Кызыл көйнөк, кара көйнөк, ак көйнөк, Кайсыны кыргызыма чак көйнөк?

Кызыл көйнөк, кара көйнөк, ак көйнөк, Кайсыны кыргызыма чак көйнөк?

Кийим коомчулукту иренжитпеши керек. Ислам “чылкый кара же чылкый ак кийиниш керек” деген талап койбойт.

Мен актангым келбейт. Аллах күбө жана Аллах колдойт. Бирок мени күнөөлөп келгендерине таңгалам, мен 2007-2008-жылдары эмнеге чакырсам, ошого кайра каршы чыгып жаткан экенмин, тобо. Көчөлөргө илинген баннерлер боюнча позияциямды ар ким ар кандай түшүнүп, ар кандай жоромолдоп жатышат, сөздөрүмдү бурмалап, мени коомду арабдаштырууга, исламдаштырууга, пакистандаштырууга алып баратат деп күнөө коюшууда.

Биринчиден, билдирип коеюн – ИСЛАМ ЭЧ КАЧАН ЧЫЛКЫЙ КАРА ЖЕ АК КИЙИНГИЛЕ ДЕГЕН ТАЛАП КОЙБОЙТ.

Баарыңарга бир суроо – эмнеге биздин эркектер пакистандык кийим кийип жүрүшөт? Эмнеге биздин аялдар, кыз-келиндер арабдардын кара түстөгү абайа кийимин кийип жүрүшөт? Мусулмандык кийим деген түшүнүк да жок! Улуттук кийим деген түшүнүк бар. Эмнеге биз Пакистандын, Араб эмираттарынын, Түркиянын жана башка өлкөлөрдүн улуттук кийимдерин кийип жатабыз? Эмнеге өзүбүздүн улуттук кыргыз кийимин кийбейбиз? Мусулмандар бир гана ушундай кийим кийиниши керек деп ким айтты? Ойлонгулачы, деги “мусулмандык кийим” деген түшүнүк барбы өзү?

Мухаммад пайгамбар (Алла таала өзү колдосун!) мусулмандарга сунна калтырган, анда кандай кийинүү керектиги айтылат. Ал жөнөкөй эле. Кийим денеге жабышпаш керек, ичи көрүнбөшү керек, элдин көңүлүн өзүнө бурдурбаш керек. Аял киши — биз аврат деп атайбыз, — дененин кээ бир бөлүгүн жаап жүрүүгө милдеттүү. Аялдар үчүн жүзүнөн, кол манжаларынан жана таманынан башкасы аврат. Эркектерде тизеден өйдө, киндиктен ылдый жабылуу болууга тийиш. Ошондуктан эркектер узун шорта кие алышат. Бул минимум. А дегеле мусулман эрежелерине ылайык эркектердин кийимине – кенен шым, денеге жабышпаган джинсы жана кадимкидей эле көйнөк, свитер, классикалык костюмдар туура келет.

Башкача айтканда, Кыргызстандагы эркектердин негизинен баары кийип жүргөн кийимдер мусулманчылыкка туура келет!

Мусулман кийими деген түшүнүккө дүйнө элдеринин дээрлик көпчүлүгүнүн улуттук кийимдери туура келет, бир гана алгачкы коомдогу адамдар менен тропикада жашаган элдердики туура келбес.

Эмне орустардын улуттук кийими маңызы жагынан мусулмандык эмеспи? Эркектеринин шароварлары менен жеңи жок желеткилеричи? Же күйөөсү бар орус аялдарынын жоолугучу? Жоолуксуз элге көрүнүшчү эмес. Дегеле христиандык Европада ХХ кылымга чейин аялдар узун көйнөк кийип, жүздөрүн вуаль менен жаап келишкен. Кийинчерээк эле сексуалдык революция болуп, кыска көйнөк, кыска юбка кийип калышпадыбы…

Ислам эч качан Жакынкы Чыгыштагыдай, Пакистандагыдай же Ооганстандагыдай кийинигиле деп шарт койгон эмес. Андай буйрук да жок. Кээ бир динчилдер сөзсүз Мухаммад пайгамбардай (Алла таала өзү колдосун!) — кийиминен баштап сакалына чейин – дал өзүндөй болуш керек деп эсептешет. Пайгамбар ошол мезгилде кандай кийинишсе, ошондой кийинген. Ошол кездин технологиясын пайдаланган. Кынында кылычы болгон. Азыркы дүйнөгө ал мезгилдеги атрибутиканы көчүрүп келүүнүн кажети жок. Мезгил токтобойт, коом өзгөрүп турат. Атрибуттар өзгөрөт. Суннанын маңызы гана калат – уят жерлерди жаап жүрүү, ачык жерлерди жашыруу. Сырткы келбетиңиз элдин көңүлүн бурдурбасын, сөзгө калбаңыз. А кантип жаап жүрөсүз – бул сиздин ишиңиз. Кийим — артыкчылыктын, бой көтөргөндүн атрибуту болбосун. Башкача айтканда, өтө эле кымбат кийинүүгө негиз жок, таза, ыңгайлуу, көзгө толумдуу болсо болгону.

