Дүйнөдө биринчи жолу аркар мүйүзүнөн комуз жасалды

Дүйнөдө биринчи жолу аркар мүйүзүнөн комуз жасалды

Осмонакун Томотоев Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Казыбек айылында туулган. 47 жашта. Үй-бүлөлүү. Бир кыз, бир уулдун атасы. Обончу, жазуучу Базарбай Томотоевдин баласы. Усталардын чордонунда чоңойгон. Кесиби тарыхчы болгону менен чоң уста. Учурда аркар мүйүзүнөн комуз жасап жумурай журтту таңгалдырып олтурат.

— Осмонакун мырза, аркар мүйүзүнөн комуз жасоо идеясы кайдан пайда болду?

— Бул идеяны ойлоп жүргөнүмө 20 жыл болуптур. Устаканадан кеткенден кийин колума комузду такыр кармаган жокмун. Ар кандай иштерде иштеп жүрдүм. Бирок, комуз чаап чогуу иштеген балдардан алыстабай, барып турчумун. Түпкүрүңдө өнөр болгондон кийин кызыгат экенсиң. Барган сайын баягы нерселердин баары ойгоно баштады. Кеч болуп кала электе кайрадан комуз кармаш керек деген ой келди. Негизи өрүктөн же четинден баштасамбы деп ойлогом. Кайним Нурбек Турдакунов мүйүз менен иштейт. Мүйүздөн теке, илбирстердин ар кандай фигураларын жасайт. Анан ал бир күнү «мүйүздөн кылкыяк жасасак кандай болот» деп сурап, формасын чийип, көрсөтүп,»эгер жасасак, ушундай кылкыяктан үн чыгабы, эксперимент жасап көрсөк кандай болот» деп сунуштап калды. Ары-бери жагын карасак, болчудай. Мурда жасагандарымды эстеп, кылкыяк кандай жасалаарын көрсөттүм. Жасап бүткөндөн кийин кылдарын тагып, чертсек, үн чыкты. Учурда ал кылкыякты кыздар чертип жүрөт. Кылкыяктан кийин эле «мындан комуз чыгыш керек» деген оюмду ортого салдым. Кайним колдоду. Ошентип оюбузду ишке ашырганга кириштик.

— Кандай курал менен кантип жасадыңар? Даярдоо процесси бизге да, элге да кызык…

— Мүйүз дагы өрүк жыгачы сыяктуу катуу зат. Мүйүзгө бычак, балта жана башка куралдар өтпөйт. Аны биз чарык менен керип жасадык. Калганын колго кыргыч менен кырып отуруп бүтүрдүк. Комуздун ийилген жерлери бул аркардын оролуп чыккан жерлериндеги мүйүздөрү. Аны араңдан зорго кесип отуруп кураштырдык. Комуздун грифи эле беш жерден куралган. Мүйүздүн ичиндеги көңдөй жери комуздун көөдөнүнө, мүйүздүн туяк жери комуздун грифине алынган. Бетин наждак менен сүрдүк. Комуздун бети түптүз болуш керек, түз болбосо черткенде кыл тийип жарабай калат.

— Комузга канча мүйүз сарпталды жана канча убакыт кетти?

— Жалпысынан 4 аркардын мүйүзү кетти. Комузду 6 айдын ичинде жасап бүттүк. Кирип-чыгып шашпай эле жасадык. Азырынча ушул, бир эле даана комуз. Эгер заказ кылышса, дагы жасайбыз го? Негизи дүйнө жүзү боюнча аркар мүйүзүнөн жасалган музыкалык аспап жок, биринчи жолу биз жол салдык окшойт.

— Мүйүздөрдү кайдан, кимден сатып алдыңыздар?

— Атылган аркарлардын мүйүздөрүн малчылар, чабандар чогултушат экен. Тоолордон, сарайлардан бул жакка алып келген балдар бар экен, ошолордон ар бир мүйүздү сүйлөшүп, келишим баада сатып алдык. Мүйүз табуу кыйын чынында. Эгер сатам дегендер болсо, менин телефонума (0556 800984) кайрылышса болот.

— Мүйүздөн комуз жасаларына ишенбегендер да болсо керек?

