Зарылбек РЫСАЛИЕВ, милициянын генералы: «Сүйүү деген милициядан башталып, милициядан бүтөт…»

Зарылбек РЫСАЛИЕВ, милициянын генералы:  «Сүйүү деген милициядан башталып, милициядан бүтөт…»

Бу маек 2012-жылы 23-февралда «Де-факто» гезитине жарык көргөн. Анда Зарылбек Рысалиев ИИМ министри болчу. Кызматы боюнча эмес, өзүн ачып берүү максатта маектешкенбиз. 14 бир тууганы менен кандай шартта чоңойгонун, апасы кандай учурда тарбияга салып турарын, кайсы майрамды майрамдарын жана спорт, милиция боюнча айтып берип, андагы министр ачылган эле…

— Зарылбек мырза, 23-февраль күнү гезитке чыгып жатасыз. Майрамыңыз менен! Кайсы жерде аскер кызматын өтөгөнсүз жана таяк жеген учурлар болду беле?

Мектепти аяктаган соң, жогорку окуу жайга ийгиликтүү өтүп, студент болуп калдым. Ал убакта студенттерди армияга алчу эмес. Бирок мен окуган жерде аскерге даярдоо факультети бар эле, биз мына ушундан билим алдык. Аскерде жүргөндө кыргыз-казак балдарынын лидери элем. Биз кызмат өтөгөн аскердик полкту кармагам. Курсагы тойбой жүргөн балдардын курсагын тойгузуп, бөлөктөргө сабатпай калкалап жүргөмүн. Ал күндөрдү унутпаган полчандарым алигүнчө сыйлайт.

— Үй-бүлө менен кайсы майрамды белгилейсиздер?

— Албетте, кыргыздын Нооруз майрамын белгилейбиз. Тээ союздан бери келаткан Жаңы жыл салтанатын кантип унуталы. (Күлүп) А чындыгында мени өзгөчө «сүйүктүү жана чыгашалуу» кылган майрамдардын бири — 8-март аялдардын Эл аралык күнү. Андан сырткары, жеке өзүбүздүн үй-бүлөбүзгө тиешелүү майрамдарыбыз да болот.

— Той-топурга барасызбы?

— Эми, карындашым, чынында той-топурга убактым деле жок. Шартыбыз ушундай болуп турса… Аткара турган ишибиз чачтан көп, алдыга коюлган тапшырмалардын бардыгын аткаруу керек! Бул турмушта жакшылык, жамандык деген болот эмеспи. Министр болгондон бери убактым чектелүү болуп, баралбай калган учурларым болууда. Туугандарым, жакындарым бир аз таарынышканы менен туура түшүнүшөт. Колум бошой калганда барбай калгандарымдын бардыгын кыдырып чыгамын. Антпесем болбойт да.

— Бир туугандарыңызга жардам бересизби?

— Бир туугандарыбыздын ынтымагы бала кезде эле бекемделген. Тер төгө иштеп, кандай гана жумуш болбосун чогуу иштеп, чогуу бүтүрчүбүз. Ошондой көрүнүш азыр деле бар. Бири-бирибизге өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп келебиз. Кудай ушуну кут кылсын.

— Апаңыз кайсы баласынын колунда?

— Жанымдай көргөн алтын апам азыр шаарда, биз менен турат. Азыр да тарбияга салып туруучу эң кымбат адамым дал ушул киши. 74 жашта. Улгайып бараткандыгына өкүнөмүн. Мен аны аяйм, ал мени аяйт. «Олда, балам ай, качан болсо да алдыда жүрөсүң, ортодо эле жүрсөң боло»,- деп калат. Кыргызстанда болуп жаткан жаңылыктардын баары менен тааныш. Жаңылыктарды калтырбай көрөт, радиону угат, гезиттердин баарын үзбөй окуйт. Кээде гезиттерге мен тууралуу ар кандай нерселер жазылып калса, мен барганча кирпик какпай күтүп олтурат да: «бери келчи, муну карачы»,- деп калат. Мен болсо: «андай эмес, мындай эле»,- деп актанып калган учурлар болот. Эне да. Баласы жөнүндө жакшы гана сөздү уккусу, окугусу келет. Канча жашка чыксам да мен апамдын алдында баламын. Демек мен бактылуумун.

