Турсунбай БАКИР уулу: “Жесткий даватчы” деген жаңы ысымдуу болдум…”

Турсунбай БАКИР уулу: “Жесткий даватчы” деген жаңы ысымдуу болдум…”

Акаев бийлигинен бери президенттик шайлоого активдүү катышып келаткан — Турсунбай Бакир уулу. Бу жолу “ЭрК” партиясынан талапкерлиги көрсөтүлдү. Турсунбай ажы менен саясаттан сүйүүгө чейин маектештик. Маекте Текебаев, Чотонов менен кечээ бир партияда болгону, Атамбаевдин артыкчылыгы, кемчилиги, Турсунбек Акун экөөбү эмнеге касташып калганы, “ваххабист” деген атка ким кондурганы, дин жолуна ким алып келгени, учурда канча аялы бар экени, эмнеге социалдык түйүндө көп отурары боюнча айтылды.

– Турсунбай мырза, ушуну менен сиз президенттикке канчанчы жолу талапкерлигиңизди коюп жатасыз?

– (Күлүп) Мендей президенттик шайлоого катышкан саясатчы жокко эсе го дейм. Тээ 1995-жылдан бери эле ат салышып келатам. Ошол жылы калктын колдоосу менен 58 миң кол топтоп, БШКга тапшыргам. Өкүнүчтүүсү, андагы Акүйдүн билермандары “Акаевге атаандаш эки аксакал саясатчы — Апсамат Масалиев жана Медеткан Шеримкулов” деп, бизге окшогон жаш саясатчыларды шайлоодон сүрүп чыгышкан. Анан 2000-жылы да Акаевге атаандаш болуп, шайлоого катышып, аягына чейин күрөштүм. Бирок, бийлик деген бийлик да, ыплас саясий технологияны колдонуп, мени жамандап, болгондо да ваххабист кылып, жеңип кетти. Анда Акаевдин басма сөз катчысы, силердин кесиптешиңер Камил Баялинов эле. Ал кийин болгон чындыкты “Комсомольская правда” гезитине жазып чыккан. Көрсө, мени утуп кетет деп чочулаган бийлик, ушундай ыплас ыкманы колдонуптур. Ошол мезгилден бери, кандай саясий шайлоого катышпайын мени “ваххабист” кылып келатышат. Мындай сөз кайсы шайлоого катышпайын калбады. Сөзсүз ушуну айтып, элге мени жамандап, кыргызга душман кылып көрсөтүшөт. Эсиңиздерде болсо керек, Бакиевдин убагындагы шайлоодо дагы ушундай сөз таркаган. 2005-жылы да Бакиевге атаандаш болгом. Анда да мени Акүйдөгү таасирдүү кызматтагылар кабинетине чакырып, талапкерликтен баш тартуумду суранышкан.

– Мисалы, кимдер?

– Курманбек Бакиев өзү баш болуп чакырган. Үсөн Сыдыков, Нур уулу Досбол, Исмаил Исаков жана Бектур Асанов чакырып, “бизге тоскоол болуп жатасыз, талапкерлигиңизди алып коюңуз” дешкен. Кийин Молдомуса Конгантиев, Данияр Үсөнов, Акылбек Жапаров чакырып, жогору жактан буйрук болгонун айтышкан. “Айтканымдан кайтпасамчы?” десем, “анда камайбыз! деп өктөм сүйлөшкөн. Ошондо апамды жоготуп, жаңы эле жерге берген кезим эле. Иним жүрөгүнөн операция болгон. Талапкерликтен туугандарымды жогору коюп, баш тарткам. Ушундай жол менен мени президенттик шайлоодон четтетип салышкан. Административдик ресурсту колдонуп, жасалма жол менен жеңишке ээ болгон эки президенттин бири Орусияда, бири Беларуссияда жүрөт, а мен, Кудайга шүгүр, Кыргызстанда калдым.

– “Шайлоо таза өтөт” деп эле жатышат бийликтегилер. Сиз буга ишенесизби?

– Мен эч качан бийликтеги президенттин сөзүнө ишенбейм! Анткени мурунку президенттердин баары эле таза шайлоо өткөрө алган жок. Мына эми Атамбаев дагы “таза шайлоо өткөрөм” деп атат, ага да ишенбейм! Анткени, ал бийликте жалгыз эмес, командасы менен да. Ошол айланасындагылар таза шайлоодон коркуп, болушунча Атамбаевге ар нерсени айтып, бузушат. Себеби, жаңы келген президент биринчи күндөн баштап эле коррупционерлер менен күрөштү баштайт: ичкен-жегендерин кустуруп, түрмөгө отургузат. Ушундай болоорун азыркы бийликтеги коррупционерлер жакшы билет. Ошон үчүн кайра эле бийлик башына өз кишисин алып келгенге аябай аракеттерин жумшашат. Аракети болсо баягы эле — ыплас саясий технология. Эгер мындай ыплас жол менен өз кишисин тактыга отургузушса, анда чоң чыр чыгат. Саясий күрөш катуу болот. Ал эми Кыргызстан үчүнчү ыңкылапты көтөрө албайт!

– Эл көтөрүлүп кетиши мүмкүн дейсизби?

