Бабановдун кош жарандуулугун БШК карады

Бабановдун кош жарандуулугун БШК карады

“Бабанов Казакстандын жараны экен, кош жарандуулукту алып жүрүптүр” деген сөздөр дагы чагылгандай тез тарап, жазылып, айтылууда. Мындай сөз дайыма шайлоонун алдында көтөрүлүп чыгат. Бу жолу дагы бул маселе катуу көтөрүлүп, ал боюнча БШК карап чыкты. Тагырагы, БШКда жумушчу топ түзүлүп,  “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабановдун Казакстандын кош жарандыгын бар” деген негиздеги мандатын алууну сунуштаган арызды карашты.

Жумушчу топ жыйынтыгында мындай чечим чыгарышты. “Бабановдун кош жарандыгы жок, Кыргыз Республикасынын жараны” деген он жыл мурда (2007-жылы) Жогорку соттун чечими чыкканын айтып, Бабановдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууга негиз жок” деген тыянакка келишти.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.