Ырчы Күлүпа Керимбаеванын көзү ачылып кеткенби?

Ырчы Күлүпа Керимбаеванын көзү ачылып кеткенби?

Күлүпа Керимбаеванын атагы таш жарып турганда эле жөнөкөй, жароокер, боорукер, берешендигин укканбыз. Ырчы айым ошол бойдон эле калыптыр. Бир кезде дүң болгон эжебиз менен сүйүүдөн саясатка чейин маектештик. Мектепте жакпаган кыздарды сабап, чоң муштум болгонун, уйгур эмес, кыргыз экенин, үнү жоктугун, жолдошун “ала качып алганын”, ажонун ырдаганын жактырбай, Текебаевди жактаганын, азыр Кудайдын сыноосунда экенин айтып берди. Кызыктуу маекти кесибинен баштадык.

– Эже, сиз ырчы катары таанымалсыз. Негизи кайсы кесиптин ээсисиз?

– Мугалим. Бала кездеги кыялданган кесиптеримдин бири. Кыз-келиндер (Женпед) окуу жайын бүтүргөм. Эмгек жолумду андагы Фрунзе шаарындагы № 2 мектептеги башталгыч класстан баштагам. Кыргыз тилинен сабак берчүмүн. Андагы окуучуларым 30 жашка чыгып калды. Жакшы окушчу. (Күлүп) Ошондо эле атагым чыккан. Ал кезде кыргыз тилинен сабак берген мугалимдер аябай атактуу, барктуу эле. Телерадиодон түшпөй калгам, журналисттер көп келчү…

Кыз-келиндер институтундагы группалаштары менен

– Эмне себептен ошол кесип менен калган жоксуз?

– Декретке чыгып кеткем. Болбосо ошол эле мектепте иштей бермекмин. Бирок, каалаган кесиптеримдин ээси боло алдым, мен ошого кубанам. Өспүрүм кезде көп кесипти каалачумун: ырчы, актриса, мугалим, журналист болгум келчү. Ушунчалык ырдагым келип, киного тартылгым келчү. 7-класста окуп жүргөндө Болот Шамшиевге кат жазгам. Жооп келген эмес. Анан эмнегедир киного сулуу кыздар тартылат го деп келбетимден да тартына берчүмүн. Анткени менин өңүм серт эле. Мойнум көрүнбөгөн толук, эркекке окшогон, балбан, чоң, алп кыз болчумун. Чоң муштум элем. Айылдын четинде шар аккан суу бар эле. Ошол жер “Чоң Чычкан көпүрөсү” деп аталчу. Ошол көпүрөдөн мектепте мага жакпаган кыздарды тосуп алып, уруп койчумун.

– Кандай окудуңуз эле?

– Алдыңкы окуучу деле эмес элем, активист болчумун. Дубал гезиттерин жазчумун. Спорт менен менен машыгып боюмду өстүргөм. 15-16 жашында кыздар чырайлуу болуп чыга келсе, (күлүп) меники серт болуп чыга келди. Ошондой болсо да жалаң келишимдүү балдарды карачумун. Келбеттүү бала болсо, ага өзүм эле тийишчүмүн. Баскетболго кызыккандыктан, Дене тарбия институтунан баскетбол боюнча билим алдым. 1-курсту аяктап, жайкы каникулга чыкканда, Эт комбинатына иш-чара боюнча барып калдым. Ал жерден Белек аттуу бала жагып калды. Таанышып, сүйлөшүп калдык. Кызыгы, мен жактырган балдар дагы мага көңүл буруп, келип, таанышып, сүйлөшчү.

Бишкек шаарындагы № 68 мектептеги эмгек жамааты

– Анда жолдошуңуздун да көңүлүн өзүңүзгө бурдурган турбайсызбы э? Кантип, каерден таанышып калдыңыз эле?