– Мүмкүн. Анткени, 2010-жылдагы Акүй алдындагы, кандуу Ош окуясында жакшы жашоо үчүн күрөшүп, көз жумган, анда да бөөдө эле шейит кеткендердин өлүмү акталган жок да. Бул маселени каза болгондордун туугандары, тарапташтары көтөрүп, элди митингге алып чыгат. Андай учурда утулуп калган саясатчылар жөн жатмак беле, сүйүнүп эле нааразы болгондорго кошулуп, колдоп, ого бетер күрөштү күчөтөт. Ошондуктан, сиздер (журналисттер) аркылуу “кан төгөм” ­дегендерге: “кереги жок! Акүйгө төңкөрүш кылбай, жандүйнөгө төңкөрүш кылгыла!” деп айтаар элем. Саясатта “бульдозер” атыккан Азимбек Бекназаров жандүйнөгө революция кылууну эми түшүнгөнүн айтып жүрөт. Мына ушинтип Алла Талаа бат эле адамдардын жүрөгүнө ыйман салып коет. Тажрыйбалуу саясатчылар түшүнгөндөн кийин, башкалары дагы түшүнөт деп ойлойм.

– Бирок, ал киши дагы атаандашыңыз болуп чыга келди го. Сиздин ­талапкерлигиңизди көрсөткөн “ЭрК” партиясынан Бекназаровго окшогон белгилүү, көрүнүктүү саясатчылар барбы?

– Баарыңыздар эле билсеңиздер керек, биздин партия Кыргызстанда түзүлгөн туңгуч партия, түзүлгөнүнө 25 жыл болду. Алгачкы ардагер мүчөлөрүбүздүн көбү бу дүйнөдөн өтүп кеткен. Алар эски бийлик менен катуу күрөшүп, денсоолугун жоготушкан. Мисалы, Эркин Шерниязов. Болот Шер менен Садык Шердин бир тууган агасы. Белгилүү, мыкты журналист Сатыбалды Жээнбеков. Дагы бир мыкты журналист кесиптешиңер Бактыгүл Чотурованын жолдошу Тургунбек Аккүчүков ­бар болчу. Калгандарына Алла Талаа өмүр берсин. Биздин партияга мыкты, көрүнүктүү инсандар кошулуп жатат, кошулабыз дегендер да болууда. Бирок, алардын аттарын азыр атай албайм, шайлоо ийгиликтүү өткөндөн кийин гана атайм.

– Азыр эмнеге атоого болбойт?

– Анткени, саясий куугунтукка алынып жаткандарды көрүп эле жатпайбызбы…

– Саясий куугунтукка алынгандардын бири – Өмүрбек Текебае­в менен Дүйшөн Чотонов. Жалган жалаа менен сот 8 жылга кести. Соттордун иши боюнча мурунку акыйкатчы катары акыйкат сөзүңүздү уксак…

– Бул жерде чынында, азыр сотко эле кыйын болууда, кимди угаарын билбей. Мен сотко: “Алла Талааны гана ук, чындыкты айт! Ушак, жалган жалаа жабуудан алыс бол, бардык ишке калыс бол!” деп айтаар элем. Акыйкатчы болуп турганда, акыйкат издеген, түрмөнү түрө кыдырган жалгыз мен элем. Абакта отурган саясатчылардан да дайыма кабар алчумун. Мисалы, Феликс Кулов, Акматбек Кел­дибеков, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Нариман Түлеев, Борис Воробьёв, Равшан Сабировдорго кирип, сүйлөшүп чыккам. Мына, быйыл, февраль айынан бери УКМКга барып, Өмүрбек Чиркешовичке жолуга албай жүрөм. Ар кайсы шылтоону айтып, киргизбей коюшту. Тергөөчүлөргө айтсам, СИЗОнун башчысына дейт, ага айтсам, дагы бирөөнү айтат, айтор, бири-бирине түртө беришет экен. Мурда кирип эле жүргөнүмдү айтсам, “анда сиз депутат, омбудсмен элеңиз. А азыр кызматта эмессиз, андыктан кирүүгө мүмкүн эмес!”,- дейт. Ошентип жакындан жолугуп, көрүшө албай жүрөм. Бир жолу Биринчи Май сотундагы сот процессине бардым. Анда да жакын жолотушпай коюшту. Алыстан эле көрүшүп, Чотонов экөө менен кол көтөрүп гана саламдаштым.

– Өмүрбек Текебаевге бийлик тарабынан аябай эле бут тосуу болуп, камап салышты. Айрым саясатчылар табалап жатат. Мына сиз Кудай деген кишисиз, калыстыгыңызды айтсаңыз?

– Адамдын башына оорчулук түшүп турганда, табалаган Кудайга жакпаган иш. Текебаевдин партиялаштары, тарапташтары, Асия Сасыкбаева баш болуп, мына сиз дагы калыс сөзүмдү сурап жатасыздар, айтайын. Мен ал учурда Убактылуу Өкмөттө мүчө болбосом, эч нерсе билбесем, көрбөсөм, эмне дейм?! Мен анда Малазияда Кыргызстандын элчиси эмес белем. Бири Конституциянын “атасы” болсо, бири ыңкылаптын “атасы” (Атамбаев жөнүндө сөз болууда. Путин келгенде, журналисттердин алдында ошентип айтпады беле – авт.) эмес беле? Ушул эки атанын ортосундагы чыр-чатакты Кудай, анан өздөрү гана билбесе, эч ким билбейт. Себеби, кечээ эле Бакиевди кууп, бир команда болуп, бийликке келгендерин баарыбыз эле жакшы билебиз да. Ынтымак менен бийлик башына келип, азыр араздашып, бири-бирин соттоп, абакка отургузуп жатканы, өздөрүнө өздөрү душман болуп калганы, албетте, өтө жаман көрүнүш. Эгерде саясий эсептешүү болсо, анда уят нерсе.

– Атамбаев, Текебаев менен мамилеңиз кандай?

