Акылбек Жапаров, экономист: «Арак ичкен жерден акча качат…»

Акылбек Жапаров, экономист: «Арак ичкен жерден акча качат…»

— Акылбек мырза, кечээ жакында «Борбордук Азия:2014-жылдагы чакырыктар жана тобокелчиликтер» аталышта тегерек стол өттү. Катыштыңызбы? Катышпаган болсоңуз, бул жыл эсебинде Борбордук Азияны кандай чакырыктар жана тобокелчиликтер күтүп жатат?

— Тилекке каршы, мен катыша албай калдым. Борбордук Азияда ар бир мамлекеттин даярдануусу, өздөрүнүн экономикасына жараша ар кандай. Эң эле оор акыбал Тажикстанда, андан соң Кыргызстанды күтүп жатат. Алдын ала ошону сезгендиктен Тажикстан да, Кыргызстан да учурда Орусия мамлекети менен түздөн-түз согуш куралдарын алып даярдыктарын көрө баштады. Борбордук Азияга эң чоң коркунуч ушу Афганистандан тарап аткан терроризм кесепети жана наркотиктин тарашы. Анткени, жаныбыздагы Казакстан мамлекети бир топ бутуна туруп алды. Таджикстанда деле, Өзбекистанда деле жаман эмес. Кыргызстанда деле байлар кедейлер көбөйүп, ушул наркотикти колдоно турган катмар Борбордун Азияда кеңейди. Канчалык жашоо-турмуш жакшырган сайын анын саны кескин түрдө көбөйө турганы аныкталган жана ошону менен бирге наркотикти алыс ташыбай эле жаныбыздан кымбат баага сатканга жакшы шарттар түшүлүп калды. Мына ушундай коркунучтарды эске алуу менен ички саясатты оңдоого жана аны даярдоого өтүш керек го деген ой-пикирим бар.

— Ушул иш-чарада Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн жалгыз альтернатива — интеграциялык экономика деген ой айтылды. Интеграциялык экономика кандай болот жана Кыргызстанга эмне алып келет? Бажы биримдигин жана 2015-жылытүзүлмөкчү болгон Евразия экономикалык биримдикти интеграциялык экономика деп карасак болобу?

— Интеграциялык нерсе жакшы. Бирок, учурда коомчулук Бажы биримдигине киребиз-кирбейбиз деген чечимде олку-солку болуп турат. Бирок, саясий чечим бар. Киребиз деп сөзүн берип алган. Өткөн Акаевдин учурунда дагы кирип, кыргыздын кызыкчылыктары жакшы сакталбай кыргыз эли бир топ кыйналган. Азыр дагы бул экономикалык биримдик болгону менен экономика жагынан кыргыздын кызыкчылыгы жакшы корголбой аткан кези. Борбордук Азияда интеграциялык процесстер күч алышы мүмкүн. Азыркы кезде экономиканын өсүү темптери мындан ары дагы ушул боюнча кала берсе, мына ошол эле Өзбекстанда экономикасын модернизациялоо бүтөйүн деп калды. Алардан өтө көп товарлар экспортко чыгышы күтүлүүдө. Ошону менен Казакстан да өз экономикасын бир топ модернизациялап, бир жылда 50 миңге жакын товар чыгарып дүйнө жүзүнө сата баштаганын Нурсултан Абышевич айтты. Демек, биздин рынок кичинекей болсо дагы, жаныбызда орундарды ачып, мындан ары да орун табабыз деген күчтөр мындан ары да көбөйө берет. Бул экономика кайсы жерде ыңгайлуу, тынччылык болсо, ошол жерде ыңгайлуу өрчүй турган нерсе. Ошондуктан жаныбыздагы Кытай өлкөсү 2014-жылы эле экономикасынын көлөмү менен Америкага теңелем деп атат. Демек, ошол Кытай менен Европанын ортосунда жайгашкан Борбордук Азияга бул бир топ эле жакшы нерселерди алып келет. Эгерде Борбор Азиядагы өлкөлөр бирдиктүү салык саясатын, товар жүгүртүү саясатын, бирдиктүү чек арадан өтө турган товарлардын, элдердин, акчанын саясатын бир деңгээлге чыгарып алышса, анда Борбордук Азияда бир топ алдыга чыга турган мүмкүнчүлүк калып атат.

— Интеграциялык экономикага кыргыз экономикасы эмнеси менен кирет? Дегеле Кыргызстандын экономикасын кандай тармактар түзөт жана өсүштөр барбы?

