Күнөстүү Кыргызстанда күнөскана көбөйдү, көбөйүүдө…

Күнөстүү Кыргызстанда күнөскана көбөйдү, көбөйүүдө…

Азыр көпчүлүк күнөсканалардын эрте жаздагы жашылчыларынын түшүмү сатыкка чыгып жаткан кез. Өлкөдө күнөскана саны да бир топ, бүгүнкү күнү 350дөн ашып, бул да токтолчу чек эмес жана мындай өсүшкө эл да, өкмөт да, көпчүлүк айыл чарба адистери да ынтызар. Анткен менен кайчы пикирлер да жок эмес.

 

Оң кайрык… Экспорттук потенциал бир гана дыйканчылыкта

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин (КУАУ) Агрономия жана токой чарба факультетинин жылытма жай (теплица) чарбасын натыйжалуу иштетүүнү каалагандар үчүн 10 күндүк квалификацияны жогорулатуучу курсун ачканына бир топ болду. Бир эмес, 2-3-топ бүтүрүп, каалоочулар дале кемий элек. КУАУнун агрономия факультетинин деканы жана профессоруНурудин Карабаев «жөнөкөй чарбада да билим керектигин элеттиктер да түшүнүп жатышат» дейт. Ал эми бүтүрүүчүлөр төлөп окушкан 3,5 миң сомдон ашыкча билим, көндүм-тажрыйбага ээ болушканын айтып ыраазы.

А негизи күнөсканага мынчалык кызыгууну эмне жаратты? Биринчиден, ал — жыл ичиндеги үзгүлтүксүз киреше булагы дешет. «Ар кандай конструкциядагы күнөскананы короо-жайдын жанына чакан кылып куруп алсаң, сезон эмес учурда сатыкта да, дасторкондо да — витаминге бай жашылчалар. Жашылчалардын, дарбыз-коондордун, шалынын көчөттөрүн эрте жазда өстүрүп, 1,5-2 айлык көчөт кезинде талаага көчүрүп, кийин өндүргөн жашылчасын базарга 1,5-2 ай эрте алып чыксаң — бул бир кошумча киреше. Жашылча-жемиш базарга көп өндүрүлүп түшсө, базар наркы арзандайт, капчыгыңыз жукарбайт» дейт Нурудин Абылаевич.

Экинчи артыкчылыгы, ылайыкталып туура салынса, күнөскана жер шарты, климаты деп тандап отурбайт. Үчүнчүдөн, өсүмдүктөрдүн белгилүү бир түрү бир аймакка гана таандык болбой, кеңирит арап ареалы кеңейет. Маселен, «аба ырайы катаал Нарында жашылча-жемиш түрүн, Чүйдө коонду каалаганда жеп каласыз» дейт профессор агайыбыз. Адис агайыбыздын пикиринде, «Эң башкысы, жылытма жай (күнөскана) өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздайт. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭС) кошулуп жатканда, экспорттук потенциал дыйканчылыктан башка чарбачылыкта азырынча жок жана аны дагы да көбөйтүүгө топурак-климаттык шартыбыз жана бай чарбалык тажрыйбабыз мүмкүнчүлүк берет».

 

Терс кайрык… Күнөсканада өстүрүлгөн бадыраңда 98%ы — суу

Айыл чарбанын оң-тетирисин билген академик Жамин Акималиев «АКИ-пресске» майда күнөсканаларга каршы пикирин айтыптыр. «Бизде суу деген мол, 35 суу сактагычыбыз бар. Борбордук Азиянын сугат суусунун 70%ы Кыргызстан менен Тажикстанда, ага карабай суу тартыш. Себеп дегенде, эгемендикте Айыл чарба министрлиги суу ресурстарына кожоюндук кылууну Суу пайдалануучулар ассоциациясы деген бейөкмөт уюмга берип койгон. Бул уюм өз учурунда чет жердин грантына түзүлгөн. Сууга төлөмдү, кимге качан суу беришти өздөрү чечип бизнес кылышууда. Аларды жоюш керек дебейм, көзөмөлдөш керек. Алар деген Айыл чарба министрлигине отчет беришпейт. Мелиорация департаменти жылына өз ишине 1,3 млрд сом коротот, ошол акчага сууга көзөмөлдү толук алса болот да. Азыр алардын башында эки гана ой бар: тамчылатып сугаруу жана күнөскана чарбачылыгы. Аларга акча сурашууда. Биринчиден, тамчылатып сугаруу машине менен сугаргандан кымбатка турган иш. Буга акчаны бардык эле дыйкан таба бербейт. Борбордук Азияда кудайга шүгүр күн жакшы тиет, ачык жер кыртышы көп, анан майда күнөсканаларды куруп не кылабыз? Күнөсканада өстүрүлгөн бадыраңда 98%ы — суу. Биздин шарттарда, андан да Бажы биримдигине кирип жатканда, куйкалаган күн алдында, ачык жер кыртышында жашылчаларды өстүрүү зарыл. Күн табына бышкан помидор эттей эле. Күнөсканада химия менен өсөт».

 

Таластык жаш фермер Азиз күн энергиясынан өтөрү жок дейт

Чакан чарбагында азыр жаш алма, алча, кара өрүк менен алек болуп жаткан Азиз жемиш, жашылчаны ачык эле топуракка сээп өстүрүп жатканын айтат. Жердин асылдуулугун качырбаш керектигин, өсүмдүктөрдү жылына бир жерге себе бербей орун алмаштырып отургузууну эскертет. Кандай минералдык азыктандыруу жетпей жатканын жашылча-жемиштин көрүнүшү эле айтып коет дейт. Мурда туш келди айдаса, бир курдай «дос-кас» өсүмдүктөр тууралуу окуганын айтат. «Өз алдымча тажрыйба менен чарбачылык сырын үйрөнүп жатам. Жашылчалар бири-бири менен же «дос», же «кас» болушат экен. Болгону ар биринин кыялын билип койгон оң. Малинанын жанында бири дагы өсүмдүк өзүн жаман сезбейт, айланасын азот, кычкылтек менен байытат. Алма багын катарлаш отургузсаң, малина алманы парша, алма малинаны серая гниль деген, бозоруп чирип кетмейми бар го, ошондон коргойт. Жүзүм менен алмурут да «жакшы кошуналар», бирок алма, алмурутка алча же черешня жакпайт экен. Кайың, карагайды жетилип келаткан жаш бактарга, бадалдарга катарлаш отургузган болбойт экен, алардын тамыры сууну соруп, беркилерге калтырбай коет экен».

Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы
«Асаба», 24.04.2015-ж.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.