– Акаев Атамбаевди куугунтуктаганда, акыйкатчы катары мен коргогом. Ал рахматын айтып, “оор учурда колдоп, коргоп, эсимде калдың” деген. Аны өзү жакшы билет, андыктан танбаса керек! Ал эми Текебаев менен достук мамилебиз болбосо дагы, тааныш-билиштигибиз бар. Ал “ЭрК” партиясынын теңтөрагаларынын бири эле. Ошондо эски партиялаш болуп калат. Биздин ­партияны Топчубек Тургуналиев экөө жетектеген. Ал эми Дүйшөн Чотонов болсо партиянын мүчөсү эле. Анда студент болчу. Текебаев “Ата Мекен” партиясын түзүп, бизден кетип жаткан учурда келген. Анан мен Чотоновго: “Мен Топчуке менен калам, сен Текебаевге кете бер” дегем. Кечээ эле партиялаш, үзөңгүлөш адамдарымды темир тор артынан көрүү өтө кыйын. Учактан түшкөндө кармап, колуна кишен салып, темир тор артына отургузуу азыр эле чыга калган жок. Ал тээ илгертен эле бар, Акаевдин бийлигинен бери эле келатат. Акаев дагы андагы Айыл чарба министрин учактан түшөрү менен карматып, каматкан. Учактан түшөөрү менен кармоо — бул психологиялык курал. Жалпак тил менен айтканда, элди коркутуу. “Ушундай кишини отургузуп жаткандан кийин, бийликке биз эмне болуп калыппыз?” деп коркуп калган калк бар. Ошон үчүн митингге эл аз чыгып жатат да…

– Атамбаев алты жылдан бери мурунку ажолорду жамандап эле келатат. Бирок, учурунда “мындай президент жок” деп Бакиевди аябай мактады эле. Мурунку ажолор менен мамилеси кандай эле?

– Алмазбек Атамбаев Аскар Акаев менен мамилеси жок болчу, а Курманбек Бакиев менен мамилеси бар болчу. Атамбаевдин кемчилиги эмнеде? Кечээ эле мамилеси жакшы болгон адамдарды жамандагынында. Бакиевдин колунан орден алган. Премьер-министр болуп турганда, аны аябай мактаган: “мындай президент жок, бул Кыргызстандын бактысы” деп. Жакшылыктарын көрүп, артынан жамандоо — бул туура эмес нерсе. Сиз айткандай, 6 жылдан бери эле бери эки президенттин огородуна таш ыргытып келатат го. Көпчүлүк саясатчылар, серепчилер: “Эки ажо жөнүндө сиз эмне унчукпайсыз?” деп сурап калышат. “Алардын артынан таш ыргыта берип, мага таш калбай калыптыр” дейм. Эми бул тамаша. Кетти, өттү. Түштөн кийин жамандоонун кереги барбы? Андан көрө, алардын кетирген кемчилигин оңдо! Артынан сүйлөө — бул эрдик эмес. Бу да болсо, Атамбаевдин пендечилик кылып жатканы.

– Өз пикирин ачык айтып койгондорду кызматтан, партиясынан кетирип атпайбы. Буга Жанар Акаев мисал боло алат. Жакынкы эле пресс-конференцияда Чыныбай Турсунбеков жөнүндө журналисттер суроо берсе, “партиянын көрсөткөн талапкерлигине каршы чыккандар партиядан кетет” деп эле ачык айтты го. Бу боюнча эмне дейсиз?

Эми Чыныбай Акунович менен Атамбаев экөө жакшы иштешти. Бири-бирине көп эле жардам берди. Атамбаев премьер-министр болгондо чыгымынын көбүн көтөрүп берген.

– Атамбаев: “Алкоголь в малых дозах полезен. Это имамы скрывают от нас”, — деди. Бул сөздүн канчалык чындыгы бар?

– Мен бул суроого түшкөн аяттын негизинде жооп берейин. Ислам дини алкоголь ичимдиктерин акырындап жокко чыгарды. “Арактын пайдасына караганда, зыяны көбүрөөк” деген аят (2:219) алгач Мединада түшкөн. Бул аяттын себепчилери: Умар ибн Аль-Хаттаб жана Абдурахман ибн Ауф болгон. Алар пайгамбарыбыз Мухаммед (салалЛаху алейхи уа салямга) “адамдар шарап ичип алып, кумар оюнун ойноп, бири-бирине зыян келтирип жатышат” деп арызданышкан. Кийинки түшкөн аят (4:43) алдыңкы түшкөн аятты жокко чыгарган: “О, ишенгендер, мас абалыңарга намазга жакындабагыла!” деп. Бул аятка себепкер Абу Али ибн Талиб болгон. Ал мас абалында шам намазга имамдыкка туруп алып, сөзүнөн жаңылып калган. Үчүнчү аяттын түшүшүнө Саад ибн Аби Уаккас деген сахаба себепчи болгон. Ал мухажирлерди мактап ыр окуп жатканда ансарлдардан бирөөсү чыдабай сөөк менен мурдуна бир койгон. Эртең менен Расуллулохго арызданып барышканда: “О, ишенгендер, мас кылуучу ичимдиктер, кумар оюндар, таштан жасалган кудаачалар жана пал ачуулар шайтандын ыплас аракеттеринен болот” (5:90-91) деп ошонун баарын арамга чыгарган. Демек, акыркы аяттарда спирт ичимдиктердин баарысы арам деп табылган. “Шарап – бул проблемалардын энеси” деп пайгамбарыбыз айткан. Шарап ичип алгандан кийин, адамдын 40 күн намазы да, тобоосу да кабыл алынбайт. Эгер адам мас абалында өлүп калса, анда ал “ишенимсиздикте өлүп калды” деп таанылат.

– Дегеле өзүңүз өмүрүңүздө, дин жолуна келгенче, шарап ичип, тамеки тартып көрдүңүз беле?

