Бүгүн Текебаевдин соту уланат

Бүгүн Текебаевдин соту уланат

“Ата Мекен” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөн Чотоновдун кезектеги сот процесси Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда 11-июлда башталган, бүгүн уланат. Кечээ сот отурумуна күбө катары депутат Алмамбет Шыкмаматов чакырылып, ал болгон чындыкты айтып, Маевскийдин, Өмүрбек Абдырахмановдун буга чейинки айткандарынын баарын четке какты.

Бүгүн Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү күбө катары келүүсү күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, “Ата Мекен” партиясныын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөн Чотоновго “Мегаком” ишканасына байланыштуу кылмыш иши козголуп, 26-февралда кармалышкан. Алар мындай айыпты четке кагып, саясий куугунтук деп эсептеп келишет.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.