— Дегеле орган адамы кандай киши?

— Биздин кызматкерлер адептүү жана кара кылды как жарган акыйкат болушу керек. Ар бири ага тапшырылган ишти абийирдүүлүк менен аткарууга тийиш. Ошол эле убакта дайыма эрдик жасаганга татыктуу болушу керек.
— Ыр-бийге кандайсыз?

— Той-топурга анда-санда бара калганда, чынын айтайын, бий конкурсуна катышып беремин, бирок ырдабайм. Жакшы ырларды укканды жакшы көрөм. Жаш кезде ыр менен бийдин акесин таанытчубуз, азыр болсо ал кездерге суктанып тим болом.
— Кандай жар, кандай атасыз?

— Алган жарымдын сыйлаган жолдошумун, балдарымдын сүйүктүү атасымын жана апамдын жакшы көргөн баласымын…

— Үйдө ким министр?

— Эми убактымдын көпчүлүгү кызматта болгондуктан, үй турмушуна көзөмөл жеңеңердин колунда. Мен кызматта министр болсом, үйдө социалдык жактан өнүктүрүү министри жеңеңер да…

— Жеңебиз жасаган тамакты иче бересизби же ылгайсызбы?

— «Тигиндей, мындай тамак жаса», — деп дегеле жеңеңерди кыйнаган жан эмесмин. Тамак ылгабайм, себеби жаман тамак жок да. Кээде нан менен чай ичип деле жүрө беремин. Бирок кыргыз ашканасын жактырамын.

— «Кызмат — экинчи үй-бүлө» дегенге кошуласызбы?

Эртеден кечке, күнү-түнү иш менен алпурушуп жүрсөк, кызмат экинчи үй-бүлөгө айланып калат экен. Жүздөгөн, миңдеген милиция кызматкерлерине атамын. Аларга чын дилимден көңүл буруу менин түздөн-түз милдетим, демек, бул сөздүн чындыгы да бар…

— Кыялыңыздагы кесипке жеттиңизби?

Кичине кезимден эле элге ак кызмат кылып, аскер адамы, Мекен сакчысы болсом деген тилегим бар эле. Ата Мекен жөнүндө тасмаларды көрүп, китептерди калтырбай окучумун. Кыялымдагы кесибиме жетип, иштеп келатканымды жашырбайм.

— Ары жооптуу, ары кооптуу кызматтасыз. Сизге ушундай кызмат жагабы?

— Мекенге ак дилинен кызмат кылуу ар бир эр жигиттин милдети деп эсептейм. Мага өз ишим жагат. Анткени мага жана менин кол алдымда иштеген миңдеген милиция кызматкерлери үчүн коомдук тартипти чыңдоо, элдин бейпил турмушта жашашы биз үчүн кымбат. Ошондуктан элибиздин бизге арткан ишеничин актоого тийишпиз. Кыскасы, милицияда кызмат өтөө мага жагат жана милиция кесибин кастарлап баалап, аны өркүндөтүп, жогорку деңгээлге алып чыгуу менин негизги милдеттеримдин бири.

— Коркутуу-үркүтүү болсо керек?

— Андай учурлар болот. Өзүмдүн бетиме эмес, бирөөлөр аркылуу «жылкысын камдай берсин, узатпайбыз» деп айттыргандар бар.

— Коркпойсузбу?

— Эгер мен корксом, анда Кыргызстанды ким коргойт?! Мамлекеттик, болгондо да органдын адамы коркчу болсо, анда мамлекеттин бүткөнү ошо да. «Биз коркпойбуз, алар бизден коркушсун» деген принцибим бар.

— Өзүңүзгө жаккан жана жакпаган сапаттарыңыз кайсы?