– Ушундай эле суроону алгачкы мусулмандар пайгамбарыбыз Мухаммед (салал Лаху алейхи уа салямга) беришкенде: “Буга чейин билбей ичкениңер болсо, анда Кудай кечирет. Аллах Таала тарабынан кечирилди!” деп жооп берген экен. Ошол сыңары, мен дагы көп билбестик нерселерди кылгам. Мисалы, “мен мусулманмын” деп тил учунан эле айтып жүрө берчүмүн. Зекет берчү эмесмин. Беш маал намазга жыгылган жокмун. Бирок, келме келтирип, орозо кармачумун. Эми ичкен жагына келсек, арак, коньякты жактырчу эмесмин. Сухой вино, пиво гана иччүмүн. Тамекинин жумшагын жактырчумун. Азыр арак-шарап, пиво ичүү жана тамеки тартуу деген нерселер жок. Жокко чыгарылганына көп жыл болду.

– Ушунун баарын жокко чыгарып, сизди дин жолуна тарткан ким болду? Кайсы жылдан баштап жашооңуз өзгөрдү?

– 1996-жылы Германияга барып келгенимден баштап жашоом өзгөрдү. Ал жакта Өзбекстандагы “ЭрК” партиясынын төрагасы Мухаммед Салих жашайт. Ыйман жолуна келүүгө түздөн түз ушул инсан себепчи болгон. Намазга жыгылганды үйрөткөн. Ошондон бери 5 маал намазымды таштай элекмин. 1999-жылы ыраматылык апам менен ажылыкка, 2014-жылы өзүм умрага барып келдим.

– Кудай жолунда жүргөн айрым адамдар: “Бильярд спорт эмес, азгырык, андыктан динге туура келбейт” дешет го. Мындай пикирге кошуласызбы, же четке кагасызбы? Бул оюнга барарыңызды журналисттер жакшы эле билебиз да…

– Ооба, мурда көп барып, ойночумун. Анда Акыйкатчы, депутат элем. 2013-жылдан бери ойнобой калгам, себеби, Бильярд боюнча федерациясынын президенти болгом. Жылына бир жолу өтө турган конкурсубуз бар. Жеңишке жеткендерге “Туңгуч Акыйкатчынын кубогу” деген кубок бар, ошону тапшырам.

Түрлүү спорт оюндарынын ичинен бир эле нарда арам деп айтылат. Калганы ­адал. Эми айрым бузукулар динди бетине кармап, туура эмес сөз таратат. Алар атайын динди жаман көрсөтүү үчүн бир нерселерди жаза беришет. Социалдык түйүндөрдө деле дин боюнча туура эмес жазгандар болуп жатпайбы. Андай адамды ээрчип, адашпоо керек!

– Социалдык түйүндөргө сиз дагы активдүү катышасыз го. Мындай кадамыңыз бекерчиликтенби?..

– (Күлүп) Ооба, көп отурам. Менден башка бирөө болсо, убактысын интернетке коротпой, бир китеп жазып коймок. 1999-жылы Баткен согушунун аягы ийгиликтүү аяктаган. Ошол согуштагы туткундарды мен бошотком, аны жакшы билесиздер. Андан бери 18 жыл өтүптүр. Аракет кылсам, “Баткен согушу” аттуу китеп чыгып, кино тартылып калмак. Баткен согушуна аралашпай, сырттан уккандар эле китеп кылып чыгарышты, жомоктуу кино тартышты. А мен өз көзүм менен көргөм, түздөн түз катышкам. Ал согушту ичтен жакшы билгендиктен, далилдер менен китеп жазып, даректүү фильм тартсам деген ой бар. Ошону ишке ашыра албай келатам: бир-эки ооз жазып коюп, таштап салуудамын. Мурда орусча постторду, анекдотторду, эсселерди жазчу элем… Ал дагы артта калууда. Мына ушунун баарын эске алганда, жалкоолук го…

– Социалдык түйүндөрдө ар кандай сынга кабылып келатасыз. Алардын сыны жоопсуз калбайт. Дегеле сынды кабыл алууңуз кандай?

– Жакшы суроо. Мени сынагандарга алгач сабырдуулук менен маданияттуу жооп жазам. Ага болбой эле аша чаап, обу жок тийише беришсе, сабырдуулук деле түгөнөт экен да. Анан аларга ачуу сөздөрдү жазам. Аны мойнума алам. Бирок, мен буга өкүнбөйм. Анткени, ар ким өз деңгээлине жараша жооп алууда.

– “Интернет өзүнчө бир жашоо, дүйнө: анда жашап калгандар, үйбүлөсүн, делеге бардык нерсени унутуп калат. Бул дагы өзүнчө “оору” дешет го.

– (Күлүп) “Интернет жашоого кирип кеттиңер” деп бир кезде Мыктыбек Ажы урушканда: “биз дават жазып атабыз” дегем. Эми өзү деле интернетке кирип калыптыр го… Интернетке кирсең, убакытты көзөмөлгө алалбай каласың. Үй-бүлөм деле “эртеден кечке отурасыз” деп калышат. 2009-жылдан бери: “Фейсбук”, “Одноклассник”, “Мой мир”, “WhatsApp”, “Twitter”, “Vkontakte.ru», «Inbox.ru», “Gmail.com”, “Инстаграм”, “Яндекс.ru”, кыскасы, 12 жерде катталуумун. 100 миңге жакын досторум бар. Алар менен баарлашам, алардын талкуусуна катышам. Андан тышкары, 10 сайтка кирип, жаңылык окуйм. Мына ушунун баарына кирип чыкканча, кеч болуп кетет. (Күлүп) Жумушка барып келгендей эле болом…

– Мындай жумушуңузга үйбүлөңүз унчукпайбы?

– (Күлүп) унчугат. “Интернет-жинди болуп кеттиңиз го” дешет.