– Ооба, көңүл бурдурткам. Жолдошум менен Камволдук-нооту комбинатынан таанышкам. Ал жакка да жайкы каникулда институттун иш-чарасы менен барганбыз. Өтүп баратканда чачы тармал, кара тору, мурутчан, келишимдүү жигит көзүмө урунду. Жүрөгүм дүкүлдөп, кандайдыр бир сезим пайда болду. Эми ошондогу сезимимди сөз менен жеткире албайм. Аны карап, ичимден: “О-оо, жигит, акыры торго түшөсүң” деп күлүп койдум. Анан баягы, мен жактырган жигит, бир аздан кийин эле биз жакты көздөй басты. Менимче, ошондо, мен дагы Ырысбекке кандайдыр бир сезим калтырсам керек деп ойлойм. Болбосо басып келбейт эле да. Тартынбаган шок бала экен, таанышарыбыз менен мени кечки жолугушууга чакырды. Жакшылап, жакындан тааныша келгенде, ал Төкөлдөштө чыгаан балдардан экен. Ошол жерди кармачу тура. А мен болсо, “Ала Тоо” кинотеатрынын жанындагы паркта бий аянтчасы бар болчу, ошого көз салчумун. (Күлүп) Ошентип эки чыгаан жолугуп калганбыз. Анан экөөбүз биримдикке келип, достук мамиле түздүк. Достугубуз акырындап сүйүүгө айланып, сүйлөшүп жүрдүк. Каникул аяктап калганда үйгө, Токтогулга барышым керек болуп калды. Ырысбекке билгизбей, экөөбүзгө самолетко билет алып койдум. Мени аэропортко узатып келгенде, эки билетти көрсөттүм. Айла жок, мени менен чогуу Токтогулга учту. (Күлүп) Мындай мамилем менен аны “ала качып” кеткенсидим…

– Мындай көрүнүштү ата-энеңиз кандай кабыл алды эле?

– Бизди көрүп чочуп кеткен апамдын бетинен өөп, күлүп: “Апа, мен бала кезде эле “жигитимди сизге көрсөтүп, анан ага турмушка чыгам” дечү элем го. Ошол айтканымды аткардым”, — дедим. Апам дайыма эле: “Өтө эле шоксуң. Кантип күйөөгө тийер экенсиң? Тентек кызды жигиттер карамак беле? Албайт дагы” деп кейий берчү. “Апа, күйөөнү өзүм табам. Керек болсо үйгө алып келип, сизге тааныштырам!” дечүмүн. Ишенчү эмес. Ошон үчүн чочуп кетти окшойт. Айылды эми айтпай эле коеюн, “Ай-ий, тентек кыз супсулуу жигит таап алыптыр…” деп аябай сөз кылышкан.

Башталгыч класстарга мугалим болуп жүргөн кези

– Сиз жолдошуңуздун келбетин жактырыпсыз. А жолдошуңуз сиздин кайсы сапатыңызды жактырыптыр?

– Сураган эмесмин. Адамдык сапатымды жактырса керек деп ойлойм. Жөнөкөй, жароокер, боорукер болчумун. Ошентип күзүндө баш коштук. “Алган жары жарашса, кара катын ак болот” дегендей, келишимдүү күйөөмдүн жанында, мен да чырайлуу болуп чыга келдим. Турмуштун таттуусун да, ачуусун да чогуу көрдүк, 25 жыл бирге өмүр сүрдүк. Кудай бизге беш бала берди. Удаа-удаа эле үчтү төрөдүм: Руслан, Нурлан, Рустам. Үчүнчү уулубуз төрөлгөндө жолдошум, орусча айтканда, “один мальчик – не мальчик, два – только полмальчика, три – уже целый мальчик” деп сүйүнгөн. Кичүүлөрү эгиз — Чыңгыз, Жылдыз. Эсиңерде болсо керек, “Жылдызым — Чыңгызым” (сөзү, обону өзүмө таандык) деп сахнага ырдап чыккам. Мени көп ээрчип жүргөндөн уламбы, айтор, Жылдыз кичинесинде ырдачу. Кызымдын урматына “Жылдыз булагы” аттуу студия ачкам.

