Репрессияда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Абдыкадыр Орозбеков

Репрессияда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Абдыкадыр Орозбеков

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, жергебизде совет бийлигин орнотууга активдүү катышкан жана республикабызды он эки жыл бою өтө оор учурда башкарган залкар инсан Абдыкадыр Орозбековдун 125 жылдыгы быйыл күзүндө белгиленет.

Ал Фергана областынын Маргалан уездинин Чимион районуна караштуу Жоокесек-Бостон болуштугунун Охна кыштагында 1889-жылы кедей үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Төрт жашында атасынан ажырап апасы Темиждан башка бир жалчыга турмушка чыгып, Маргалан уездинин Биринчи шура кыштагына көчүп кетишет. Ошол жактан өзбек, тажик кедейлеринин арасында бир катар наабайканаларда иштеп, теңсиздикти туюп революциячыл сезими ойгонуп, көзү ачылып алгачкы ирет жумуштун оордугуна, айлык маянанын аздыгына каршы нараазылык уюштурат, 1916-жылы жергиликтүү калктан адышалык Россиянын армиясына жоокерлерди алуусуна каршылык билдирип чыгышат. Иш таштоолорду уюштурат.

Абдыкадыр Орозбеков өзүнүн зиректиги, чечкиндүүлүгү, калыстыгы жана эр жүрөктүүлүгү менен Орто Азиядагы совет бийлигине каршы тымызын жана ачык түрдө жексурлук иштерин жүргүзүшкөн басмачылар менен бай-манаптарга каршы отрядды жетектеп далай эрдиктерди көрсөткөн. Чайрыкерлердин таламын талашкан замандашыбыз Улуу Октябрь социалисттик революциясынын жеңишин алгачкылардан болуп жактап чыгып, 1918-жылдын 6-августунда большевиктер партиясынын катарына кабыл алынат. Ал жетектеген куралдуу отряд Кыргызстандын Түштүгүндөгү Мойдун корбашы, көр Шермат, Жармат максым өңдүү калкты мыкаачылык менен кырып талкалаган басмачыларды жоюуда зор роль ойногон. 1920-жылдан тартып ал Чимион райондук революциялык жана Үч-Коргон, Араван, Мархамат райондук аткаруу комитеттерин башкарат. А.Орозбеков кошуна өзбек досу Юлдаш Ахунбабаев менен биргеликте Фергана өрөөнүндө совет бийлигинин душмандарын талкалоодо каармандыкты көрсөткөн. Ал 1925-жылдын март айында округдук комитеттин жооптуу катчысы, кийинчерээк облустук партиялык конференцияда аткаруу бюросунун мүчөлүгүнө шайланат. Кат-сабатын кийин революциядан кийин гана жойгон. 1925-жылдын 31-мартында таймашкан эч кайсы кландарга кошулбаган, дили таза, жүрөгү мекеним деп соккон бул инсан облустук аткаруу комитетинин Президиумунун төрагалыгына шайланат. Ал кезде кара кыргыз автономиялуу областынын аймагында 4 округ, 75 болуштук жана 799 миң калкы болгон. Андан соң тарыхый кыйчалыш мезгилде жергебизде Автономиялуу республика уюштурулат. Аны түзүүдө жана тоолуу чөлкөмүбүздө жер-суу реформасын жүргүзүүдө, совет бийлигин орнотууда, жаңы замандын пайдубалын түптөөдө Абдыкадыр Орозбеков атабыздын эмгеги чоң. Ал бейкүнөө жеринен жалган жалаа менен абакка алынып аябай кыйналып 1938-жылдын апрелинде репрессияда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кийинчерээк гана же 1956-жылдын апрелинде аксакал эл душманы деген жалган жалаадан акталып, урпактарынын, бала-бакырасы менен туугандарынын жүзү жарык болгон. Анын сөөгү башка инсандардыкы менен кошо Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган деген маалыматтар бар. Бирок муну дагы тактоо зарыл. Балким президентибиз жарыялаган быйылкы кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоо жылында аксакалдын коюлган жайы аныкталып, кайрадан каада-салтыбыз менен урматталып түбөлүк ордуна коюлуп калса зор соопгерчилик болор эле. Анын кыргыз тарыхындагы татыктуу ордун эч ким талаша да, жокко чыгара да албайт деп ойлойбуз. Негедир совет доорундагы мамлекет жана өкмөт башчыларынын ысымдары эскерилгенде тарыхка да трайбалисттик көз караш менен карап Абдыкадыр Орозбековдун ысымын оозго анчейин албаганыбыз калыстык эмес, адилдикке жатпайт.

