«Суперсталь» дейби?

«Суперсталь» дейби?

Азыркы мезгилде илимий-техникалык жаңы ачылыштарды тез аранын ичинде өндүрүшкө киргизүү жана атаандаштык жагынан дүйнөлүк товарлардан бийик турган жогорку технологиялык заманбап буюмдарды чыгаруу — учурдун бирден-бир талабы. Биздин мекендешибиз, ойлоп табуучу жана окумуштуу Үсөнбек Касмакунов дүйнөлүк практикада биринчилерден болуп дат баспай турган болот тактайын ойлоп тапкан. Бул жаңы технологиянын өзөгүн нанотехнологиянын жаңы принциптери түзгөн. Жаңы ойлоп табуунун формуласы Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик боюнча уюмунун эл аралык бюросунда катталган. Болот тактасы тууралуу маалымат алуу үчүн Үсөнбек агайга кайрылдык.

— «Суперсталь» жаңы технологияны ойлоп табуу идеясы сизге кайдан келди?

— 1978-жылдан 1992-жылга чейин Политехникалык институтта «технология металлов» кафедрасында илимий кызматкер болуп иштегем. Ошол кезде жука металл чыгарууну ойлоп таап, 1985-1990-жылдары өндүрүшкө киргизгенбиз. Себеби Союз убагында автоунаа куруу жагынан Кыргызстан чет өлкөлөрдөн бир топ жылга артта калган. Ошого карабастан, дүйнөдө жаңы технологияларга болгон жетишкендиктердин бардыгына анализ жасап, 1989-1991- жылдары Липецк шаарында металлургиялык заводдо жаңы технологияны сыноодон өткөргөнбүз.

— Учурда сиз ойлоп таап, ишке ашырууга болгон аракетиңизди жумшап жаткан болот дүйнөдө барбы? Башкалардыкынан эмнеси менен айырмаланып турат?

— Эми окшоштору бар. Бирок, биздики биринчи болуп атат. Бул багыт боюнча Америка дагы, Европа дагы иштебейт. Япониянын «Кавасаки Сейтецу» деген компаниясы атаандаш боло алат. Бирок, алардын багыты бир аз башкачараак. Болот тактайынын башкалардыкынан айырмалуу эки өзгөчөлүгүн белгилесем: биринчиден, биздики жүз жылдап турса да, чирибейт жана бекем болот, технологиябыздын бирден-бир өзгөчөлүгү ушул; экинчиден, башкалардыкына салыштырмалуу арзан болот.

— Ойлоп тапкан техно­логияңызды далилдеш үчүн кандай документтер керектелет?

— «Муну чын эле сиз ойлоп тапкансызбы?» дегенди далилдеш үчүн дүйнөлүк практикада менчиктик укугун коргош керек. Технологияны дүйнөлүк практикада эки форма менен сатат. Биринчиси, биз кайсы мамлекетке сатканы жатсак, ошол мамлекеттен патент алышыбыз керек. Андан кийин гана ал технология биздин менчигибиз болот. Мындан сырткары «коммерциялык сыр» деген нерсе бар. Бул учурда патент албастан сатасың. Бирок, анын формуласын эч ким билбейт. Эгер ушул эки нерсе тең колуңда болсо, анда күчтүүрөөк болуп, сатканга дагы оңой болот.

— Каражаттан көз каранды болуп жатканыңарды депутат Каныбек Осмоналиев Жогорку Кеңеш жыйынында айтып чыкты. ..

— Каражаттан көз каранды болгонум ырас. Болотту чыгарыш үчүн жалпысынан 200 миң долларга жакын каражат сарпталат. Мени менен иш алып бара турган компаниялар кеминде эле 200 миң доллар сурайт. Мамлекеттен жардам катары бериле турган каражат болоттун жаңы үлгүсүн сыноодон өткөзгөнгө жана ойлоп табууларды Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдын менчик уюмунан каттоо, экспертизадан өткөзүүгө кетет. Каражат боюнча буга чейин президентке, премьер-министрге, спикерге кайрылгам. Бирок, эч жооп болгон эмес. Ойлонуп отуруп, ЖКнын Илим, билим, маданият боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевге кайрылдым. Кырдаалды түшүндүрсөм, өтүнүчүмдү бийликтеги мамлекеттик чиновниктерге жеткизем деди. Бул маселе учурда Өкмөттө каралууда. Окумуштуу, илимдин доктору, профессор Каныбек Осмоналиев учурунда Кыргызпатентте илим жагынан директордун орун басары, ошондой эле эл агартуу жана илим боюнча министр болуп эмгектенген. Ошол кезде илимий иштер боюнча кээ бир маселелерди талкуулоодо пикир алмашчубуз. Ал киши ошол жерден менин ишиме баа берип, жакшы таанып калган экен.

— Учурда кайсы мамлекеттин болот өндүрүү фирмалары менен иштешип жатасыз?

— Болот өндүрүү боюнча Американын эң күчтүү фирмасы бар. Алар заказды бир-эки жыл мурун алышат. Жетекчилери менен жолугуп, азыртан сүйлөшүүлөрдү баштадык. Жалгыз эле Америка менен эмес, андан сырткары Европанын эң алдыңкы болот чыгарган заводу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Жаңы технологияны сыноодон өткөрүү үчүн юристтер келишим түзүп, сүйлөшүп жатат. Мурун 1998-жылы, болотту Германиядан чыгарып көргөнбүз. Бирок, анда бир аз кемчиликтер кеткен. Ошону эске алып, анализ кылып, 2015-жылдан 2020-жылга чейин керек болгон болот өндүрүүнүн технологиясынын, стратегиясынын үстүндө иштөөдөбүз. Азыр Америкада 20 жылга керек болгон стратегия менен иштет жатат. Биз дагы дал ушундай стратегия менен жаңы технологияны киргизели деп жатабыз. Чет өлкөнүн адистери менен бир айдын ичинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эгер макул болушса, Америкага же Европага барып болоттун жаңы үлгүлөрүн чыгарабыз. Эгер андан өткөрсөк, жаңы технология сыноодон өтөт.

Маектешкен Кымбат ТУРДУБЕКОВА,
«Асаба», 30.01.2014-ж.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.