– Эгиздүү болгондо сүйүнсөңөр керек?

– Албетте. УЗИге барганда догдурлар “эгиз” дешсе, аябай сүйүнгөм. Анткени, эгиз балалуу болууну самачумун. “Пенденин оозунда болсо, Кудайдын кулагында” дегендей, кыялымды Алла Таала орундатты. Беш баланы багып, алардын келечегин камсыз кылуу үчүн фирма ачып, Үрүмчү, Эмиратка каттадым, базарда отурдум. “Буга эмне жетишпейт: күйөөсү начальник, өзү болсо соодагер” деп жактырбай, сөз кылып жүргөндөр дагы болду. “Үйдө тиги, бу жок. Тигини, муну сатып бер!” деп күйөөмдү кыйнагым келген эмес, дегеле кыйнаган жокмун. Өзүм иштеп тапчумун. Бизнесим жакшы жүргөндүктөн, акча агылган… Акча сураган адамдардан аячу эмесмин. Анда мага акча эмес, адамдык сапат, достук мамиле керек болгон! Азыр да адамдардан адамгерчиликти, жөнөкөйлүктү издейм.

Окуучулары менен

– Жолдошуңуздун фамилиясына баш кошкону өттүңүз беле? А өзүңүздүкү кандай?

– Өзүмдүн фамилиям – Бейшебаева. Биринчи жолу Филармонияда өзүмдүн фамилиям менен ырдап чыккам. Жаңыдан ырдап чыгып жатканда, кайын сиңдим: “Жеңе, Керимбаева болуп чыгыңызчы!” деп суранган.

– Ырдап чыкканда дүң да, сөз да болгонсуз. “Акчанын күчү менен ырдап жүрөт, болбосо үнү жок” деген кептер айтылып, жазылган. Мындай сынды кандай кабыл алдыңыз эле?

– Алгач мени дүң кылган репертуарымдагы ырларды атай кетсем: “Мен сенин жашырылган аялыңмын”, “Коштошуу вальсы”, “Жалгыз уя”, “Сүйүүнүн күчү”, “Фрунзе кечтери”, “Сен деле мага”, “Мени сүйгөндүр”, “Сагынба” “Эгерде мен…”. Ушул ырлар элдин жүрөгүнөн орун алды деп ойлойм. Ыр болгон жерде сын болот. Сынды туура кабыл алдым. Чынында эле үнүм жок болчу. Акчам бар, студиям бар. Каалагандай ыр жаздырам. Кыскасы, ал жерге өзүм хан, өзүм бий болчумун. Кичинемде аябай каалаган кыялымды, көксөгөн максатымды орундаттым десем болот. Келбетти болсо боеп койсо эле супсулуу болуп калат экенсиң да. Бир жолу Спорт Ордосунда концерт берип жатсак, бирөө сахнанын артына келип калды. “Ай-ий, булардын баары сахнада сулуу көрүнгөнү менен жакындан жөнөкөй эле аялдар турбайбы” деп бизди күлдүргөн. Сахнанын ыйыктыгы ушундан билсе болот, сулуу эместерди дагы сулуу көрсөтүп коет.

Окуучу кызы Элмира менен

– Кийим дагы ырчыга көрк берет эмеспи. Кандай өңдө көйнөк кийсеңиз, туфлиңиз да ошондой эле. Ошончо кийимиңизди кайда тараттыңыз?