 

Аты — айылда…

Абдыкадыр Орозбековдун ысымы борбор шаарыбыз Бишкектин көчөсүнө, бир катар чарбаларга, мектептерге жана көчөлөргө ыйгарылган. Анын кичи мекени Кадамжай районундагы Охна кыштагы суусу тунук, аба ырайы, климаты жанга жагымдуу, алмасы менен өрүгү, теректери менен гиласы көйкөлүп өскөн абдан кооз жерлердин бири. Бүгүн мындагы айыл өкмөтүндө 12 миңге чукул жалаң кыргыздар жашашат. Өкмөттүн жаңы башчысы Абдыганы Жолдошев атабыздын 125 жылдык маарекесине карата кызуу даярдыктар жүрүп, көчөлөр тазаланып, көрктөндүрүлүп, имараттар оңдолуп, ар кандай конкурстар, жаштар арасында түшүндүрүү чаралары көрүлүп жатканын шаңдануу менен белгиледи. Кыштактын чок ортосундагы мектептин жанында А.Орозбековдун татынакай музейи бар. Аны патриот педагогдор Тажикан Аскарова, Гүлмира Алтыбаева, Ырыскан Рысалиева материалдык кыйынчылыктарга карабастан астейдил иштетишип, калктын алкоосуна арзып жатышат. Бир гана, ушул жерге мүмкүнчүлүк болсо жергиликтүү бюджеттен штат ажыратылып, имарат дагы кеңейтилсе дурус болор эле. Ал эми райондун борбору Кадамжай шаарындагы мамлекеттик администрациянын каршысында Абдыкадыр Орозбековдун мемориалдык музейи жана залкар инсандардын эстелик комплекси жайгашкан. Музейдин башчысы Абийбилла Абдуллаев өткөн жылдын жыйынтыгы менен бул мураскана республикада биринчи орунду жеңип алганын билдирди. Албетте, бул жакшы кабар. Бирок, мындан жарым кылым илгери салынган музейдин имаратынын кейиштүү абалы ойлонтпой койбойт. Мамлекеттик деңгээлде бул жерге каражат ажыратылып, кошуна өлкөлөрдөгүдөй капиталдык жактан оңдотуп койсок сооп болор эле. Биз материалдык кызыкчылыктар менен кошо руханий көрөңгөлөрүбүздү, элибиздин тарыхын, улуу инсандарын унутпай, жаш муундарга татыктуу жеткире жүрүшүбүз лаазым.

Орозбеков айылы райондун борборунан болгону сегиз чакырым аралыкта турат. Ал жерде калкты медициналык жактан тейлөө, эл агартуу тармагында бир катар заңгыраган имараттар курулуп, ар кандай жаратылыш кырсыктарынан сактоо боюнча тийиштүү чаралар көрүлүүдө. Үлүш жерлери чектелүү, мамлекеттик дотацияда турган аксакалдын кичи мекени ар тараптан колдоого муктаж. Муну өкмөтүбүз да, кадамжайлык ишкерлер менен парламентте отурушкан депутаттар да эске алышар деген үмүттөбүз.

 

Үй-бүлөсү…

Тарыхый булактарга таянсак, А.Орозбеков атабыз эки ирет турмуш курган экен. Биринчи аялы Хавахан түпкү теги маргаландык өзбектерден болгон. Андан Өзгөрүш ысымдуу уулдуу жана Эркингүл деген кыздуу болот. Экинчи аялы Адалат апа өзүнүн айылдашы эле. Андан Кимэл аттуу уул көрөт. Өзгөрүш абага атасы акталган соң Бишкекте Исхак Раззаковдун тушунда материалдык жардам көрсөтүлгөн. Кийинчерээк 2000-жылы 74 жаштагы журт башчысынын тун уулуна эки бөлмөлүү квартира берилет. Анын эки кызы бар. Аксакалдын кызы Эркингүл жана экинчи уулу Кимэл эртерээк кайтыш болуп кетишти. Кимэлден бир кыз, эки уул бар. Небереси Кадамжайдагы райондук ооруканада иштечү. Жазында барганда сураштырсам, Россияга иштегени кетип калыптыр.

Адылжан ЖАЖАНОВ, Баткен дубаны,
«Асаба», 08.05.2014-ж.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.