— 2009-жылы Москвада аябай катуу талаш-тартыштар болгон. Эгерде Кыргызстан Бажы союзуна кирсе, дүң продукциясы төрт мамлекеттин ичинде канча пайызды түзөт деп. Москва, Белорусиянын эксперттери көлөмү менен келсе, 1,5 пайыз деп калышты. Өзүбүздүн эсеп-чотторубуз менен 3 пайыз болот деп айтып калышты. Бул жерде Кыргызстан Бажы биримдигинде өзүнүн айыл чарба продуктулары менен эгерде экономиканы кайра сактап, өз эрежелери менен иштеп, сактоочу ишканаларды, лабораториялары менен колго ала турган болсо, анда айыл чарба продукциялары менен бир кичинекей орунду алышы мүмкүн. Мындан сырткары, соода-сатыкты жана кийим тиккенди үйрөнүп алдык. Бирок, өкмөттүн чечкиндүү кадамдары керек. Биздин тигүүчүлөргө мамлекеттик заказдарды алып бериш керек. Россия, Белорусия, Казакстандын ичинде, интеграциянын ичинде дагы экономикалык бөлүшүүлөр керек. Ким кайсыны жакшы өнүктүрсө, ошого жардам берсин деп. Биздин тигүүчү тармагыбыз 300 000ге жакын жумушчу орундар менен камсыз кылып, жакшы кийимдерди тиккенди дагы үйрөнүп алдык. Армияга болобу, милициягабы, больницагабы. Ушундай чоң заказдарды кыргыз өкмөтү ала турган болсо, анда ошол кийим тигүү боюнча Азиядагы Түштүк Корея, Япония , Малайзия, Кытайдын жолуп жолдоп кеткенге толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Азырынча ушул эки тармак менен биз астыга чыга алышыбыз мүмкүн. Калган тармактар боюнча кыйын болот.

— Дегеле финансы-экономикалык саясатыбызды Эл аралык валюта фонду менен макулдашып жүргүзөрүбүз чынбы?

— Жүргүзгөнүбүз чын эле. Өлкөдө өз алына жараша жашай албаса, кирешесине караганда чыгашасы өтө эле көп болсо, тартыштык тыш жактан алынган жардамдар менен эле толукталып турса, Эл аралык валюта фонду такай өзүнүн көзөмөлүнөн чыгарбайт. 2006-жылы биз бюджетти эки эсе өстүрүп, бюджеттик тартыштыкты нөлгө коюп, Эл аралык валюта фондунун башка эрежеси менен кызматташууга өткөнбүз. Алар жылына бир жолу келип эле валюта саясатын караганга гана өткөн. Бирок, тилекке каршы, 2008-жылдан тарта кайра бюджеттик дефицит көбөйгөндөн бери жылына эки жолу Эл аралык валюта фондунун жумушчу тобу келип, атайын үч жылдык программасынын алкагында иштеп атабыз.

— Экономикабыздагы тышкы факторлорго көз карандылык канчалык жана өз алдынчалык канчалык?

— Экономикабыз өтө эле кичинекей болгондуктан, сырт жактан кичинекей эле толкун болсо, бизге өтө катуу таасир берип турат. Азыр өзүңүздөр көрүп тургандай, Россиянын рубли ылдый түшүп кетти. Аны менен бирге Кыргызстандын сому да түшүп кетти. Кыргыздын сому ноябрь, декабрь, январдын ичинде эле 7-8 пайызга түштү. А базардагы баа 15-20 пайызга чейин өсүп кетти. Анткени, көпчүлүк нерсени биз чет мамлекеттен долларга сатып алабыз, биздин сомдун курсу ылдыйлаган сайын элдин жашоо-турмушу кыйындап кетүүдө. Кайсы жерде, кандай бороон-чапкын болбосун Кыргызстанга келип, ошонун кесепети тийип турат. Биз ошолорду алдын ала билип, ага жараша чараларды көрүп турушубуз керек. Темир Сариевге экономика министри катары макроэкономикалык көрсөткүчтөр керек. Бирок, былтыр да макроэкономикабызда болуп көрбөгөндөй өсүш болду. Азыр дагы жаман болгон жок. Бирок, ошону менен бирге салык инспекциясынын жетекчиси салык түшпөгөнүнөн жумушунан кетип атат. План аткарылбай жатат. Демек, макроэкономикалык көрсөткүчтөр менен өкмөт макталып, ал эми реалдуу экономика ортосунда эки бөлөк цифралар жүргөнү көрүнүп турат. Өсүштөр болушу мүмкүн. Бул түздөн-түз карапайым кыргызга кандай таасир берерин айтып берейин. Мисалы, бюджеттин эсебинен жашап аткандарга пенсия, пособия көбөйөт. Ал эми соода-сатыкта жүргөндөрдө соодасы жүрүп, берекеси байкалат. Эгерде ушундай көрүнүштөр болсо, анда өсүш болду деп айтсак болот. Мисалы, бир үй-бүлөдө бир баласын окута алса, эки баласын окута алса — карапайым элдин жашоосунун жакшырганы.

