Роза Отунбаева, экс-президент: «Ар бир айылга бала бакча ачуу керек!»

Роза Отунбаева, экс-президент: «Ар бир айылга бала бакча ачуу керек!»

Мурдагы президент Роза Исаковна «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондун түптөп, үзгүлтүксүз иштетүүдө. Акыркы мезгилде Кыргызстандын булуң-бурчун койбой түрө кыдырууда. «Ушундай кыйын кезеңде мындай түйшүгү көп жумуштун ушунчалык зарылчылыгы бар беле? Же адаттагыдай дүйнө жүзүндөгү мурдагы президенттерди туурап жатасызбы?» деген собол таштасам, күлүп, маекти мындай баштады.

— Жашырып не, ушул тапта Кыргызстанда агартуу, маданият жана социалдык тармактар мамлекеттин олуттуу жана такай колдоосуна абдан муктаж. Аталган өңүттө оңдоп-түзөп, бир нукка салууга бизде өзү адам ресурстары дээрлик жетиштүү. Бирок, моюнга алыш кажет, соңку жылдарда биз ушул жагдайды дегеле максаттуу жана өндүрүмдүү пайдаланбай жатабыз.

— Жашырын болбосо, сиздердин долбоорду кимдер сүрөп жатат?

— Жашыруун деле эмес. «Ага Хан» эл аралык фонду «Билим берүү баары үчүн» деген топтун мүчөсү. Ал долбоорду толук бойдон жүзөгө ашырууга активдүү катышууда. Буга улай жер-жерлерде облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институттарынын алкагында такай машыгуулар өткөрүлүүдө. Ал эми Мерсико (MercyCorps) балдарды сапаттуу азык-түлүк менен толук кандуу камсыз этип турат. АРИС, Азия өнүгүү банкы, ЮНИСЕФ бала бакчаларды окуу жана көрсөтмө куралдар менен керектүү өлчөмдө жабдыганга кызыкдар. Буга улай Германиянын Кыргызстандагы элчилигида бала бакчаларды толук бойдон реконструкциялап, өтө керектүү эмеректерди тартуулап келатат. Азырынча биздин эсебибизде Кыргызстан боюнча элүүдөн ашуун борборлоштурулган бала бакча ишке киришти. Алардын 71 филиалы Ош облусунун Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа райондорунда жана Нарын облусунда күрдөөлдүү иштеп жатат. Буларды окуу куралдары жана башка көрсөтмө жабдыктар менен такай камсыздап туруу үчүн Оштогу мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун жана Нарын мамлекеттик университетинин алкагында ачылган мектепке чейин билим берүү боюнча ресурстук борборлор ишке абдан батыл киришти. Буга улай массалык иш-чаралар, фестивалдар, китеп кечелери, түрдүү кароо-сынактар, көргөзмөлөр, оюн-зооктор дагы байма-бай өткөрүлүп турмакчы.

— Эмне үчүн бала бакча бүгүнкү күндө Кыргызстандагы эң олуттуу көйгөйгө айланды деп ойлойсуз?

— Совет доорунда деле, менин билишимче, бала бакчаларга бизде балдардын 30 пайызы гана барышчу. Ал кезде бала бакчага бүгүнкүчөлүк зарылчылык жок эле. Анткени, ата-энелер завод-фабрикаларда нөөмөт менен иштегендиктен, бирөөсү кетсе, экинчиси сөзсүз үйдө бала карап калчу. Алар балдарын кезектешип карап, атүгүл ойнотуп алаксытышчу. А азырчы?! Расмий маалыматка таянсак, Ош жергесинде бала бакчага балдардын 28 пайызы гана барат. А Кыргызстандын түндүк тарабында бул көрсөткүч андан да төмөн, тагырагы, 13 пайызды гана түзөт экен. Албетте, өтө өкүнүчтүү! Себеби, рынок шартында ата-энелердин баары жабыла базарларга, чет өлкөлөргө кетип, басымдуу балдар кароосуз калууда. Мунун айынан мектептерде бейбашчылык, рэкетчилик күчөп баратат. Расмий маалыматтарга таянсак, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук дээрлик күчөдү.

— Мындай көйгөй менен кантип күрөшсөк болот дейсиз?

