Тайырбек Сарпашев: “Мени кызматтан кетирүү Бабановдун кыялы”

Тайырбек Сарпашев: “Мени кызматтан кетирүү Бабановдун кыялы”

Мамлекеттик каттоо кызматын бир жыл жетектеген Тайырбек Сарпашевге Генпрокуратура Максим Бакиевдин Скрябина 45 көчөсүндөгү жер тилкеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Бу маселе боюнча комиссия түзүлүп, Тайырбек Дүйшекеевич өз каалоосу менен (13-февралда) убактылуу кызматтан кетти. Тайырбек мырзага бир топ суроолор менен кайрылдык.

– Тайырбек мырза, Максим Бакиевдин Скрябина 45 көчөсүндөгү жер тилкесин сиз качан билдиңиз?

– Ал жер участкасы бар экендигин өткөн жылдын ноябрь айында билдим. Скрябин көчөсүндөгү жер тилке боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын кымындай дагы күнөөсү жок экендигин баса белгилеп айтаар элем. “Глобал Эдвартайзенг” деген жердин мурдагы ээси “эмне себептен Бишкек шаардык мамкаттоо бул соттун чечимин аткарбай жатат” деп кат менен мага кайрылган. Мен ошол каттын негизинде “соттун чечимин аткарууга эмне тоскоолдук жаралууда?” деп шаардык мамкаттоого кат жибергем. Бул кат прокуратура айткандай, тикелей буйрук эмес, жер участогун каттоодон өткөр деген, ал болгону маалымат иретинде жазылып шаардык мамкаттоого жөнөтүлгөн. Эми бул боюнча Өкмөттүн деңгээлинде ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Анын жетекчиси болуп вице-премьер-министр Жеңиш Разаков дайындалды. Ага бир ай мөөнөт берилди. Эми түзүлгөн комиссия ушул жер тилкеси боюнча терең иликтөө жүргүзүп, акыйкат жыйынтык чыгарат деп ойлойм. Комиссиянын жыйынтыгы менен бул жер тилкесинин артынды кимдер турганы ачыкка чыгат деп терең ишенем. Мага кандайдыр бир суроолору болсо, жооп берүүдөн качпайм, кызматташууга даярмын. Мен дагы бир жолу кайталайм, бул жер боюнча МККнын кымындай да күнөөсү жок. “Комиссия өз ишин аягына чыгарганча, мени убактылуу МККнын төрагалыгынан четтетип турууңузду суранам” деп премьер-министр Сооронбай Жээнбековго арыз жаздым, ал канааттандырылды.

– Сиз азыр убактылуу гана кызматыңыздан кеттиңиз. Өмүрбек Бабанов болсо сөз Өкмөт тууралуу эмес, бир гана адам тууралуу болгонун, сизге гана мүнөздөлгөнүн билдирди. Кокус кызматтан кетип калсаңызчы?..

– Мени кызматтан кетирүү Бабановдун кыялы. Ал мени өзүнүн алдына койгон сайсый максаттарына жетүүгө тоскоол боло турган күчтүү саясый оппонент катары көрөт. Күн сайын мени жамандап НТСтен бир маалымат чыгарат. Ал маалыматтын 80 пайызы апыртылган, жалган. Учурдан пайдаланып, гезиттин окурмандарына кайрылам, эгерде НТСтен мени жалган-жалаа менен шыбаган сюжеттерди көрүп калсаңыздар, ага эч качан ишенбеңиздер. Анткени, ал жерде объективдүүлүк жыттанбайт. Журналисттик акыйкат, эки тарапты бирдей чагылдыруу жок.

– Биздин угушубузга караганда, Өмүрбек Бабанов экөөңүздөр кечээ эле жакшы достордон болгон экенсиздер. “Бизнес чогуу кылып, тил табыша албай кас болуп калышкан” деген да имиштер бар. Кандайдыр бир чындыгы барбы же жөн эле ушакпы?

– Жүз пайыз ушак. Мага апамдан калган 20 млн доллар болгон эмес. 1980-жылдардын аяктарынан баштап өзүмдүн маңдай терим менен адал каражат таап, бизнесимди куруп баштадым. Көптөгөн өйдө-төмөн учурлар болду. Эң негизги эки категорияны так айырмалай билиш керек. Айрымдар мамлекеттик кызматка келип, ээлеген ордунан кыянаттык менен пайдаланып байышты, экинчилер болсо, мамлекеттик кызматка чейин өз мээнети менен бизнес кургандар. Мен экинчилердин категориясы кирем.

– “Кызматтан түшүү жөнүндө маселе көтөрүлгөндө чоңдордун көбү көзү ачыкка чуркашат” деп угабыз. Сиз көзү ачыкка барасызбы же мечиткеби? Дегеле Кудайга ишенимиңиз кандай?

– Кудайга ишенем. Көзү ачыктарга барбайм, аларга ишенбейм.

– Бу кызматка келгени сынга кабылып келесиз: жер, шайлоо, паспорт боюнча. Ушул кызматта отуруп калганыңызга өкүнүп калган жоксузбу?

– Эч качан өкүнбөйм. Менин бул кызматка келүүм мамлекет жетекчилиги тарабынан коюлган биометрикалык технологиялар жаатындагы башталган жумуштарды аягына чыгаруу максаты менен байланыштуу.