— Азыр баалар өсүп жатат, азабы эл чөнтөгүнө тийипжатат? Бааны ооздуктабайт деп антимонополиянын тилдеп жатабыз, деги таасир этчү рычагдар барбы? Кайсы продуктуга баа качан өсөт деген прогноздоо жүргүзүлөбү?

-20 жылдан бери тамак-ашыбыздын дээрлик көпчүлүгү сырт жактан алып келинет. Жылына 480 миң тоннага жакын буудайды Казакстандан жалаң долларга сатып алабыз. 1 миллион тонна ГСМди Россиядан алып келебиз, аны да долларга сатып алабыз. Мына жакында Казакстандын теңгеси 25 пайызга, орустардыкы 10 пайызга девальвация болуп кетти. Ошонун кесепети, доллар аркылуу Кыргызстанга түздөн-түз тийип жатат. Мурун 100 долларга жакшынакай бир буюм сатып алалсак, азыр сатып ала албайбыз, көбүрөөк каражат жумшалып калып атат. Элге кыйын эле. Бирок, баанын өсүшү жалгыз кыргызстандыктардан көз каранды эмес. Бирок, алдын ала аракеттерди жасаш керек.

Жалпы экономикада, 480 миң тонна буудайды өзүбүз өндүрсөк биздин сомубуз бир топ туруктуу болот. Кара-Балтадагы мунай чыгарган завод иштеп кетсе, бензинди өзүбүз чыгарсак, анда да биздин сомубуз туруктуу болот. Экспортко кетире турган товарлардын көлөмүн кескин көбөйтүшүбүз керек. Азыр жалаң эле айыл чарба азыктарын чыгарып атабыз. Кумтөрдүн алтыны кетип атат. Алтындан зер буюмдарды жасап сата турган болсок, анда да сомдун туруктуулугу жакшы болмок.

— Азыр Батыш, Европа Россияга бир катар санкцияларды киргизгени турат, бул Россияны рецессияга түртөт деп эксперттер айтып жатышат. Бул мүмкүнбү?

— Эгерде Батыш, Европа чын эле Россияга катуу станцияларды киргизебиз десе, мисалы, булар Советтер Союзу ураганда нефть баасын 9, 5 долларга чейин түшүрүп ийишкен. Азыр 100 доллардын тегерегинде эле турат. Эгерде 100 доллардан ылдый кылабыз деген санкцияларды кабыл алышса, ошондо санкция болушу мүмкүн. Ар кайсы фирма, кишилердин счетторуна санкция кылып токтотуп койгондон таасир болбойт. Бирок, экономикада өсүү темпин жоготот. Бир топ тармактар өсүүнүн ордуна кайра артка кетиши ыктымал. Катуу өсүш болбойт. Россия бир топ кыйынчылыктарга дуушар болоору ачыктан-ачык көрүнүп калды. Кыргызстанга таасири азыртан эле байкалып атат. Анткени, 2013-жылы мигранттарда 200 миллиондун тегерегинде акча келсе, азыр 128 миллион эле доллар келди. Мигранттардын Россиядан алган айлыгы өзгөрүүсүз калып, долларга айлантканда 10 пайызга азыраак алып жаткан болушат. Азыраак акчаны өзүнө көбүрөөк жумшап, Кыргызстан үчүн бөлүнө турган акчасы азаят. Кыргызстан экономикасынын өсүшү эң көп керектөө аркылуу өсүп турат. Биздин соода-сатык, тейлөө, той, аш, соода-сатык — бардыгы тең керектөөгө кирет. Демек, биздин экономикабыздын өсүшү да кыйын болот. Рубль канчага түшсө, биздин сомубуздун курсу дагы түшөт. Биз өзүбүздүн экспортту көбөйтүп, жумуш орундарын түзгөнгө аракет кылышыбыз керек. Булардын баары эле теорияда да, практикада да, механизмде да бар. Буга саясий эрк керек. Алдын ала эле чамына бербеш керек. Бажы союзуна кирип атканда көбүрөөк кыргыз экономикасын, кыргыз элинин кызыкчылыгын коргоп, бажы союзунан көбүрөөк пайда тапканга аракет кылышыбыз керек. Баалардын өсүшүнө өкмөт туруштук бере албай турган болсо, эл нааразычылык акциясына чыгат, оппозиция да күч алат, 3-революция болуп кетиши ыктымал.

