө киреби?

Көп кирбейт. Туура эмес иш кылганда кирип калат…

— Эмнеге, кимге нааразы эле?

— Билим берүү министрлиги менен маданият министрлигин кошкондо Чолпон «Экөөн кошконго такыр болбойт. Маданият деген тарых, а тарыхсыз эл болбойт» деп тамагы кургаганча айтып, таманы тешилгенче чуркап жүрдү. Ошондо эч ким уккан эмес. Мына кайра эле Чолпондун айтканы туура болуп, бөлүндү. Ушуга аябай нааразы болгон. Чолпон кызматка кызыкчу эмес, элдин кызыкчылыгын ойлогон адам болчу…

«Нокдаун» аттуу киного тартылбады беле. Андагы ролун кандай кабылдадыңар эле?

— Жакшы кабылдаганбыз. Тартылаарда мени менен кеңешкен. Дегеле тасмага тартылууга көп сунуш түшчү. Кайда болбосун мен жанында чогуу жүрчүмүн.

— Кызганып чогуу жүрчү белеңиз же..?

— Жок, кенедейибизден чогуу жүргөнгө көнүп калганбыз. Кайда болсо мени алып алчу. Кеңешчиси болчумун.

 

Кудайберген БАЗАРБАЕВ, иниси: «Балет бийчиси болот дешсе, ата-энебиз каршы болуп…»

— Кудайберген мырза, сиздердин бир тууган экениңерди эл билбесе керек? Канча бир туугансыздар?

— Сегиз бир тууган элек. Экөөсүн биз көрбөй калдык. Себеби, алар кичине кезинде эле чарчап калышыптыр. Алты бир туугандын ичинен да экөөбүз эле калдык. Чолпонбек агабыз үйдүн улуусу эле. Атабыздан жаш калдык. Чолпонбек байкебиз ата жүгүн мойнуна эрте алып, бизге атадай камкордук көрдү. Үй-бүлөгө өтө үзүлүп түшкөн адамдын жары да ошондой болсо жакшы экен. Жеңем да жакшы чыгып, байкеме өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болду. Жеңемдин бизге кылган эмгеги чоң, ошон үчүн апабыздай урматтайбыз. Жеңем менен байкемдин махабаты боюнча тасма тартса болот. Себеби экөөнүн сүйүүсү таза. Тээ бала кездеги сүйүүсүн сактап кала алышты. Экөө дайыма эгиз козудай ээрчишип жүрөр эле. Агам бой жетип калганда айылдан ар ким кызын айтып, ата-энебизге куда түшсө, байкем бардыгынан баш тартып, сүйгөнүнө жеткен. Экөө бактылуу жашашты. Биз үчүн үлгүлүү үй-бүлөдөн болушту. Агабыздын талантын өстүрүүгө да жеңемдин салымы чоң. Жолдошум өссүн деп өз өнөрүн артта калтырды. Тылы бекем үчүн байкемдин таланты ачылды десем жаңылышпайм.

— Кайсы жерде чоңоюп, өстүңөр эле?

— Атамдын кызматына байланыштуу ар кимибиз ар кайсы жерде төрөлүп, балалык чагыбыз ар кайсы айылда өттү. Мисалы, Чолпонбек байкем Кочкор районундагы Чолпон айылында төрөлгөн. Агабыздын атынын коюлушу дагы кызык. Атам апабызды Кочкордон жолуктуруп, баш кошуп, ошол Чолпон айылынан агабыз 1949-жылы 4-февралда жарык дүйнөгө келиптир. Агамдын аты айылдын атына байланыштуу коюлуптур. Ошондой эле асманда таң эрте жаркырап турган Чолпон жылдызындай болсун деген ниет да кылышыптыр. Ата-энебиздин тилеги орундалып, агабыз жаркылдап күйгөн чолпон жылдыз болду. Чолпон жылдызды көргөн сайын агамды эстейм.

— Кандайча балет бийчиси болуп калды эле? Бала кезден эле балетти жакшы көрчү беле? Мындай кесипти ата-энеңер кандай кабылдады эле?

