3-июлда Салянованын соту болот

3-июлда Салянованын соту болот

3-июлда “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованын соту Бишкектеги Ленин райондук сотунда уланат.

Эскерте кетсек, 2010-жылы Аида Салянова Юстиция министринин милдетин аткарып турганда “Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес” деген айып тагылып, иш козголгон.

Бул коюлган айыпты Аида Жеңишбековна четке кагып, саясий куугунтук деп келет.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.