Басковдун үйлөнүү үлпөтүн Рамзан Кадыров өткөрүп береби?

Басковдун үйлөнүү үлпөтүн Рамзан Кадыров өткөрүп береби?

“Ырчы Николай Басков теле алып баруучу, модель Виктория Лопыреванын тою Чечнянын президенти Рамзан Кадыровдун туулган күнүндө Грозный шаарында өтөт” деп интернетте тараган эле. Бул жөнүндө маалыматты Рамзан Кадыров өзүнүн Инстаграм баракчасына жарыя кылып, видеосун койгон. Видеодо Басков Лопыреванын колун сурап жаткан кези экен. “Үйлөнүү той Грозныйда 5-октябрда болот, ал күн Грозный шаарынын күнү жана менин 41 жашка толгон күнүм” деген президент. Николай Басков бул жөнүндө оюн билдирүүдөн баш тарткан. Ал эми продюсер Иосиф Пригожин менен аялы Валерия “буйруса, Николайдын тоюна барабыз” деп айтышкан. Ал эми Лопырева болсо өзүнүн Инстаграм баракчасына “Кавказская пленница” киносундагы үзүндүнү коюп койгон. Анда Шурик “свадьба не будет” деп кыйкырып жаткан болот эмеспи.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.