— Албетте, ар бир адамдын өзүнө жаккан жана жакпаган сапаттары же мүнөзү болот. Биз дайыма элдин көз кырында, сынында жүргөндүктөн өзүмдү жакшы алып жүрүүгө аракеттенем. Шар жүргөндү, ачык айтканды, эркектик сөздү барктаганды, ачыктыкты, жөнөкөйлүктү, иштин көзүн билген кызматкерлерди баалаганды, эр жүрөктүүлүктү жактаган сапаттарым бар. Абийир, намысты туу тутуп, куру дүнүйөнүн кулу болбоого аракет кылам. Кандайдыр бир маселени жөнү жок чоюп каадаланган чиновникти, мамлекеттин кызыкчылыгынан жеке кызыкчылыгын жогору койгондорду, Мекенибиздин тынчтыгына кызыкдар болбогондорду чынында эле жактырбаймын. Муну мен ачык эле чогулуштарда, эл арасында да айтып келемин. Көөдөнүм өрттөнүп чындык деп күйүп турса, эмне үчүн мен калп айтышым керек. Сөз кезеги келгенде тартынбастан ачык айтып саламын. Балким мына ошол ачыктыгым, кайсы бир саясатчыларга жакпай калаттыр. Бирок алар кеч түшүнүп, менден кечирим сурагандары болгон. Себеби мен коомубуздун тартиби үчүн жан үрөп иштеп, тынымсыз аракеттерди жасап келе жатамын.

— Досуңуз көппү же касыңыз­бы?

— Албетте, досторум көп. Касы жок адам жок болуш керек. Адамга жагыш кыйын да. Бирок мен бардыгына бирдей мамиле жасоого аракеттенемин. Балким кимдир бирөө иштин чоо-жайын жакшы түшүнбөстөн эле, кастык кыла бериши да мүмкүн. Жакшы ишиңди көралбастар да жок эмес. Кек сактоо деген менде жок. Менимче бул жакшы сапат болсо керек. А чынында мени колдогон, мени түшүнгөн мыкты досторум, замандаштарым көп экендигине ишенемин жана алардын бардыгына ыраазымын.

— Сизди боорукер, кайрымдуулук ишти көп жасаган адам деп угабыз. Министр боло электе муктаж болгон адамдарга жардам берипсиз. Азыр бул жагы кандай болууда?

Мүмкүнчүлүгүң болсо жардам берип турууга не жетсин. Муктаж болгон адамдарга жардам берүү менин парзым. Министр боло электе эле жардам берип турчумун, азыр деле шартка жараша муктаж болгон мекендештериме жардамымды берип келем.

— Сизди жакшы мушташат дешет го?

— Өмүр бою кылмыш иликтөө, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматтарында иштеп келдим. Бул кызмат анда иштеген кызматкерлерден көп нерсени талап кылат. Биринчиден, спорт менен достошуу зарыл. Кылмыштуулук менен күрөшүүдө не деген күтүлбөгөн жагдайлар пайда болот. Уюшкан кылмыштуу топтордун жети, сегизи алдыман чыкканда да корккон эмесмин. Жекеме-жеке чыгып, тоголото койгон учурларым болгон. Дайыма жекеме-жеке мушташтарда жеңүүчү болуп чыкчумун. Мектепте окуп жүргөндө да дал ушундай болчу. Эми жаш кезде мелдешип мушташкан учурлар да болгон. Жеңилип калган учурлар да болгон, бирок көбүнчө жеңип чыкчумун. Анткени бойлору узун, салмактары меникинен оор каршылаштарым менен жекеме-жекеге чыккан күндөрүм али да болсо эсимде.

— Азыр кандай мушташасыз?

— Толуктугумдан улам, азыр көпчүлүк мени тез кыймылдай албайт деп ойлошот болуш керек. Жаңылышат. Убактым боло калганда бокс, спорттун башка түрлөрү менен машыгып турам. Спорттук формамды кармап келем десем да болот. Азыр менин күрөшүм кылмыштуулукту кыскартууга, коомдук тартипти орнотууга, уюшкан кылмыштуулуктун тамырын түбүнө дейре кыркууга багытталган. Ушу күрөштө менин спорттук жан дүйнөм дайыма мени колдоп келет. Спорт — менин жан жолдошум. Аны таштап коюуга акым жок. Демек спорттук машыгуу мага гана эмес баарыбызга зарыл деп эсептеймин.