– Соцтүйүндөрдө көп отуруп, пайда таптыңызбы же зыянбы?

– Пайдасы да, зыяны да бар. Зыянын айтсам, буга берилип кетсең, пландаган ишиң калат экен. Пайдасы көп, биринчиден, алыстагы туугандарың, тааныштарың, классташ, досторуң менен сүйлөшөсүң. Америкада, Беларуссияда кыздарым, Украинадагы уулум менен, Орусиядагы досторум менен баарлашып атам. Таппай жүргөн туугандарды табат экенсиң. Жакында эле Өзбекстандан туугандарымды таптым. Бул бир. Экинчиден, ар бир кылган ишиңди бекер рекламалайсың. Дегеним, мен акыйкатчы болуп жүргөндө Парламентке берген отчетумду эл алдына жарыялачумун. Телевизордон көрбөй калгандар, ушул жактан окуп, пикир жазышчу. Үчүнчүдөн, “Блогер”, “Жесткий даватчы “ деген жаңы ысымдуу болдум, муну мага соцтүйүндөгүлөр ыйгарды. Ушундай жаңы ысым, жаңы макалдар пайда болот экен бу жакта. Мисалы, “Мамлекет бай болсо — эли саясатчы, мамлекет – саякатчы” деген макал жагып калды. Эл чындап эле саясатчы, мамлекеттик кызматкерлер саякатчы болуп кетти да. Заманга жараша макалдар жарала баштады.

-“Эркектер ушак жаратат, аялдар таратат” деген да жаңы макал пайда болуптур, кошуласызбы?

– Туура, кошулам. Аялга караганда эркектер ушакчы болуп кеткени чын да.

– “Көп аялы бар” деп жазган сөздөр жакпаса керек сизге? “Көп аял алуу” боюнча мыйзам кабыл алына элек да. Кечээ эле мыйзамчы депутат элеңиз, андыктан бу маселе канчалык мыйзамдуу, мыйзамсыз экенин жакшы түшүнсөңүз керек?

– Мен көп аял алуу жагынан кылмыш кылган жокмун. Мына ушуну айрымдар туура эмес түшүнүп, анда да ислам динин бетине кармап, 5-6ны алып, байбичесин унутуп, балдарын таштап, башка аял менен жашап кетүүдө. А мен болсо, колдон келишинче, баарына адилет караганга аракет кылып жатам. “Байбиче, токол” деген маселе жок.

– Сүйүү бир эле келет го. А сизге бат-бат эле келип турабы?

– Албетте, бул суроого жооп бериш өтө кыйын. Ушундай суроо болгондо эле аялдарымдын эң улуусу, эң акылдуусу, сүйүктүүм, кеңешчим, сынчым, эки баламдын энеси Чолпонду эстейм. Жакында дагы бир кыздуу болдум. Чолпонайды эскерип, Чолпонай деп койдум. Жашообуз жакшы. Бирок, туура эмес ушак таратууда, аларды Кудайга койдум. Ошол, эл айтып, жазып жаткандай, 8-10 эмес, турмушта 4 аялым болгон: Чолпон каза болуп калды. Бирөөсү менен ажыраштым. Азыр экөө менен жашап жатам. Аялдарымды 15ге чыгарып салган Турсунбек Акун деген “кайын энем” бар, өзгөчө ушул 15ке жеткирип коет.

– Экөөңүздөр эмнеден улам касташып калдыңыздар эле?

– Ал өзү эле душман болуп алды. Ага мен эч жамандык кылган эмесмин, тескерисинче, жардам эле берип келгем. Акыйкатчы болгонумдан кийин эле, негедир мага өчөшүп алды. Аллахтын буйругу экен, атыбыз да, кызматыбыз да окшошуп калыптыр. Ал менин кызматымды кайталайм дедиби, айтор, Акаев мезгилинде жоюлуп кеткен “Президенттин астындагы адам укуктары боюнча” кызматка олтурду. Мен алгачкы Омбудсмен болсом, ал К.Бакиевге, Ү.Сыдыковго, М.Садыркуловго жалынып жүрүп, акыры менден кийин ошол кызматка олтурду.

– Баткен окуясы боюнча да Турсунбек Акун экөөңүздөрдө талаш бар го… Буга күбө барбы?

