Томас Андерс, «Modern Talking» тобунун ырчысы, композитор: «Жүрөгүмдө жүрө бер, Бишкек!»

Томас Андерс, «Modern Talking» тобунун ырчысы, композитор: «Жүрөгүмдө жүрө бер, Бишкек!»

Алтынчы күнү кечинде, 3-майда «Ала Тоо» эс алуу борборунда дүйнөгө атагы чыккан немистин «Modern Talking» тобунун ырчысы жана композитор Томас Андерс концерт берип, эстен кеткис ырахат тартуулады.

«Модерн токингдин» ырчысы келет экен деген кабарды укканда, албетте, жүрөгүбүз элеп-желеп болуп, кандай болсо да концертке баргыбыз келгени бекеринен эмес эле. Анткени «Бони М», «АББА», «Модерн токинг» ж.б. чет өлкөлүк топтору 80-жылдары, жаштыгыбыздын жалындуу ырчыларынан эле. Ошол дуэттин бири Томас Андерс Кыргызстанга биринчи жолу, болгону бир гана күнгө келди!

Эске түшүрө кетсек, 1984-жылы Дитер Болен менен Томас Андерс «Модерн токинг»- «Современный разговор» же кыргызча айтканда «Учурдагы сүйлөшүү» деп аталган топту түзүшкөн. Алардын алгачкы «You’re my heart, you’re my soul » аттуу ыры Европадагы номер биринчи хит болуп калган. Ошол күндөн баштап бири сары (Дитер Болен), экинчиси кара тору (Томас Андерс) дуэт көпчүлүктүн көңүлүн биротоло багындырып алган. «Модерн токинг» дүйнөгө 124 млн компакт диск саткан. 1987-жылы «Модерн токинг» тарап кеткен. Ал эми 1998-жылдын жаз айларында кайрадан түзүлүп, 2003- жылга чейин бирге болушкан. 2003-жылдан баштап эки ырчынын ар кимиси өз жолу менен кеткен. Томас Андерсти «Музыканын мырзасы» деп бекеринен аташпагандыр, ал азыркы күндө да «Модерн токингдин» жана өзүнүн ырлары менен жер-жерлерде концерт берип келатканы белгилүү. Айтмакчы, анын өз аты Бернд Вайдунг экен, «Томас Андерс» деген псевдоним бардык тилде айтылганга жеңил болуп, ийгилик алып келген.

Бишкектеги концерт алдында Томас Андерс журналисттер менен да ат жалында маектешүүгө үлгүрдү. Кыргызстан тууралуу ал мектепте окуп жүргөндө эле билиптир, келээрде интернеттен окуп, жерибиздин тоолуу экендигине таң калыптыр. Өлкөбүздөгү өзгөчө меймандостук, тейлөө тармагы, даамдуу тамак-аш, жаздагы жагымдуу аба ырайы өзгөчө таасир калтырганын белгиледи.

Концертке ата-энелер балдары менен бирге келип атышты. Мындай көрүнүштү көрүп көзүң сүйүнөт экен. Бизде адат болуп калгандай, концерт дээрлик бир саат кечигип башталганына карабастан, көрүүчүлөр ырчыны сабырдуулук, кандайдыр салтанат менен менен күтүп атышты. Концертти шоумен Бакыт Байсариев ачып, Томас Андерсти тааныштырганда, көрүүчүлөр айтылуу ырчыны кубаттап, сүймөнчүк менен тосуп алышты. Жаш кезинде узун чачтуу, кара тору Томас Андерс азыр элүү жаштан өтүп калганына карабастан, дале баягыдай сынынан жазбаптыр, жылмаюусу, сырдуу көз карашы жана да баркуттай үнү дале жүрөктү жылытып, моокумду кандырат. Жаштар эле эмес, улгайгандар да ырларды кубаттап, ордунан тура калышып, администрациянын тыюусуна карабай, бийлеп атышканы таң калыштуу деле эмес, анткени мындай жандуу, жүрөктү кубанткан ыр менен жандуу музыка кимдин гана жүрөгүнө жагымдуу таасир бербейт. «You’re my heart, you’re my soul», «Cheri cheri lady», «Brother Louie» жана башка ырлар аткарылды. Томас Андерс «You’re my heart, you’re my soul» аттуу ырын ырдаганда «Stay in my heart forever, Bishkek!» — «Жүрөгүмдө жүрө бер, Бишкек!» дегенде, зал дүркүрөтө кол чаап, ышкырып, «Браво» деп кыйкырып атышты. Көрүүчүлөр Томас Андерс сүйгөн ак розаны жана башка гүлдөрдү, оюнчук, сувенир белектерди берип атышты.

Немис ырчысы интервьюларынын биринде топтун ийгиликке жетүүсүнүн бир сыры англис тилинде ырдап калышканында, угарманга ачык-айрым, чын дилден мамиле кылгандарында» экендигин айтканы бар. Ырасында эле мындагы концерт бир жарым саатка созулса дагы, убакыт бир заматта өтүп кеткендей болду, «Модерн токингдин» музыкасы да, аткаруучусу да арыбайт да, карыбайт көрүнөт. Ырчы ырларын музыкалык жактан коштоп жаткан гитаристти, барабанчыны, роялдагы аткаруучуну тааныштырганда алар да өздөрүнүн чеберчиликтерин көрсөтүп, аспаптарда музыкалык композицияларды аткарганда, көрүүчүлөр андан бетер таң калып, кубаттап турушту. Мен көргөндөн чоңдордон Өмүрбек Бабанов, Руслан Казакпаев, Азим Исабеков бийлеп турушту балкондо…

Бишкектеги «музыканын мырзасы» менен бул кездешүү ар бирибизге эстен кеткис кубаныч, күч-кубат жана эс алуу тартуулады. Акырында Томас Андерстин колтамгасы коюлган сүрөттү жана ырларынан турган компакт дискти алганыма мен да кубанып кайттым.

Айгүл БАКЕЕВА,
«Асаба», 08.05.2014-ж.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.