Жеңиш МОЛДОКМАТОВ, «Замандаш» саясий партиясынын теңтөрагасы: “Курултайда партиядан бирөөнү алып чыгабыз же бир талапкерди колдойбуз”

Жеңиш МОЛДОКМАТОВ, «Замандаш» саясий партиясынын теңтөрагасы: “Курултайда партиядан бирөөнү алып чыгабыз же бир талапкерди колдойбуз”

Бүгүн “Замандаш” партиясынын Курултайы болот. Ошонун алдында Жеңиш мырза менен азыноолак маек курдук.

– Жеңиш мырза, силердин Курултайыңар кечеңдегенден уламбы, айтор, ар кандай кеп кетти: партиянын лидерлери менен сүйлөшүүлөр болуп жатат деген… Сүйлөшүүлөр болду да?

– Албетте, партиянын ичинде да, сыртында да сүйлөшүүлөр болду. Биздин партиянын 23 комитети, он миңден ашуун мүчөлөрү бар. Аймактагы мүчөлөрдүн баарын Курултайга чакырып, кеңешип чечебиз. – Мындай маселени бир адам чечип коюу туура эмес. Биздин партиянын башка партиялардан өзгөчөлүгү ушул – маанилүү маселени бир адам эмес, миң деген адам чечет. Мисалы, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Өмүрбек Текебаев өздөрү чечип коет го. Бизде андай көрүнүш жок. Бизде партия мүчөлөрүнүн ар биринин ой-пикири өтө баалуу. Ошон үчүн партия түзүлөт да.

– “Ата Мекен” же “Өнүгүү-Прогресс” менен биригет” деген имиштер бар. Кайсы партиянын лидерин колдой турган болдуңар?

– “Ата Мекен” партиясы менен биригүү боюнча эч нерсе чечиле элек. “Өнүгүү-Прогресс” партиясын колдобойбуз, себеби, бул чечилген маселе. Февраль айында, “Замандаш” партиясы Бакыт Төрөбаевди президенттикке алып чыгат экен” деген имиш кеткен. Мындай ушак-айың бизге өтө эле жагымсыз болду. Бул бир. Экинчиден, жеке өзүм Бакыт Төрөбаевди инсан катары сыйлайм. Ал аз убакыттын ичинде эле партия түптөп, парламентке депутат болуп келди. Бул чоң жетишкендик. Күчтүү саясатчы, бирок, президенттикке талапкер катары эмес! Бийлик башына келүүгө эртерээк, ал дагы-дагы тажрыйба топтоп, өсүүсү керек! Бул партиянын эмес, менин жеке оюм.

– Бу жолку президенттик шайлоонун айырмасы эмнеде?

– Биринчиден, бардык атаандаштарга ийгилик каалайм! Мына бүгүн Өмүрбек Чиркешович да тест тапшырганы турат, ага да ийгилик каалайм!

Бу жолку президенттик шайлоодо атаандаштык бар. Буга чейин мыйзамдуу демократиялык атаандаштык менен президенттик шайлоо өткөн эмес. Бул жолу буйруса элита эмес, эл шайлайт. 1991-жылы Аскар Акаевди эл шайлаган эмес, саясий элита шайлаган. Апсамат Масалиевди тактан алып түшүшкөн. Сырттан киши керек болчу. Чыңгыз Айтматов сунуштап, бийлик башына Акаевди алып келишкен. 2005-жылы болсо төңкөрүш болуп, капысынан Курманбек Бакиев келип бийликке олтурду. 2010-жылы болсо баарыбыз билебиз, кандуу төңкөрүш болуп, Убактылуу Өкмөт түзүлүп, Роза Отунбаева, андан кийин Алмазбек Атамбаев болду. Бул жолку президенттик шайлоодо атаандаштык бар дегеним ушул. Бардык талапкерге бирдей шарт түзүлдү. Мына Бабанов, Сариев, Төрөбаев дагы “татыктуу өтөбүз” деп жатышат. Туура, бу жолу атаандаштык күндөн күнгө күч алууда. Күзүндө чоң күрөш болот. Бийлик башына татыктуу инсан келет. Бу жолу эл өзү татыктуунун татыктуусун тандап алат го деп ойлойм.

– “Элине жараша беги”, “калкына жараша ханы” дегендей, элибиздин тандоосуна жараша эле ажо келип жатат. Дегеним, шайлоого келгенде карапайым калк добушун акчага сатып жиберүүдө… Ошону билип калган капчыктуулар эмитен эле элди тымызын колго алып жатпайбы…

– 2015-жылкы парламенттик шайлоодо элдин добушун капчыктуулар акча менен сатып алышканы ырас. Ал шайлоо боюнча ажо Алмазбек Атамбаев дагы кайсы бир жолугушууда: “2015-жылкы шайлоодо парламентке олигархтар келди. Алар бизнесин коргогону келишти” деп айтпады беле. Көрбөдүкпү, кайсы олигархтар келгенин. Бу жолку шайлоодо эл жаңылбайт го деп ойлойм. Анткени, бул президенттик тактыга ат салышуу. Болгондо да тынчтык жолу менен президенттик шайлоо өткөнү турат. Тагырагы, бу жолу ажону тактыдан сүйрөп түшмөй, же кууп жибермей жок!

– Курултайда бирөөнү колдойсуңарбы же талапкер алып чыгарасыңарбы?

– Талапкер чыгарабыз же колдойбуз!

– Курултайда президенттикке талапкер катары сени көрсөтпөй калсачы?.. Партиянын мындай чечимине таарыныч болбойбу?

– Жок, таарыныч болбойт. Менде андай мүнөз жок. Менин бир гана максатым – ушул партияны түптөп кеткен Муктар Өмүракуновдун аткарылбай калган максатын ишке ашыруу. Менде бир гана кызыкчылык бар, ал элге ак кызмат кылуу!

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.