Буга Кыргыз-улуттук маалыматтык “Кабар” агенствосунун директору­ Таабалдиев Кубан Абдыменович күбө болгон, жакшы билет. Мен төрт жолу өлүмдү көрдүм, Ооганстанга, Тажикстанга чейин барып, Талибан менен ИДУнун жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгем. Далил менен сүйлөгөндү жакшы көрөм. Баткен окуясына (1999-2000-жылдары Баткен облусунун Зардалы, Кожо Ашкан айылдарына экстремисттик топтордун куралчан өкүлдөрү кирип, ал кармашта Кыргызстандын 54 жоокери окко учкан. – авт.) 18 жыл болуптур. 1999-жылы башталган. Ошол жыл мен үчүн кубанычтуу да, кайгылуу да жыл болгон. Кубанычтуу дегеним, 30-августта балалуу болгом, ыраматылык жубайым Чолпон уул төрөп берген. Кайгылуу дегеним, Баткен окуясы башталып, жоокер балдарыбыз окко учуп, туткундарды куткарууга эч ким бара албай жаткан. Мен барып, алгач Араб Эмираттарда “Талибандын” элчиси менен сүйлөшсөм, “Хератка келиңиз. Сизге ишенсек болот экен, себеби, биз сүрүштүрсөк, батыш-чыгышта баркыңыз бар экен”, — деди. Аскар Акаевичке барып, мени жиберүүнү сурандым. “Сизди өлтүрүп койсо, мен үйбүлөңүзгө жооп бере албайм. Сиздин тирүү келээриңизге ким кепилдик бере алат? Анткени ал мамлекет – Ооганстан, биз жана биздин партнёрлорубуз ал жактагы абалды көзөмөлдөй албайбыз. Үйбүлөңүз кепилдик берсе барасыз, болбосо жөнөтө албайм!” деп макул болбой койду. Үйгө барсам, уулумду куттуктап келгендер бар экен, эл толтура. Аларды капа кылгым келген жок. Эч нерсе айтпай чыгып кеттим. Ошондо бир калп айткам. Акаевге барып, “үйбүлөм макул болду” деп койгом. Болот Жанузаковду, Мисир Ашыркуловду чакырып, “билет алып бергиле, командировкасын төлөп бергиле!”, -деди Акаев. Ошентип, барып, туткундагыларды бошотком. Турсунбек Акун катышкан эмес. Ага болбой эле: “аларды мен куткаргам” деп пресс-конференция берген. Ошондо Турсунбек Акун “мени кошуп ал” дегенде, “сенин өлүмүңө жооп бере албайм!” деп баш тартып койгом. Анан ал мечитке барып, Муфтиятка арызданыптыр. Муфтий чакырганынан барсам, 20 молдо отуруптур. “Эмнеге албай жатасыз, кошуп алыңыз!” дешти. Макул алайын, бирок, сиздер, 20 молдо мага “Турсунбек Акундун өмүрүнө Турсунбай Бакир уулу эмес, биз жооп беребиз!” деп тил кат жазып бериңиздер” десем, баш тартышты. Анан өзүм кеттим. Ооганстандагы барымтага алынган кишилерди бошотконго катышпаганын айтсам, ошондон кийин душман болуп алды. Жамандап эле келатат. Жамандаган жактан мастер, кошоматчы. Бакиев бийликке келгенде, кошоматчылык менен кызматка жеткен. Анда менин акыйкатчы кызматымдын мөөнөтү аяктап жаткан. Анан алардан дал ушул кызматты сураптыр да. Акыйкатчы кылабыз деген ниетте алгач мага Курманбек Бакиев телефон чалды: “Революцияда менин жанымда болду, кызмат берүү керек. Дал ушул кызматты сурап жатат”, — деп. Анан Үсөн Сыдыков чалып, “бир ачууңузду мага бериңиз, уруксат берип коюңуз” десе, Дастан Сарыгулов: “Билесиң да, буга кызмат бербесек жаны тынчыбайт”, — деди. Алдын ала эле макулдугумду сурап жаткандан кийин, добуш бергенде ким өтөөрү түшүнүктүү болуп калып, ачуум менен акыйкатчылыктан талапкерлигимди алып салдым. Анда Адахан Мадумаров спикер эмес беле, депутаттар добуш берердин алдында ага барып, “Турсунбек Акунга берип коюңуз” деп офистин ачкычтарын тапшырдым. “Ажыке, кое турбайсызбы. Үмүт деген акырында өлөт”, — деди, “Жок. Ушундай жол менен Турсунбек Акунду Акыйкатчы кылып жаткан “Ак жолго” чоң рахмат” деп чыгып кеттим. “Ак жол” партиясынан Турсунбек Акун көрсөтүлүп, аны аталган партия парламентте колдоп берди. Бийлик алып келгенден кийин, бийликтин көзүн карап иш алып барды. Акыйкатчылыктын аброюн биз кашыктап чогултсак, ал чакалап төктү. Ал жерди бизнеске айлантты. “Акыйкатчылар акчаң болсо, арызыңды карайт экен, жок болсо карабайт экен” деп нааразы болгондор көбөйдү. Бул өтө өкүнүчтүү.

– Экөөңүздөр тең дин жолунда жүргөн көрүнүктүү инсансыздар. Мына дагы президенттик шайлоого аттандыңыздар. Ажолукка ат салышып жаткандан кийин, ажылар кечиримдүү эле болбойсуздарбы?..

– Эртеден берки баарлашууда Турсунбек Акунга жамандык кылган жеримди уктуңузбу? Жашоомдо жамандык кылган жокмун. Жакшылык эле кылып келатам. Тээ илгери бир жакшылык кылгам ага, анча болду айтып берейин. “Чет өлкөдөн келген укук коргоочулардын курултайын өткөрөм” деген Турсунбек Акунга демөөрчүлөр жакшы акча бөлүп беришкен. Акун мага чалып, Ошко адамдарды алып баруумду суранды. Аларды эски автобус “Пазик” менен Оштон Бишкекке ­алып барганмын. Анда жолдор да жаман болчу…

Акундун андагы кылыгын демөөрчүлөр угуп калып, ага кылмыш иш козгоп, сотко бермей болушту. Ошондо далбастап: “Самолет менен учуп келдик. Жакшы мейманканага жаттык, үч маал тамак ичтик” деп жазып бергилечи” деп жалдыраган. “Кой эми соттолуп кетпесин” деп үйбүлөсүн ойлоп, макул болуп, жазып бергенбиз. Ошондогу жакшылыкты да унутуп коюп, жамандап жатпайбы.

– Адамга жакшылык кылуу кемчиликке киреби?

– Албетте. Анткени, ага боор оорусаң, ал сени боорго тебет экен да.

– “Боорукер адам ыйлаак болот” дешет го… Азыркы маегибизде эле эки жолу жашыдыңыз. Ыйлап отурсаңыз, кантип президент болосуз?