Мамлекеттик каттоо кызматы (ММК) 2014-жылдан тартып саясый органга айланды. Себеби, МККга шайлоочулардын тизмесин түзүү тапшырылды. Ал эми паспорттор боюнча айтсам, былтыр бир дагы жасалма паспорт МКК тарабынан берилген эмес. “Жасалма паспорт жасайт” дегендин өзү туура эмес. Анткени, Мамлекеттик каттоо кызматы чыныгы гана документ берет.

– Жасалма паспорт чырына дегеле тиешеңиз жокпу?

– Айрым паспорт чырлары мага чейин болгон. Мындан 4-5-6 жыл мурун берилген паспорттор тууралуу жөнүндө сөз козголуп жатат. Демек, бу маселе ошол убактагы жетекчилердин жоопкерчилигинде болот.

– Бу кызматка келгениңизге канча болду, кандай иштерди аткардыңыз жана дагы алдыда кандай пландар бар эле?

– Бул кызматка келгениме бир жылдан ашты. Президенттин колдоосу менен бир жыл ичинде өтө чоң жумуштарды баштадык, көбү аягына чыга элек, чыгаруу керек. Биринчи жолу Мамлекеттик каттоо кызматына өткөн жылы 1 млрд. сомдон ашык инвестиция тартылды. Мындай буга чейин болгон эмес. Бул жылы биометрикалык паспортторду берип баштайбыз. Ондогон жылдар бою чаң басып жаткан архивдик материалдарды электрондук форматка өткөрүп баштадык. Бул тейлөө кызматын жакшыртууга чоң салым кошту. 2016-жылы 15 млн документ санариптештирилди. Автоунаалардын номурларын чыгаруу биринчи жолу мамлекеттин колуна өттү. Буга чейин номерлерди чыгаруу жеке тарапта болчу. Өзгөчө номурларга электрондун онлайн аукционду киргиздик. Бюджетке акча түшө баштады. Буга чейин акчалар бир депутаттын чөнтөгүнө түшүп жаткан. Дагы алдыда кыла турган жумуштар, жакшылыктар абдан эле көп.

– Бу жерден сизди эмне өкүндүрдү?

– Мени айлык акынын төмөндүгү өкүндүрөт. 6,5 миң сом менен Бишкекте эмес, айылда арабаңды тарталбайсың. Ушул жаатта алдыда дагы көп жумуштарды жасаш керек. Мамлекеттик каттоо кызматы жылына 2 миллионго чукул жарандарды тейлейт.

– Өзүңүздүн канча жериңиз бар? “Көп жерди алып туугандарына каттатып койду” деген да имиштер бар. Канчалык чындыгы бар?

– Менин Токтогулда гана жерим бар, шаарда болсо жерим жок.

– Шайлоо учурунда башаламандык болгону боюнча айтылып келет. Өткөндө Өкмөт Жогорку Кеңешке отчет бергенде да, шайлоодо кетирген кемчилигиңиз айтылып, ага мыйзам жүзүндө чара көрүлүп, жоопкерчиликке тартылышыңыз айтылды. Шайлоодо административдик ресурс колдонулганы, элдин көбү өз участогунан тизмесин таппай калганын, аты-жөнү башка жактан табылганын Өмүрбек Текебаев тастыктап келатат. Жана мындай фактыны Өмүрбек Бабанов да айтты. Жубайы экөө эки жакта болуп калган турбайбы. “Бу кемчиликти айтсам, “сами дураки” деп айтты, ушу да жооппу?” деп ачууланды. Эми эки Өмүке калп айтпаса керек?

– Айтылган сөздөрүндө калыстык жок. Шайлоолор 2015-жылдан баштап мурдагыларга салыштырмалуу таза өтүп баштады. Бул Кыргызстандын жеңиши деп ойлойм. Тизмелер боюнча кемчиликтер болду. Бирок мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу акыркы шайлоочулардын тизмеси алда канча таза жана так болду. Мурда шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн сатып алып жүргөн саясатчылар, партиялар таза шайлоону өткөрүүгө эбегейсиз чоң каршы күрөшүүдө. Алар баарын акча менен гана сатып алып коюп, жеңгенди каалашат. Эми адресин так айтып, көрсөтүш керек да.

– Кызматтагылар “аныкы калп, мунуку жалган” деп актанып эле келатышат. Сурайын дегеним, сиз калп айтасызбы?

– Калп айтпайм. Калп айткандарды жаман көрөм.

– Дегеле сынды кандай кабыл аласыз? Кекчилсизби?

– Жок, кекчил эмесмин. Биринчиден, сын болуш керек, бирок ал акыйкат айтылышы керек. Экинчиден, сын бар жерде гана жылыш бар деп ойлойм. Мага айтылген сын акыйкат болсо туура кабыл алам. Бирок, көпчүлүк учурда, сын саясий оппоненттердин көз карашы болуп калат. Бул сын эмес, бул сага болгон субъективдүү апыртма, мен ушундай деп эсептейм.

– Стресс, депрессияга түшүп калган учурлар болсо керек, андан кантип чыгасыз?

– Мен мындай учурларды тамашага айландырам.

Маектешкен Назира БАЯН кызы,
“Саресеп”, 16.02.2017-ж.

4 thoughts on “Тайырбек Сарпашев: “Мени кызматтан кетирүү Бабановдун кыялы”

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.