— Албетте. Мүйүздөн жасалган комуздан үн чыгаар бекен деген суроолор пайда болду. Комуздун кулактарын көзөтүү үчүн мурда чогуу иштеген балдарга барып калдым. Кулактарын тыкан атайын аспап менен көзөбөсө сынып кетет, анда эле канчалаган эмгегиң талаага кетти дей бер. Ошондо бир досум: «Жөн эле убара болуп жатасың, мындан үн чыкпайт» деди. «Мунун үнүн чыгармак түгүл, сүйлөтөм» деп тамашаладым. Баарын жасагандан кийин бетин капкактап чертип көрсөк, үнү кичине башкача чыгып жатат. Анан кайра капкагын ачып, беттерин кайрадан жукарттык. Бул комуздун капкагын «мари капкак» деп коет. Бул капкак карагайдан жасалат. Бул капкакты издеп жүрүп Мурат Бейшекеев деген досумдан таптым.

— Алгач ким чертип көрдү, өзүңөрбү?

— Жок, мен черткенди билбейм. Алгач атактуу комузчу Руслан Жумабаевге барып черттирип көрдүм.

— Комуздун баасы чечилсе керек, канчага баалап жатасыздар?

— Атактуу комузчу Руслан Жумабаевдер баасын баалашты, орто эсеп менен 1000 доллардан ашык айтышты. Бирок мындай аспап биринчи жолу дүйнөдө жасалып жатат, баасы бир топ эле болушу керек го? Аркар мүйүзүнөн жасалган кыл кыякты жасаган уста 500 доллардан 800 долларга чейин сатты. Ал эми өрүк комуздун баасы 10 миңден 15 миң сомго чейин болууда. Комуздун жасалышына, үнүнүн чыкканына жараша баасы чечилет. Дагы айтайын дегеним, аркардын башын мүйүзү менен төргө илип жүрүшпөйбү, андан көрө ошол аркардын мүйүзүнөн жасалган комуз төрдө илинип турса, кыргызга сыймык да.

— Устачылык өнөр тукумуңарда болсо керек?

— Ооба, тукумубузда бар. Устачылык Бусурманкул чоң атабыздан калган өнөр. Чоң уста болгон. Ээр чапчу, темир, жыгач устачылык да кылчу. Кичинекей кезибизде жасагандарына кызыгып карап отурчубуз. Карма десе кармап, кес десе кесип жардам берчүбүз. Чоң атам биринчи кыштак түшкөндө биринчи там салган. Айылдагы көп үйлөрдү салган экен. Мен 8-класста окуп жатканда көз жумган. Ал эми өзүмдүн атам Базарбай Томотоев болсо обончу, жазуучу, көптөгөн обондору, ырлары бар. Азыр эл арасында ырдалып жүрөт. Болгон музыкалык аспаптарда кол ойноткон касиеттүү киши эле. Каза болгонуна эки жыл болду.

— Качантан бери музыкалык аспаптарды жасап жүрөсүз?

— Башынан айтып берейин. Атамдын бир тууган иниси Төлөгөн Томотоев кыргыз элине таанымал композитор. Ал киши филармонияда иштечү эле. 1989-жылы Бишкекке келгенде Төлөгөн байкем: «Эксперименталдык мастерской бар, ошол жерге иште, сенин устачылык өнөрүң бар эмеспи» деп калды. Ошол жерде иштеп калдым. Акырындап баарын үйрөнө баштадым. Эң биринчи кылкыяк жасадым. Аны Мурат Бейшекеев деген байкебиз үйрөттү. Ал убакта кылкыяктын баркы жок болчу, Кыргызстан боюнча көп деле киши чертчү эмес. Кыргызстанга кеткен кылкыяктарды жалгыз мен чапчумун. Анан кылкыяктан кийин комузга өттүм. Комуз чапканды да Мурат байке үйрөткөн. Комуз өрүктүн жыгачынан жасалат. Болгон артисттин баары биздин устаканага келишчү. Анткени, Кыргызстан боюнча жогорку талапка жооп берген эксперименталдык жалгыз устакана болчу. Анда 5 жыл иштеп, 1995-жылы жумуштан кеттим. Кетейин деген деле оюм жок болчу, шартка байланыштуу башка жумушка кетүүгө туура келди.