Ал эми эркектер көбүнчө кийген балахон көйнөк, кальсонго окшогон ак дамбал – бул… чындыгында пакистандык улуттук кийим. Согончокко чейин жеткен көйнөктөр (бизде кээде көрүп каласың) – арабдардын улуттук кийими. Абайя – аялдардын жерге жеткен кара көйнөгү – бу дагы Жакынкы Чыгыштан келген.

Ал жакта жана Иранда кара түстөгү хиджаб кийип жүрүшөт (бул кийим аталышы боюнча “хаджаба” сөзү – “жамынуу” дегенди түшүндүрөт). Малайзияда болсо, мисалы, аялдар өтө ачык, көз уялткан эмес, ак жана ачык түстөгү өңдөрдү жактырышат.

Бардыгы улуттук спецификага  — климатка, үрп-адатка, маданиятка жараша болот. Ислам эч качан чылкый кара кийингиле деген талапты койгон эмес, койбойт дагы! Бардык түскө уруксат берилет. Бир гана сары түстү сунуш кылышпайт – исламга ылайык бул түстө периштелер кийинип жүрөт. Жана кызыл – бул түстө көбүнчө отко сыйынган байлар кийип, өзүнө көңүл бурдуруп, өз статусун көрсөткүлөрү келген. Бирок сары түстү жалпы түстөрдүн гаммасында пайдаланса болот. Эң башкысы – кийим чачты, моюнду, билекти жабууга тийиш. А кантип? – бул эми өзүңөрдөн.

Эмнеге көпчүлүк динге ишенгендер чоочун улуттук кийимди кийгенди жактырышат?

Бул болгону, психологиялык фактор. Исламга киргенде, адам баласы жаңы жашоону баштайт. Аң-сезиминде, баалуулуктарга болгон, айлана-чөйрөгө болгон көз каршында төңкөрүш жүрөт. Мындай адамдар атүгүл ысымын өзгөртүп алышат (бул да шарт эмес), сырткы келбетин өзгөртүшөт. А кантип өзгөртүшөт? – Бул эми ислам жөнүндө алгачкы алган маалыматты кайдан алганына байланыштуу. Негизи психологияда адамдын алгачкы маалыматы негизги болуп калат. Бул – өзөк, дүйнө жөнүндө таанымы ошого жараша өрүш алат.

Экинчиден – КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН АКЫЛ-ЭСИ ҮЧҮН КҮРӨШ ЖҮРҮҮДӨ!

Эч ким бирөөгө мындай кийинишиң керек деп таңуулоого акысы жок. Бирок кийим коомду иренжитпеши керек. Ислам мусулмандан коом менен бирге жашоосун талап кылат. Эгерде динге берилген же берилбеген киши өзүн бир жамааттын, бир топтун, бир маданияттын гана бир бөлүгү катары эсептеп, ал эми өзү жашап жаткан коомчулуктун бир бөлүгү катары эсептебесе кандай болот? Анын өзүнүн ички дүйнөсү болот дечи. Бирок адамда анклавдык ой-жүгүртүү орун ала баштайт: — бул менин дүйнөм, а бул – чоочун дүйнө, душман дүйнө, бардыгы мага душмандар деп. Анда эле бүтүндөй жарандык коомдо ажырым пайда болот.

Анын үстүнө кандай кийим болбосун – бул символ дагы. Мына, айталы, бардык мезгилдерде кыргыз аялдар эркиндиги менен атагы чыккан. Кыргыз аялы бардык жагынан күйөөсүнүн жардамчысы болгон, ошого жараша кийими да өзүнө ыңгайлуу болгон. Перс булуңундагы өлкөлөрдүн аялдары саясый жактан да, социалдык жактан пассивдүү келишкен – эми салт-санаасы ошондой болгон да. Палестинада, Иорданияда, Ливанда – тескерисинче, аялдар лидер келишет, өздөрүнүн аял коомдорун түзүшөт, шайлоого активдүү катышышат, демонстрацияларга чыгышат, полицияга таш ыргытышы да мүмкүн. Алар араб аялдары, ошондуктан хиджабчан жүрүшөт. – бирок менталитети башкача. Кыргызстанда дагы аял жамааттары аябай активдүү – саясатта дагы, социалдык тармакта дагы. Бирок өз укуктарын билбеген, өзүнөн чыгалбаган аялдарыбыз да бар.