— Дагы кандай өнөрүңүз бар?

— Боксерлук өнөрүм бар, кол мушташын да жакшы өздөштүргөм. Бокс боюнча спорт чеберимин, кол таймаш боюнча кара курум (черный пояс) бар.

— Мыкты атсаңыз керек?

— Оң колдоп да, сол колдоп да ата алам. Эми, Назира, баарын эле айтып салдым окшойт. (Күлүп) Менде да, силерде да бир аз табышмактуу сырлар калсын да…

— Атыңызга караганда, ата-энеңиздин зарлантып келген баласы окшойсуз… Кандай үй-бүлөдө, кандай шартта чоңойдуңуз эле?

— (Күлүп) Мен коомго зарыл бала болсом керек. Биз көп балалуу үй-бүлөдө ынтымактуу чоңойдук. Он (төрт эркек, алты кыз) бир туугандын үчүнчүсүмүн. Биздин айылда көп балалуу үй-бүлө көп болчу. Биз эл катары эле жашадык, жакшы шартта чоңойдук, мектепте үлгүлүү окучуулардан болдук, жогорку билимге ээ болдук. «Түз жүргүлө, таза иштегиле, өз эмгегиңер менен ийгиликтерди багындыргыла» деген тарбияда чоңойдук. Мына ушунун баары тең ата-энемдин бизге берген талыкпаган эмгеги. Мени ушундай деңгээлге жеткирген алтындай болгон ата-энеме ыраазымын, түбөлүк таазим. Апамдын аты — Жаңыл, Баатыр эне. Атамдын көзү өтүп кеткен. Атам Кылычбек бир аз катуурак киши болчу. Атам мени спортко эрте алып келди. Эртең менен эрте ойготуп, чуркатып, спорт менен машыктырчу. Эспандер, гантель ушул сыяктуу спорт буюмдарын аябай сатып берди. Айыл боюнча менде эле бар болчу. Балдар аябай суктанышчу… Спорттун түрүнөн өзгөчө бокска кызыгып кеттим. Ал кезде бош убакыт деген жок болчу. Сабакты окуганга, үйдөгү жумушту кылганга үлгүрчүмүн. Оор жумуштарга эрте аралаштым, 5-класстан баштап ылайдан кирпич куюп иштедим. Мектепте тыпылдаган тың балдардын бири болчумун. Жакшы окудум. 1-класстан 10-класска чейин класском болдум. Математика, алгебра сабактары боюнча олимпиадаларга үзбөй катышчумун, жеңүүчүлөрдүн катарын толуктаган учурлар да болгон. Ошол мектептен алган билимим чоң турмушка жардамын берди. Асыл мугалимдериме терең ыраазычылык билдирем. Мектепте окуган балалык жылдар кайталангыс күндөрдүн бири эмес­пи, ал дайыма жүрөктө жылуу сезим менен сакталып келет. Ошол кезди сагынганда сүрөттөрдү карайм, бирок баары бир балалык кезге кайрылып баргым келип кетет… Ал эми студенттик күндөрүм турмуштун кайнаган очогунда болду. Дене тарбия институтунда окудум. 70-80 жылдардын студенттери башкача болчу. Окууну баш көтөрбөй окудук. Спорттук машыгуулар, ар түрдүү рангадагы чемпионаттарда күч сынашып, институттун намысын коргоп жүрдүк. Спорт менен эле чектелбестен адабиятты да окудук, мени өзгөчө поэзия кызыктырды. Убактым бош боло калса мыкты адабий чыгармаларды баш көтөрбөй окучумун. Адабий китептер, поэзия менин хоббим десем болот. Бирок кээде ага да убакыт табылбай калууда.

— «Милициялар махабат дегенди билишпейт. Алар арзуу-сезимди ардакташпайт» дешет го. Буга кандай дейсиз?

— Мен мындай пикирге кошулбайм жана ишенбейм. Эч кимге айтпаган бир сезимди айтып коеюн. (Күлүп) Эгер билсеңер, сүйүү деген милициядан башталып, милициядан бүтөт…Бирок мунун сырын толук ачпайм, түшүнгөндөр түшүнөт.

 

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.