– Сакталып турат. Шифонердин ичинде, үстүндөгүсү целлофанда. Улам жууп, кургатып, кайра салып коем. Чак келгенин кийип алам. Ар бир көйнөгүм ар бир концертимди эске салат. Көк, жашыл өңдөгү (бирюзовый) көйгөнүм бар болчу. Ошону суктанып карагандар, тамшанып, “ушул сизге жарашат” дегендер болгон. Айрымдары ак шымымдын жарашыгын айтып калышчу. Иши кылып концертке толтура кийим алып барчумун. Кийим сурап калган ырчыларга кайрылышчумун. Атүгүл, концерт бүткөн соң, машинанын артына толтура ырчыларды салып алып үйүнө чейин жеткирчүмүн.

– Ак көңүл, берешендигиңизден артыңыздан агылып артисттер ээрчигенин укканбыз. Кийим эле эмес, акча жагынан да жардам берген экенсиз. Алар ошол жакшылыгыңызды унуткан жокпу? Азыр алардын мамилеси сизге кандай?

– Ооба, артисттер эле эмес, журналисттерге жакшы жардам бергем. “Жүрөгүм ооруп атат” деген ырчыларга 1000 доллар карматкан күндөр да болгон. Кайра алганым жок. Билгени билип, саламдашып, концертине чакырып калышат. Шеринелеш ырчылар дагы бар. Чайлашып турабыз. Эжелеп сыйлап турушат.

Сахнага чыгып жаткан кезде акча агылып турган. Үйдүн ар кайсы жеринде турчу. Абысындарым келгенде “акчаңыз бу жерде экен, тиги жерде экен” деп таап алып келип беришчү. Туугандарга, дегеле кыйналып аткандардан акчаны аячу эмесмин. Концерттен түшкөн каражаттын 50 пайызын карылар, жетимдер үйүнө алып барчумун. Кайрымдуулук кылгандан ырахат алчумун. Азыр деле кайрымдуулук кылам. Кайрымдуулук концерттерден калбайм, барып, жардамымды берем. Берген жардамды рекламалаганды жаман көрөм. Азыр ооруп, жардам сурагандар көп. Денсоолукка зар болуп, финансыга муктаж болгондорго колдон келген жардамымды аябайм. Эгер ошол учурда шарт болбой калса, “эсимдесиң” деп жазып коем. Болгондо бере калам. Азыр мен Кудайдын сыноосундамын. Ошол сыноо иштер бүтсө, буйруса, кайрадан эле кайрымдуулукту көп кыла баштайм.

– Азыр эмне менен алексиз?

– Чыгармачылык менен эле. Мага ыр, обон күн-түн дебей келе берет. Ошону убагында диктофонго жаздырап калалбай калуудамын.

Жолдошу Ырысбек Керимбаев менен уулу Рустам

– Демек, кайрадан сахнага кайрыласыз? Сагынсаңыз керек?

– Албетте, сагынасың. Кайрылам десем студия деле турат. Баары эле даяр. Болгону — элге айтпаган бир иш бар. Ошол ийгиликтүү чечилсе, ырга кайрылам го. Ырдоо эч качан кеч эмес.

Туура айтасыз, Атамбаев деле 60 жашында ырдап чыкпадыбы. Ажонун ырдаганы сизге жактыбы?

– Жеңил ойлуулук деп ойлойм. Анткени, ажонун жолу башка да. Башчы болуп туруп ырдаганын туура эмес эле көрдүм. Атамбаевдин айрым кылган иштерин жактырган жокмун. Мисалы, Текебаевди обу жок эле каматып койду. Бул эмнени билдирет? Бул “менин колумдан баары келет” дегенди билдирет. Камоо жолу менен өч алуу болбойт!

Эгиздин түгөйү Жылдыз кызынын ырдап жүргөн кези

– Демек, Текебаевди жактайсыз?