— Башка жумушуңуз айдоочу эмеспи. Укканыбызга караганда, айтылуу саясатчы Мелис Эшимкановдун айдоочусу болгон турбайсызбы? Анан, айдоочулук ойдогудай каражат таап бере алдыбы?

— Алгач бизнес менен алек болуп жүрдүм. Бизнес мага жакпай койду окшойт, аны да таштадым. Негизи эле мага таман акы, маңдай тер менен иштеген иш жагат экен. Андан кийин Темир Сариевде айдоочу болуп иштедим. Мелис байке Темир мырза менен сүйлөшүп, өзүнө чакырып алды, «өзүмдүн иним болот экенсиң» деп. Мелис байке менен 5 жыл иштештим. 5 жыл ичинде бир жаман-жакшы айтышкан жокпуз, ага-инидей иштештик. Мелис байкенин бу дүйнөдө жок экенин эстесем көзүмө жаш айланат. Абдан жакшы киши эле. Андай киши кайра жаралабы же жокпу, ким билет?! Азыр ар бир саясатчынын өзүнчө чоң бизнеси бар. Мелис байке жылаңач баатыр эле. Дегеним, эч нерсеси жок болчу. Ишенесиңби, азыркыга чейин менден бизнесин сурап калышат, «ким башкарып жатат» деп. Үйүнөн башка эч нерсеси жок болчу десем, ишенишпейт. Элге чындыкты айтсаң ишенбейт да, жалганды айтсаң ишенет. Кызык эле калкпыз. Чырылдаган чындык босогодо калып, калп төргө өткөн заман болбодубу…

— Сизди учурда кайра алгачкы кесибиңизге кайрылып келди десек болобу? Дегеле кайсы кесиптин ээсисиз, кайсы ЖОЖду бүткөнсүз?

— КУУнун тарых факультетин бүткөм. Кесибим тарыхчы, бирок, бу кесибим менен бир да жолу иштеген жокмун. Анткени, ал кезде мугалимдердин айлыгы менен үй-бүлөнү багуу кыйын болчу.

— Канча уул, кыздын атасысыз? Уулуңузга бу өнөрдү үйрөтөсүзбү?

— Бир уул, бир кыздын атасымын. Балам 22 жашта. КУУнун юрфагын бүткөн. Азыр кыргыз-казак университетинде юрист болуп иштеп жатат. Комузга кызыгат, бирок, убактысы жок. Кызым 12 жашта, комуз черткенге аябай кызыгат. Күү үйрөнгөнгө алып барам го, буйруган күнү.

— Канча бир туугансыз? Сизден башка бир туугандарыңыз да устачылык кылабы?

— Он бир туугандын алтынчысымын. Устачылык негизи балдардын бардыгында бар. Апабыз да иштүү киши, шырдак, оймолорду жасайт. Кыскасы, колу уз киши. Кыздарыбыз апамдан ошол өнөрдү үйрөнө алышты. Апам азыр 74 жашта. Ата-энем жөнүндө дагы бир шашпай сөз кыларбыз.

Маектешкен Кайрат КЕНЖЕБАЙ уулу

РЕДАКЦИЯДАН: Ау, кыргыздар, чындыгында дүйнөдө аркардын мүйүзүнөн бир дагы музыкалык аспап жасалып көргөн эмес. Осмон уста кыргыз үчүн чоң иш жасап олтурат. Мындай комуз президенттин кабинетинде илинип турушу кажет. Бизде бай бизнесмендерден көп нерсе жок. Путин, Обама, Назарбаев сыяктуу дөө-шааларга калпак кийгизгенден көрө ушундай комуздарды белекке тартууласак, тарыхта калбайбы. Бийлик да, ишкерлер да Осмон Томотоевдин этегинен кармап, мындай комуздарды чаптырбасак болбойт. Бул комуз 1000 доллар эмес, 5 миң доллар, керек болсо, баа жеткис деп баса белгилеп айталабыз.

«Асаба», 24.04.2015-ж.

2 thoughts on “Дүйнөдө биринчи жолу аркар мүйүзүнөн комуз жасалды

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.