— «Баланы башынан» дегендей, тарбияны бала бакчадан баштоо зарыл. Жер-жерлерде бала бакчаларды катарынан ачууга муктажпыз. Муну мамлекет колго алып, кечеңдетпестен кур дегенде ар бир айыл округунда сөзсүз бала бакча ачууга тийиш! Ачып эле тим болбой, алардын туруктуу иштешине көз салып туруу керек! Көзөмөлдөп туруу — мамлекеттин түздөн-түз милдети. Бөбөктөрдү ар тараптуу жана татыктуу тарбиялап жана агартуу үчүн аларга ыңгайлуу шарттарды милдеттүү түрдө түзүп беришибиз кажет. Ар бир бала бакчада балдар саны 300-600гө чукулдап барат, бул өтө эле көп, кескин азайтуу зарыл. Анткени, аларга ойдогудай, татыктуу тарбия-таалим берилбейт. Бул бир. Экинчиден, бала бакчалардын материалдык-техникалык базасын чукул арада заманга ылайык жакшыртуу да зарыл. Үчүнчүдөн, заманбап жаңы китепчелерди жана көрсөтмө куралдарды чыгаруу — бүгүнкү күндүн эң башкы талабы. Анткени, мурдагылары дээрлик бүт эскирип бүттү, жараксыз. Төртүнчүдөн, бала бакчаларга жаш жана жаңы, бирок жогорку билимдүү кадрларды тартышыбыз милдет. Себеби, мен билгенден аталган мекемелерде жогорку билимдүү жаш тарбиячылар дээрлик жокко эсе. Анткени, маянасы аз. Ошондуктан, көпчүлүгү ЖОЖдо окушпайт, бүтүшсө да, бала бакчаларга таптакыр басып барышпайт.

— Кыргызстанда балдарды жайлоолор шартында кантип тарбиялап жатасыздар?

— «Жайлоо шартында улуттук каада-салттарды жана билим берүүнү өнүктүрүүнү колдоо» аттуу атайын долбоор иштейт. Ал аркылуу балдар жайлоолордо эс алуудан тышкары боз үйдөгү бала бакчаларда болочок турмушуна абдан зарыл адат-көндүмдөргө ээ болушат. Үч-төрт жаштагы бөбөктөрдү дал бүгүн оң жолго тарбиялабасак, кийин дүйнөлүк көчтөн биротоло калып кетебиз, Алишер.

— Билишибизче, Сиздин демилгеңизди биринчилерден болуп Алай районунда колдоого алышты эле, туурабы?..

— Анысы чын. Алай районунун борбору Гүлчө кыштагында Алтымыш Бообеков эки бөлмөлүү үйүн бала бакчага ылайыкташтырып жасаган. Азыр анда 40 чакты бала дале тарбияланып жатат. Аларга «Ага Хан» фонду, ЮНИСЕФ катуу каралашууда. Баса, аталган уюмдардын түздөн-түз колдоосу аркасында Алай жана Чоң-Алай райондорундагы жайлоолордо дагы бала бакчаларды ачып жатабыз. Тарбиячылар маянанын ордуна курут, сары май жана башка азык-түлүктөрдү алышмакчы. Бул айла куругандагы иш эмес, нормалдуу көрүнүш. Эң башкысы: жайлоолордо балдар жамбаштап жатпастан, дейди жоруктарга барбастан, түрдүү китептерди окуп, сүрөттөрдү тартып, ал аркылуу ой-чабытын кенен, терең өстүргөнгө ыңгай жаралууда. Жергиликтүү бийликтин дал ушул кадамын кайталангыс эрдик катары бааласам ашыкчалык кылбас дейм!

— Сиз дайыма «Азыркы муун классикалык музыка таасиринде тарбияланбай калды. Бул жаман жышаан» деп арман кыласыз. Мунун да жүйөсү бардай?

— Албетте, жүйөсү бар. Бул — биздин трагедиябыз. Ошон үчүн биздин фонд Бишкектеги жаңы конуштардын балдарын чогултуп, Улуттук консерватория менен биргеликте «Музыка менен жашайбыз!» аттуу чоң концеттер түрмөгүн, куда кааласа, жүзөгө ашырып жатабыз. Анда мектеп окуучулары симфониялык оркестр, музыкалык жабдыктар менен жакындан таанышып жатышат, дүйнөгө таанымал Камиля Сен-Санс жана Сергей Прокофьевдин чыгармалары аткарылууда. Ушунун өзү жаш жеткинчектердин классикалык музыкага кызыгуусун, табитин ойготуп, ой чабытын кеңейтип, келечекте асыл нактарыбызды, көркөм дөөлөттөрүбүздү ар дайым баалап жүрүшүнө чоң өбөлгө болот деген үмүтүбүз чоң.

Маектешкен Алишер ТОКСОНБАЕВ,
«Асаба», 24.04.2014-ж.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.