– Чындык кай тарапта болсо, мен ошол жактамын. Текебаев чындыкты айтканы үчүн темир тордо отурат. Атамбаев Текебаев боюнча туура эмес иш кылды. Мындай мамилеси менен ажо чынга чычалагандай эле болуп калды. Аны баарыбыз эле көрүп, билип турабыз. Текебаев эл, жер, кыргыз үчүн күйгөн киши. Ак жерден темир тордо отурган баласын көргөн энесин, жубайын, балдарын азыркы ажо ойлоду бекен? Өзү деле Бакиевдин кезинде “балдарым, балдарым чыгып кетсин” деп жалдырады эле го, МУККтун адамдарына. Ал азыркыга чейин эле интернетте илинип турат. Интернетте дагы Атамбаевдин ар бир айткан сөздөрү жүрөт: “Кудай мени 6 жыл колдоду, багымды ачты” деген сөзүнө мен мындай деп жооп жазган: “Кудай берерин да, урарын дагы унутпаш керек!” деп. Кудай деле жакшы иш кылсаң колдойт, жаман иш кылсаң кордойт.

– Сизди “көзү ачылып кеткен” дегенди угуп калганбыз. Бул чынбы же калппы, билбейм. Эгер чын болсо, айтыңызчы, Текебаев темир тордон жакында чыгабы?

– (Күлүп) Кичинемден эле көзүм ачык. Бала кездеги бир окуяны айтып берейин. Үйдө бир саат бар эле, тургузуп койсоң токтоп, жаткырып койсоң иштеп калчу. Бир күнү бир кошуна аял үйгө келип кечке отурду, анан саат сурап калды. Чалкалап жаткан саатты карап, “муну эмне жаткырып койгонсуңар?” деп сураганда, мен: “биздин саат туруп иштесе башы айланып жыгылып калат” депмин. “Ай, ий, кичинекей эле кызыңар чоң кишидей сүйлөйт го. Кыйын сүйлөйт экен” деп аябай таңгалыптыр. Күлүп аны апам узатып кетип, кечирээк келген. Көрсө, кошунаныкына кирип бир чыны чай ичиптир да. Келсе эле менин температурам көтөрүлүп, туйлап, катуу ооруп, эсим ооп жатып калыпмын. “Киши узатпай мен куруйун. Чай ичип да отуруп калбадым, ка-ап. Айланайын ай, сенин сүйлөгөнүңө көз тийип кеткен турбайбы” деп чыйпылдап калды. Дем салдырып жакшы болгон экем. Ошондон кийин апам мени “төлгөчү” кылып алган. Менден бир нерселерди алдын ала сурап калчу. Көңүлүм жакшы болсо “болот” деп калчумун. Таарынтып койсо, “болбойт” десем, чын эле болбой калчу. Чынында айткандарым туура чыкчу… Токтогулдуктардын көбү сөзгө кыйын. Чоңколордун кыйын сүйлөөрүн уксаңар керек. Чоңколордун, андан дагы демократ акын Токтогул Сатылганов атабыздын тукумдары болсок. Токтогул атабыз жүргөн жерде жайгашып, ичкен суусунан ичсек, өнөрлүү болобуз да.

Суроодон алыстап кеттик окшойт. Эми Текебаевди айта турган болсом, анын иши боюнча акыры акыйкаттык болот. Мен ага бөркүмдөй ишенем! Анткени, ал киши ак!

36 жаш. Өзүнүн фамилиясы — Бейшебаева болгон кез

Дагы бир имишти тактайлычы. “Алаканына темир идиштер жармашып калат экен: вилка, кашыктар…” деп да укканбыз. Мындай касиетиңизди көргөндөр болгон турбайбы?

– (Күлөт) Алаканым катуу ысыганда каякка коерумду билбей калам. Андай учурда темирди эмес, адамдарды көрүшүм керек. Жанымда отурган адамдын жаман энергиясын билип коем. Анткени, ал эмес, мен кыйналам. Анан ага кантип тазаланыштын жолун айтам. Макул болсо, дем салып берем. Кичинекей балдар ыйлап атса да, эмдеп-домдоп коем.

– Балдарыңызга, неберелериңизге эмиңиз түшөбү?