– (Күлүп) Ыйлап жүрүп, жакшы акыйкатчы болдум го. Акыйкатчы болуп турганда, мага агылып эл келди. Ар кимдин тагдырын угуп отуруп, аны менен кошо ыйлаган күндөр, түндөр болгон. Эл үчүн күнү-түнү иштедим. Түрмөнү түрө кыдырганда да акыйкатсыз отургандарды угуп, жашыган күндөр болгон. Азыр деле адамдын аянычтуу тагдырына ыйлайм. Аны жашырбайм. Ар бир адамдын абалына кирип, угуп, адилеттүү чечкен адам гана ажо болот алат деп ойлойм.

-“Жаш кезимде индия киносун көрүп, ыйлачумун” дедиңиз эле… Азыр деле индия киносун көрөсүзбү?

– Ооба, жаш кезде, кийин деле индия киносун көрүп, дегеле, турмуш, тагдыр жөнүндө кинолорду көрүп, жашып жүрдүм. Ошондон кийин көрбөйм дегем. Бирок, бир жолу балам кинотеатрга алып барып, попкорн алып берди. Анан кино башталганда, өзү уктап калды. Мен попкорн жеп, көрүп, эки жеринде ыйладым. Өзүмө катуу угулбаганы менен элге билинсе керек. Жарык жагылары менен мени карап калышты. Аны сезип калган балам, “экинчи алып келбейм, ыйлап уялттыңыз го” деген. Үйбүлөм жакшы тартылган телесериялдарды көрүшөт. Түрк телесериалында Кемал деген каарман бар турбайбы, ал кино бүтө электе эле өлүп калат экен. “Кемал жок кызыксыз. Ал өлүп калды” деп болгон аялзаты кайгырып, болгон социалдык түйүндөргө жазып чыгышты го. Орусча айтканда, паникага түшүштү. Анан мен: “Кемал өлдү дегендер кайгырбагыла, ал актер тирүү” деп жазсам, жактырганы да, жактырбаганы да болду.

Негизинен мага тарыхый, илимий жанрдагы кинолор жагат.

– Садык Шердин “Курманжан Датка” тарыхый тасмасы сизге жактыбы?

– Жалпысынан жакты. Бул кинонун кемчилигин айта турган болсом, Курманжан датканын баласына кайрылып: “Өлүмгө тике кара!” деген жеринин алынып калганы болгон. Садык Шердин айтуусу боюнча каражаттын бөлүнүшүнө жараша тартылыптыр. Ошондой болсо мактоого, алкоого татыды. Белгилүү киноактриса Шэрон Стоун мактабадыбы, аны угуп, кубанып, “Американын порножылдызы биздин кино жөнүндө сонун айтыптыр” деп баракчама жазып жибергем. Мага Садык телефон чалып: “Эмнеге порножылдызы” деп жаздыңыз? Ал андай эмес да” дегенде, эч жаман ойдо эмес, сүйүнүп жазганымды айткам. Бирок, ошого таарынып калыптыр. Ошол сөзүм үчүн экөөбүздүн ортодо бир аз түшүнбөстүк болуп кеткени болбосо, мамилебиз түз.

– Болот Шер менен мамилеңиз кандай?

– Болот Шер менен мамилем жакшы. Анын баласы Аястан менен менин балам дос. Мен депутат болуп турганда (мурунку созывда), парламентте көтөрүлгөн маселелер боюнча Болот Шер экөөбүздүн позициябыз бир болуп жатты. Мисалы, Батукаевдин качып кетиши боюнча комиссия түзүлүп, андагы комиссияда чогуу иш алып бардык. Анда качырганга күнөөлүү деп 27 адамдын атын атап бергенбиз. Тилекке каршы, эч ким жоопкерчиликке тартылган жок. Бир гана андагы акыйкатчы Турсунбек Акун эле кызматтан алынды.

– Президенттикке аттанып жатканыңызды үйбүлөңүз кандай кабыл алды, каршы болгон жокпу?

– Жок, колдошту. Чет өлкөдө окуп жаткан кызым да чалып, ийгилик каалады. Мен дагы учурдан пайдаланып, бардык атаандаштарга ийгилик каалайм!

– Атаандаштарыңыз баягы эле түндүк-түштүктү теңдеп, кошулуп жатышат. Түндүк-түштүк бөлүнүү, өзгөчө Курманбек Бакиевдин убагында пайда болуп, азыр деле күчүндө. Буга кандай көз караштасыз?

– Саясий тандем, мандемдер тээ 95-жылы эле башталган. Апсамат Масалиев, Медеткан Шеримкулов тандем болгон. Бирок, аларда жеке кызыкчылык деген жок болчу, мамлекеттик гана кызыкчылыкты ойлошкон. Түндүктө, түштүктө кандай иш кылабыз деген ниетте план түзүшкөн. А азырчы? Азыр мамлекеттик кызыкчылык өз кызыкчылыкка айланып кетти. Азыркы саясатчылар: “түштүктөн добуш ала албай калам. Андыктан түштүктүк бир саясатчы менен биригишим керек же түндүктүк бирөө менен барбасам өтпөй калам” деп калгандары кашкайган чындык. Мына мисалы, президенттик шайлоодо Бакиев менен деле Кулов тандем болуп, бири президент, бири премьер-министр болду, а аягы эмне болду? Каршылаш болуп калышты. Бабанов менен Ташиев да парламенттик шайлоодо бириге калып, “Ата Журт — Республика” болушуп, аягында алар да бөлүнүп, соттошобуз дегенге чейин барышты. Тандем түзүп жатышканда эле, мен айткам: “булар көпкө чыдабайт, анткени, эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт!” деп. Бүгүнкү күндө деле көрүп атабыз, талапкерди колдоп, биригип жатышат. “Кыргызмын, мусулманмын” деп мен дайыма айтам. Андыктан, мен түштүк-түндүк маселесин көтөрбөйм жана көтөргөн эмесмин! Тандем дегенди мен аймактагы ынтымакты ырбатуу ыкма деп түшүнөм. Элдин ынтымагын ырбатпай, бириктирүү биздин максат. Кыргызстан бирөө, анын эмнесин бөлүшөбүз?

