Сузактагы көрүстөндү сел каптап, маркумдардын сөөгү көчүрүлдү

Сузактагы көрүстөндү сел каптап, маркумдардын сөөгү көчүрүлдү

Мындай маалыматты ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Акчалуу айылындагы Акчалуу жана Ачы сайларынан келген сел айылдын көрүстөнүн каптап, бузуп, көрүстөндөгү маркумдардын сөөктөрүн агызып кеткен фактылар катталып, инфекциялык жугуштуу оорулардын пайда болуу коркунучу жаралган.

Аталган көрүстөнгө 1900–жылдардан баштап, 2008-жылга чейин жалпы болжол менен 1100 адамдын сөөгү көмүлгөн. 1100 адамдын сөөгү (152 сөөктүн аты-жөнү такталган, 948 сөөктүн аты-жөнү белгисиз) казылып алынып, көчүрүү иштери аяктады. Облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык коопсуздукту сактоо боюнча инструкцияларына ылайык эски мүрзөнүн ордун зыян келтирбөө жумуштары жүргүзүлүп жатат.

Эски мүрзөдөгү айланасы тосулган темир сеткалар чыгарылып алынып, кайрадан ондолуп жаңы мүрзөгө алынып келинип 400 метр аралыгы жаңыланып тосулду. Мындан тышкары, жаңы мүрзөгө бастырма курулуп жатат.

Это слайд-шоу требует JavaScript.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.