– Түшөт. Газета, арча же бычак менен ырымдап, эмдеп коем. Менин касиетим улуу баламда бар. Негизи ар бир адамда касиет бар. Болгону ошону туура пайдаланып, ага ишенүү керек! “Суунун аты Сулайман” деп бекер айтылган эмес да. Көзүгүп калсаң же өзүңдү жаман сезип турсаң, бир идишке суу куюп, Курандагы Кулхулдабатты 8 жолу окуп, эңкейип үч жолу бети-колду жууш керек! 5 мүнөттөн кийин эле жакшы болуп каласың.

– Киши кармалаган касиетиңизди жолдошуңуз билчү беле?

– “Эл көрүп, аларды дарылайт элем” деген сөз жолдошум экөөбүздүн ортобузда болгон. Анда Ырысбек Керимбаев республика боюнча МАИнин башчысы эмес беле! “Мен мамлекеттик кызматта иштеп жатсам, сен ак жоолук салынып, киши көрүп жатсаң, уят го. Андан көрө, сахнада эле ырдап жүрө берчи”,-деген.

– Кайсы жерге, кандай келин болдуңуз?

– Чүй облусуна караштуу Онбир Жылга айылына келин болгом. Айылдын кадыр-барктуу, бай адамы Абдыралы Керимбаевдин келини болгонумду сыймыктануу менен айтаар элем. Кайын атам аябай жакшы киши болчу. Келиндерине айланып, кагылып эле турчу. Тамак тандачу эмес. Берген тамагыңа ыраазы болуп, батасын берчү. Ушунчалык жөнөкөй адам эле. Жакшы адам болгон үчүн айылдагы мектепке аты-жөнү берилген. Келишимдүү адам болчу. Жолдошумдун кебетеси да, мүнөзү да атасына окшош эле…

Кызы Жылдыз Бишкектеги КУУнун 2-курсун аяктап, 3-курсту Германиядан уланта турган учуру. Азыр Германияда окуусун улантып жатат.

– Кайын энеңиз кандай киши эле? Мамилеңиздер кандай болгон?

– Ырысбек менен сүйлөшүп жүргөндө эле ата-энеси менен тааныштырган. Кайын атам жактырганы менен кайын энем жактырган эмес. Апам үйрөткөн аялга тиешелүү нерсенин баарын кылчумун. Үйдө аялдын, сыртта эркектин жумушун жасачумун. Жумуш кылган жагымды кайненем жактырганы менен келбетимди жактырган эмес.

– Эрегишип калган жок белеңиз?

– Жо-ок. Менде андай мүнөз жок болчу. Азыркы келиндерге: “кайын энеге өчөшпөш керек, сыйлоо керек! Ал канчалык урушса, ошончолук жакшы жагыңды көрсөтүп, жагынуу зарыл. Жолдошуңду сүйүп турмуш курган соң, анын апасын дагы сыйлоо абзел! Ал үчүн күйөөң менен да урушпа!” деп айтаар элем. Анткени, “ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр” дегендей, баарыбызда ар түркүн кыял бар. Мен кайын энеме кыял көрсөткөн жокмун. (Күлүп) Кайненем жактырбаган сайын жармашып, бетинен өпчүмүн.

– Бүгүн өзүңүз кайын энесиз. Кандай кайын эне болуп жатасыз?

– Кайын энелик кылып кыр көрсөтпөйм. Кайын энелик милдетти алып, небере баккан жокмун. Себеби, келиним орус улутунан. Алар оордугун кайын энеге көрсөтпөй, сый болот экен. “Жакшы чыкса келиниң – уулуңду кайра төрөйсүң, жаман чыкса келиниң – өз уулуңа өгөйсүң” дегендей, келиндерим балдарыма өгөйлөткөн жок. Мен ошого сүйүнүп, шүгүрчүлүк кылам.

– Чоң апасына балдарыңыз барып турабы?