– Кантип эле Чубак ажыны колдобойсуз? “Ал дагы талапкерлигин коет” деген имиш кеткен эле. Кокус коюп калса, биригет белеңиз?

– Чубак ажы экөөбүздүн максатыбыз бир. Бузукулук, эки жүздүүлүктү жек көрүп, коррупцияга каршыбыз! 2015-жылы Чубак ажы менин кеңешимди угуп, шайлоого катышпай койгон.12 жыл Сауд Аравиясынан дин боюнча окуп келген, алымдуу, илимдүү, билимдүү адам. Эгер президенттикке талапкерлигин койгон болсо, анда мен: “Бардык нерсе сиздин пайдаңызга чечилсин, талапкерликтен баш тартайын. Мени штаб башчысы же ишенимдүү өкүл кылыңыз” деп улуу башымды кичик кылып, жол бошотмокмун. Анткени, “дин жолунда жүргөн адамдардын командасына иштейм” деген сөзүм бар. Мен айткан сөздү аткарган адаммын.

– Сиз жогоруда Малазияда элчи болчумун дедиңиз. Элчиликти өзүңүз өткөрүп бердиңиз беле, же ал кызматты тартып алышты беле?

– Түшүнүктүү болуш үчүн, кайра эле 2010-жылга кайрылсак. Анда мен Малазиядагы Кыргызстандын элчи болчумун. Малазиянын спикери менен жолугуп, биздин спикердин иш сапары менен келүүсү боюнча сүйлөшүп олтургам. Бир маалда элчиликтин 1-катчысы кирип келип: “Кыргызстанда революция болуптур” деп кулагыма шыбырап калды. Менин жаман болуп кеткенимди кебетемден спикер сезди окшойт, “Эмне болуп кетти?” деп сурады. Абалдан чыгып кетүү үчүн, “Кыргызстанда, ар бир беш жылдыкта ыңкылап болуп турат, ошонун убактысы келип калыптыр”деп жооп бердим. Андан башка эмне дейм? Баары бир суроо жаадырышты. Телевизордон Малазиянын королу көрүп калган экен, чакырып, “силер мусулмансыңар го. Эмнеге мусулмандар мусулманды өлтүрүп жатат?”, — деди. “Ал СССРдин калдыгы”, — дедим. Ошондо Кыргызстанга келейин десем, Убактылуу Өкмөт түзүлүп, бийлик башына убактылуу Роза Отунбаева келип, “эч бир элчи кыймылдабагыла, ордуңарда калгыла!” деп койду. Анда да сурашты: “эмнеге аял киши бийлик башына келди?” деп. “Азырынча аял киши, эртең эркек киши келет” деп жооп бергем. Айтканым туура чыгып, Атамбаев ажо болду. Акыры Кыргызстанга келдим. Антип-минткенче парламенттик шайлоо болуп калды. Бир топ партиялардын башчылары чакырып, сүйлөшүп калдык. Көпчүлүгү жеке өзүмдү эле чакырып жатышты. “1 млн доллар, кафе беребиз” ­дегендери да болду.

– Атын ачык эле айта бербейсизби, Бабановбу?

– Жок, ал эмес. Бирок, анда Бабанов да чак­ырган. “Ажыке, бизге кошулуңуз, бардык чыгымды өзүбүз көтөрүп, каржылап беребиз” деген. “Биздин партияга ­канча орун бересиңер?” десем, өзүңүз эле деди. Бардыгы эле биздин партияны кемсинткендей сезилди…

– “Ар намыс” партиясына өзүңүз бардыңызбы же чакырды беле?

– Чакырган. “Ар намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов чалып калды. Барып, сүйлөшүп, тил табыштык, жыйынтыгында, биздин партиядан тизмеге кирген он талапкерден үч мүчө өтүп, депутат болдук.

– Алдыңкы тизмеге кирүү чоң акча турары жашыруун деле эмес да. Сиздерде мындай көрүнүш болдубу?

– “Шайлоого канча акча чачсам, ошону бийликке келгенде чогултуп алам” деген ниетте келишет. Бу дагы Кудайга жакпаган иш. Куловдун башка лидерлерден өзгөчөлүгү бизден бир тыйын алган жок. Мен бир дагы шайлоого акча чачкан эмесмин, чачпайм да, анткени, менде акча жок экендигин эл жакшы билет.

– “Акча жок” деп атасыз. А БШКнын күрөөгө койгон миллион сомун кантип, кайдан табасыз? Же артыңызда колдогон киши барбы?

– Чолпон байбичемдин айдап жүргөн машинасы калган. “Темир тура берсе дат басат, андан көрө сатып, БШКнын койгон күрөөсүн төлөп коеюн” деген ниетте машинаны саттым, миллион сомдон жогору сатылды. Башка талапкерлердей болуп шайлоодо жактоочуларга акча чача албайм. ”Менде акча жок. Эгер мени колдойм дегендер болсо, келгиле, жүрөгүңөрдү салып иштеп бергиле!” демекчимин.

– Кечиресиз, акчаңыз жок болсо, иштебесеңиз, үйбүлөңүздү кайсы акча менен­ багып жатасыз?

– Түз жүргөн кишиге Кудай өзү берет экен. Кудайга шүгүр, бир туугандарым бар, балдарым чоңоюп калды, иштеп жатышат. Казино, саунага барбасам, акчаны эмнеге коротом?

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

2 thoughts on “Турсунбай БАКИР уулу: “Жесткий даватчы” деген жаңы ысымдуу болдум…”

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.