— Анда келечекте ким болорубузду өзүбүз билмек кайдан? Ал кезде келечектеги кесибиңдин киндигин башкалар кесчү да. Тагырагы, тандоо комиссиясы. Алар ким эмнеге шыктуу деп айыл аралашчу. Дал ошондой бир комиссия айылга барып калып, байкемдин балетке шыгын байкашыптыр. Көрсөтүп бергендей бутун койгонун, бутунун учуна турганын көрүп, «келечекте балет бийчиси болот, окууга шаарга алып кетебиз» деп ата-энебизге айтышса, алар чочуп каршы чыгышыптыр. Өзгөчө апам көнбөй, ары ойлонуп, бери ойлонуп атып, акыры атам макулдугун бериптир. Ата-энебиздин батасы менен балет бийчиси болуп калган. Анан эле таланты менен элди тамшандырып, кыргыздын атын дүйнөгө таанытты.

— Өнөр, шык ата-энеден оошот эмеспи..?

— Туура. Атабыз артист болчу. Сабаттуу, билимдүү киши эле. Мурда сабаттууларды «башка жердин сабатын көтөргүлө» деп ар кайсы жерге жөнөтчү эмес беле. Туулуп-өскөн Малтава айылынан Шалта айылынын мектебине директор кылып жиберишкен. Анан Бишкек, андан кийин Базар-Коргон, Кочкор, Ат-Башыга чейин бардык. Апам да билимдүү адам болчу. Математика, физика сабагынан сабак берчү. Бир кесип менен 47 жыл эмгектенди. Ата-энебиз 1961-жылы Токмок шаарына келгенден кийин эч жакка жылбай, ошол жерди жердеп калышты. Азыр экөөнүн тең көзү жок. Атабыздан эрте калдык. Апабыз болсо, 2007-жылы көз жумду. «Энеден баланы айрыбасын» деп бекер айтылбаса керек кыргызда, агабыздан айрылганда аябай жаман болду. Дегеле баарыбыз үчүн оор жоготуу болду. Агабыздан 2002-жылдын 2-сентябрында айрылганбыз. Автокырсыктан каза болбоду беле… Андан бери 11 жыл өтүптүр. Агам башкача жан эле. Кабак-кашым дебей жаркылдап турчу. Атына заты жарашкан чоң тамгалуу адам эле. Бой көтөрбөгөн жөнөкөй, жароокер жан эле.

— Жакын досу ким эле?

— Эшик шыпырган кишиден жогорку кызматтагы адамдардын баары менен дос болчу. Ал кишиге тандап мамиле кылчу эмес. «Кеп кызматта эмес, адамгерчиликте» деп көп айтаар эле… Үйүнө не деген гана дөө-шаалар келчү! Шаарга окууга келгенде байкемдердин колунда болуп, атактуулардын баарын көрүп калдым.

 

Иса ТОКОЕВ, Ч.Базарбаев атындагы фонддун жетекчиси: «Романтик болчу»

— Фонд качан ачылып, кандай иштерди кылууда?

— Чолпонбекти унутпай, эстеп жүрөлү деген максатта 2011-жылы фонд ачканбыз. 2012-жылы марафон өткөрүп, элден түшкөн акчага Орус драма театрынын жанына айкелин тургуздук. Андан сырткары 4 китеп чыгарып, документалдуу 4 тасма тарттык. Ч.Базарбаев атындагы хореография окуу жайдын музейине экспонаттарды чогултуп жатабыз. Балет жаатындагы ардагерлерге ай сайын материалдык жардам берип, колдоо көрсөтүп келебиз. Ч.Базарбаев атындагы стипендиябыз бар. Жыл сайын мыкты окуган 5 студентке акчалай сыйлык берип турабыз. Чолпонбек менен 15 жашымда таанышкам. Сегиз жылдык А.С.Макаренко атындагы мектеп-интернатты аяктагандан кийин, Кыргызстандагы бий ансамблине артист болуп кабыл алынгам. Балеттин, театрдын көптөгөн артисттерин жакшы билчибүз. Чолпонбек өзү курактуулардан артист катары өзгөчөлөнүп тураар эле. Ал узун бойлуу, келбеттүү, келишкен жаш жигит эле. Романтик болчу. Спектаклдердеги Базарбаев бийлеген башкы партияга калк өзгөчө көңүл буруп, кызыгуу менен көрүшкөн. Спектаклден кийин Чолпонбек мени даярданчу бөлмөсүнө чакырып, маектешчүбүз. Мыкты маектеш болчу. Экөөбүз жашоо, чыгармачылык тууралуу көпкө чейин сүйлөшөр элек. Хореографиялык искусстводон жаңы актуалдуу маселелерди көтөрүп чыкчу. Сахнанын чебери болот деп ойлогон эмесмин.

Назира СААЛИЕВА,
«Асаба», 30.01.2014-ж.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.