– Кечээ эле баарыбыз бактылуу элек. Дегеним, кайын атам, кайын энем, жолдошум, Рустам уулум бүгүн арабызда жок. Жаткан жерлери жайлуу, топурактары торко болсун. Бардыгы жакшы адамдар эле… Кайын энемдин ичи кенен, адамга жамандыгы жок болчу. Кайын атамдан 30 жаш кичүү болчу. Эрке аял эле. Кол алдында кызматчылары бар болчу. Күндө кой союлар эле. Ушунчалык бай жашашчу.

– “Байбыз” деп да кемсинтишет го. Андай болгон жок беле?

– Жок. Андай такыр болгон жок. Бай болгону менен бой көтөрүшкөн жок. Өзүмдүн атам дагы бай болчу. Кашгардан келген уйгур эле. Эшектери аябай көп болчу. Бир эле эшек машинанын ролун аткарчу. “Эшеги көп болсо эле, бай экен деп атаңарга тийип алыпмын” деп апам күлүп калчу. Атамды “Дада” дечүмүн. “Балбан кызым бар” деп мени эркек балдар менен мушташтырчу. (Күлүп) Далай балдардын мурдун канжалаттым го. Бирөө үйүнөн качып кетсе же жоголуп кетсе, мени атамдан сурап кетишчү. Табышканга жардам берчүмүн.

– Ошондо сиз кыргыз эмес, уйгурсузбу?

– Мен кыргыз элемин. Мени багып алышкан. Атамдын эжеси багып алган. Жалгыз кыз болуп чоңойдум. Бирок, апам бардык нерсеге тың өстүргөн. Баарын үйрөткөн. Апама аябай ыраазымын. Тың өстүргөн үчүн менен турмуштагы кыйынчылыкты жеңдим да.

– Анда бир туугандарыңыз бар турбайбы? Алар менен катташасызбы?

– Ооба, бир туугандарым бар. Алар менен азыркыга чейин катташам. Ал эми апам жактан бир туугандарга жарды элемин. Кудайдын мунусуна деле шүгүрчүлүк кылам! Кимибиз кайда болбойлу, аман бололу! Эң башкы байлык — денсоолук экенин унутпайлы! Кызарып баткан Күндү, агарып аткан таңды көрсөткөн Кудайга таазим кылып, дуба окуйм!

– Намазга жыгыласызбы?

– Ниетим бар. Жүрөгүм ооруп, инфаркт болгом. Денсоолуктан улам тамакты мүнөздөп ичип калгам. Ички органды тазалаганга — бака жалбырак жакшы. Аны кургатып, таза, көлөкө жерге кармоо зарыл. 2-3 чымчым чайникке салып, демдеп, чай ичкендей эле иче берүү керек! Ичээр алдында Аятал курсин окуп, жыт чыгарып, арбактарга куран окуп туруу абзел. Анан сөзсүз түрдө доктурларга көрүнүп туруу зарыл! Аялдын бактысы – балалуу болуу эмеспи. “Эч болбосо кеч” дегендей, бала кечеңдесе да, Кудай берерин унутпасын! Мен 38ге чыкканда эгиздерди төрөгөм. 36 жашымда ырдап чыктым. Азыркы ырчыларга түшүнбөйм, 30 жашка келгенде эле “картайдым” деп калат экен.

– “Жаш эле бойдонсуз. Кайталап турмуш куруңуз” дегендер, дегеле колуңузду сурагандар да болуп жатса керек?

– Сурагандар болду жана болууда. “Турмушка чыгып алыңыз” деп кеңеш бергендер да бар. “Эмне чоң атаң барбы мага ылайык?” десем, күлүп калышат. Мен турмушта бир гана адамды сүйгөм – ал жолдошум Ырысбек Керимбаев!

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

Сүрөттөр: Күлүпа Керимбаеванын үйбүлөлүк альбомунан алынды.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.