5 жаштагы кызды тапсаңар, милицияга кабарлап койгула!

5 жаштагы кызды тапсаңар, милицияга кабарлап койгула!

Чачы кара, кыска кыркылган, көздөрү кара, тоголок, бети сүйрү 2012-жылы 1-июнда төрөлгөн Элеонора аттуу 5 жаштагы кызды табышууга жардам сурап апасы милицияга кайрылган.

Маалыматка караганда, 27 жаштагы Элиза аттуу келин Ысык-Ата районуна 12-июлда, түшкү саат 12лерде жумуш издеп келип кызын жоготуп алган. Бирөөнүн малын бакканга келсе, аны жумушка албай койгон. 40 мүнөттүк жолдон узап кетип, шар аккан суунун жээгине келгенде, ал унутуп койгон баштыгын эстеген. Кызын шар аккан суунун жээгине отургузуп коюп, баштыгына чуркап кеткен. Кайтып келсе кызы жок болуп чыккан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 5 жаштагы кыз сууга агып кетиши мүмкүн экендиги айтылууда. Учурда милиция издөө иштерин жүргүзүүдө.

Элеонора аттуу 5 жаштагы бөбөктү көргөн-билгендер болсо, (0554) 51-95-51, (0779) 20-72-59 номурларына кабарлап коюңуздар, туугандар!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.