— Айтмакчы, валюта девальвациясы кайсы өлкөнүн эпкини болуп жатат? АКШнын Федералдык резерв системасынын жеңил девальвациясы дүйнөлүк валюта рыногунда толкундоолорду пайда кылды дешет. Ал эми бизде сезондук факторменен катар бир катар себептерди айтып, жакында эле акча алмаштыруу жайларынынатайын кылганы деп чыгышты. Валюта рыногундагы саясатты экономист катары сиз түшүндүрүп коюнузчу?

— Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Америка алтын стандартынан баш тартып, доллардын кубаттуулугу Американын экономикасы менен эле тастыкталат деген принципти киргизген. Анан долларды атайын валюта катары бүт дүйнө жүзүнө киргизип алышкан. Ошол валюта аркылуу саясатын жүргүзгөнгө аракет кылышкан, мындан ары да кыла берет. Анткени, доллар каякта болбосун, сактала турган жайы Лондон болуп калды. Дүйнөдө акчанын артынан куугандар ушул жакка барат. Анан алар аркылуу өз саясатын жүргүзүп атышат. Бул доллардын саясатын байкап, ыкмаларын үйрөнүп алган Кытай болуп атат. Кытайдын экономикасынын кубаттуулугу 2014-жылы Америкага теңелет деп атат. Буларда да резервдик валюта катары дүйнө жүзүндө өз саясатын жүргүзгөнгө аракет боло берет.

— Сиз мындай учурларда утулушта калбаш үчүн резервдик кайсы валютаны тандайсыз? Жана башкаларга кандай сунуштарды айтасыз?

— Мен 15-20 жылдан бери саясатта жүрөм. Азыр экономика тармагындагы илимий изилдөөлөр менен дагы алекмин. Эгерде Бажы союзуна кирген өлкөлөрдүн ою таза болсо, булар эмне үчүн Кыргызстан менен соода-сатык жүргүзбөйт? Баары тең долларга байлап алышкан. Анткени, доллар бар жерде кара компаниялар бар, үстүндөгү каймактарын алып турган механизмдер бар. Ошондой механизмди түзүп койгон Америкада башы иштеген кишилер. Кийин интернетти ойлоп таап, ал аркылуу баарыбызды көзөмөлдөп алды. Демек, алар өзүнүн дүйнөнү башкаруу ролун эч жакка кетирбегенге аракет кылып атышат. Он беш жыл мурун Кыргызстанда бир квартира 15 миң доллар турган, азыр — 30-50 миң доллар. Квартиранын баасы өскөн жок. Ал ошол долларда ревалютизация болду. Ошондуктан кыргыздарга айтарым, жер алып там салып койсо абдан жакшы. Кыймылсыз мүлктү да сатып алып коюп коеш керек. Акчаны иштетиш керек. Акчаны акчага алып келиш керек. Акчанын тилин баары эле биле бербейт. Акчаны доллар менен кармаган жакшы. Эң оболу бул акчаны таап атканда дагы жакшылыкка ыроолош керек. Мисалы, карылык үчүн эмес, жер көрүш үчүн деп.. Бул акчаны бир ай иштеп таап атпайбызбы. Аны эртеси эле кетирип ийсек, келиши кыйын болот. Ошондуктан бир айда коротуш керек. Бул жөнөкөй ыкмаларды жөнөкөй үйбүлөлөр үйрөнүп алышса. Акчага аябай аяр мамиле керек. Акча тынчтыкты өтө жакшы көрөт. Акчаны таап атканда да, сарптап атканда да санаш керек. Акчанын баркын билиш керек, билбеген адамга акча токтобойт. Кыргыз акчанын баркын түшүнгөндө тынчтык да, экономика да болот. Эмгек кылып тапкандын акчасынын баркын билбей атабыз. Ошондон улам акчасы барлар Батышка кетип жатышат.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА,
«Асаба», 08.05.2014-ж.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.