Текебаевдин сотуна Отунбаева, Кулов, Нарынбаев келди

Текебаевдин сотуна Отунбаева, Кулов, Нарынбаев келди

“Ата Мекен” фракциясынын лидери, депутат, президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаев менен Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин мурунку министри Дүйшөн Чотоновдун сот процесси үч күндөн бери Биринчи Май сотунда жүрүүдө.

Бүгүнкү сот отурума күбө катары чакырылгандар Роза Отунбаева, Феликс Кулов, Данияр Нарынбаевдер келишти. Күбө катары ажо Алмазбек Атамбаев,  СДПК фракциясынын лидери Иса Өмүркулов дагы чакырылган эле. Бирок, алар келише элек.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновго “Мегаком” ишканасына байланыштуу кылмыш иши козголуп, 26-февралда кармалышкан. Алар мындай айыпты четке кагып, “саясий куугунтук!” деп келишет.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.