Ошондуктан кептин баары кийимде эмес… Эң башкысы – билим жана маданият, рухий дүйнө, мамиле, кылган ишиң.

Бүгүн динге ишенген кыргыз кыздары улутук ою-чийими бар кийимдерди тигип кие башташты. Акырындан ушундай да мода келатат. Бул процесс, ал үчүн убакыт керек. Көпчүлүк диний аалымдар кыргыз калпактарын кийип жүрүшөт. Ошонусу менен алар: “Биз чоочун эмеспиз, пакистандыктардын же арабдардын кызыкчылыгын көздөгөн жокпуз. Биз ал өлкөлөрдөн ыкмасын гана алдык, бирок кыргыз бойдон калдык” деп айткылары келет.

Туш-тараптан кубаттуу экспансия жүрүүдө – маданий, идеологиялык, маалыматтык. Бул табигый процесс. Ар бир мамлекет өзүнүн баалуулуктарын, диний да баалуулуктарын жайылтууга кызыкдар. Акыл-эс үчүн күрөш жүрүүдө. Бул күрөш – өтө олуттуу. Атүгүл экономикалык күрөштөн да ашып түшөт.

Бул күрөш “жеңил күчтөр” менен – музыка, кино жана дале да болсо кийим аркылуу билинбей жүрүүдө. Жакшылап көңүл бурсаңар, азыр жаштар арасында түштүк кореялык кинолор популярдуу. Биздин улан-кыздар ал кинолордун каармандарын туурай башташты – кыймылдаганы, кийингени, чач жасалгасы, унисекс модасы. Мисалы, Батышта жаштардын модасын саясый өңүттө жумшартып “унисекс” деп коюшат. Бул стилдин өзгөчөлүгү – андай жаштын жынысы кандай экени билинбейт. Бишкектеги дүкөндөрдү кыдырып көргүлөчү – денени тысырайткан “жынысы жок” чүпөрөк-сапыракка толуп кетти. Кадимки кийимди табуу кыйын болуп баратат. Кудум жаштарыбызга бул моданы бирөө атайын таңуулап жаткандай… Көпчүлүк саясый технологдор эчак эле түшүнүшкөн: мода – бул идеологиялык курал. Ким музыканы заказ кылса, ким моданы жайылтса, ошол алардын акы-эсине, кыймыл-аракетине ээ болот. Кийим, татуировка, чач жасалгалоо, бижутерия – мунун баары символдор. Ушул символдор жүрүм-турумдун кандайдыр бир коддорун орнотот.

Менимче, унисекс модасы атайын конкреттүү бир максат менен аң-сезимдерге киргизилүүдө – анын максаты аял менен эркектин ортосундагы чекти алып таштоо болуп саналат. Үчүнчү бир жакты, аял эмес, эркек эмес, “оно” дегенди жаратуу. Эркектерге аялдык назиктикти өткөрүшүүдө. Мунун артынан ири глобалдык саясат жатат. Анын түпкү максаты эмнеде?

Коомдун ирип-чириши. Эң коркунучтуусу – салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарга сокку  уруу болуп калды. Бул эмнени түшүндүрөт? Салттуу коомго каршы, ошол эле учурда, универсалдуу баалуулуктарга, салттуу динге каршы согуш жүрүп жаткандай. Жеке эле исламга каршы эмес, христианчылыкка дагы, иудаизмге да каршы. Бир тамырдан өнүп-өсүп чыккан үч динде тең бул бузукулукту айыптап жатышат, бир жыныстагы адамдардын үйлөнүүсүнө каршы болууда. Мунун саясаттын максаты – коомду баш ийген маңыроо массага айлантуу. Ошондо аны башкаруу абдан жеңил болот.

Автордун стили менен ою колдон келишинче сакталды.

Кадыр МАЛИКОВ

Кыргызчалаган Айбалта ЧЫНОЕВ

One thought on “Кызыл көйнөк, кара көйнөк, ак көйнөк, Кайсыны кыргызыма чак көйнөк?

  1. Кадыр ажы иним Кыргызстандагы исламофобторго, анын ичинде светтик радикалдар менен теничилерге, абдан жакшы, жалпак тил менен ислам динин, озгочо, мусулман кандай кийимдерди кийуу керектигин жана улуттук кийимдерге каршы чыкпаганын тушундуруп бериптир. Деги исламды улутка, кыргызды мусулмандарга карама каршы корсоткусу келгендердин арам иши — акылга сыйбаган иш.

Добавить комментарий для Турсунбай Бакир уулуОтменить ответ

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.