“Ата Журт” партиясы президенттикке Келдибековду көрсөтөбү?

“Ата Журт” партиясы президенттикке Келдибековду көрсөтөбү?

Учурда Т.Сатылганов атындагы Филармонияда “Ата Журт” саясий партиясынын кезектеги Курултайы өтүүдө. Аталган партияга ар кайсы облустан мүчөлөр келишти. Сөз алган партиялардын ар бир мүчөсү “Ата Журт” партиясы 2010-жылы өткөн парламенттик шайлоодо 1-орунду алганын, таасирдүү саясатчылардын курамынан түзүлгөнүн, кандуу Ош окуясынын токтолушуна чоң салым кошконун баса белгилеп айтышууда.

Алдын ала маалыматтарга караганда, бул партия Ахматбек Келдибековдун талапкерлегин алып чыгышат. Буга чейин Ахматбек Келдибеков өзү да Жогорку Соттун чечимине карабай, президенттикке ат салышарын айтып, тымызын даярданып келген.

Ал эми Жогорку Сот А.Келдибековдун соттуулугу алына электигин эскертип, шайлоого катышууга мыйзам жол бербей тургандыгын билдирген. БШКнын төрайымы Шайдлбекова да соттуулугу бар инсандын арызы кабыл алынбасын эскерткен.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.