Ж.КРИШНАМУРТИ: «Өзүңдө революция жасай аласыңбы?» (IV глава)

Ж.КРИШНАМУРТИ: «Өзүңдө революция жасай аласыңбы?» (IV глава)

I

II

III

IV глава

Ырахаттын артынан кубалоо. Каалоо. Ой жараткан бузукулук. Эс. Кубаныч.

Мурдагы главада биз кубаныч – ырахаттан өзгөчөлөнүп турарын айтканбыз, келгиле, ырахат өзүнө эмнени камтырын (ырахатсыз дүйнөдө жашаса болобу?),  шумдуктуудай кубаныч экенин, балкыткан жыргал экенин териштирип көрөлү.

Биз бардыгыбыз ырахаттын артынан тынбай кубулап келебиз, ал ырахат тигил же бул формада болушу мүмкүн: интеллектуалдык ырахат алуу, сезимдин балкыганы, маданий оюн-зооктор; реформа өткөрүп, ошондон ырахат алуу, башкаларды үйрөтүп-окутуудан, коомдун кемчиликтерин оңдоп-түзөп, жакшылык кылуудан, денени жибитип, машыгуудан, тажрыйба алгандан, турмушту түшүнүүдөн, акылдын бардык бейкүнөө, куу кылыктарынан ырахат алуу; Кудайды тааныйм деп аракеттенип, аны жогорку ырахат алуу катары көрөбүз.

Ырахат алуу – бул коомдун кандайдыр бир түзүлүшү. Бала кезден өлөр-өлгөнчө биз ырахаттын артынан кубалап келебиз. Ошондуктан, ырахат алуунун кайсыл түрүн карабайлы, биз алгач көйгөйдүн өзүн так, ачык, даана көрүшүбүз керек, анткени ырахатка умтулуу биздин жашообузга өзгөрүү киргизип келатканын унутпайлы. Ошондуктан ар бирибиз ырахат көйгөйүнө көңүл коюп, кылдаттык менен изилдөөбүз маанилүү, анткени ырахат алуу, андан кийин аны сактап калуу, ал сезимди эстеп жүрүү жашообуздун негизги талабы болуп эсептелет, ансыз жер үстүндө басып жүргөнүбүз зериктирет, жалгыздыкка салат, маанисин жоготот.

Андай болсо, эмнеге жашоо ырахатка умтулуу болбоосу керек? – деп сурашыңар мүмкүн. Себеби жөнөкөй эле, ырахат алуу акыры азапка салат, көңүл калтырат, кайгы-капа, коркунуч жаратат, а коркунуч – бул зордук-зомбулук. Ошондой өмүр сүргүңөр келеби, анда ошентип жашай бергиле. Ал эми кайгы-кападан эркин жашайм десеңер, анда ырахаттын толук структурасын, түзүлүшүн түшүнүү керек.

Ырахатты түшүнүү – бул аны четке кагуу дегендикке жатпайт. Биз аны жакшы же жаман деп аныктама бербейбиз. Бирок артынан кубалап жүргөндөн кийин, көзүбүздү чоң ачып алып кубаналы, ырахат издеген акыл-эс ар дайым анын көлөкөсүн — азабын билүү зарыл. Ырахаттын артынан кубалап, азаптан кутулууга аракет кылып жүрсөк да, аларды бөлүп кое албайбыз.

Эмнеге акыл-эс ар дайым ырахат талап кылып турат? Эмнеге биз жакшы, жаман иш жасап, ичибизден жашыруун ырахат алабыз? Эмнеге биз ырахат үчүн бир нерседен баш тартып, кайра азапка башыбызды малабыз? Ырахат алуу деген эмне, ал эмнеден пайда болот? Силер өзүңөргө ушундай суроо берип, кайра ага жооп бергенге аракеттенип көрдүңөр беле?

Ырахат 4 баскыч аркылуу келет: кабыл алуу, сезе билүү, контакт жана каалоо. Мисалы,  мен кооз сонун автомашина көрүп калдым дейли. Аны карагандан кийин, менде ага карата реакция сезими пайда болот, андан кийин мен машинеге тийип, кармалап, сыйпалап көрөм, анан аны сатып алгым келет, меники болсо дейм. Же көк асмандын фонунда бир кооз булутту же тоону, же алгачкы жазгы барикти, же чалкыган өрөөндү, же кызарып батып бараткан күндү, өзүнүн сулуулугун сезбеген, бирок акылдуу, тирүү, чырайлуу кыздын жүзүн көрдүм дейли. Мен буларга суктанып карайм, сүйүүгө тете сулуулукту көрөм. Бул көз ирмемде менин көйгөйлөрүмдү, кыжаалат кылган нерселерди, азабымды унутуп коем. Жалгыз ушул мен көргөн керемет калат. Ушундай суктануу менен карайм да, кийинки көз ирмемде унутуп коем. Же акыл-эс иштей баштап, дароо көйгөй жаралат. Мен көргөнүм жөнүндө ойлонуп, сонун экен дейм, буларды дагы көп жолу көргүм келет. Ой салыштырып, талдап, “Мен бул кереметти эртең да көрүшүм керек” деп жиберет. Көз ирмемдик суктануу узартылып, акылыңда жашай баштайт. Төшөк кумары жана башка ырахаттар менен деле ошол. Каалоонун өзүндө туура эмес эч нерсе жок, ага болгон реакция – кадыресе көрүнүш. Мени төөнөгүч менен сайып жиберсең, шал болбосом, мен дароо реакция жасайм, бирок суктануу ойду иштетип, аны сезе баштаганда гана ырахатка айланта баштайт. Ой ал сезимди кайра-кайра каалап кирет. Канчалык көп кайталанса, ал механикалык түргө айлана баштайт. Канчалык ырахат жөнүндө көп ойлонсоң, ой ага ошончолук чоң күч берет. Ошентип ой каалоонун жардамы менен ырахат жаратып, аны кармап турат, узартат, натыйжада кайсыл бир керемет, сонун нерсеге болгон каалоонун кадыресе реакциясы акыл-эс тарабынан бузулат. Ой ал реакцияны эскерүүгө айлантат, кайра-кайра эске түшүп, эскерүүнү азыктандырып турат. Эске тутуу кайсыл бир деңгээлде калетсиз зарыл. Ансыз күнүмдүктө тиричилик кылалбайт болчубуз. Ал тиричиликте керек дечи, бирок эстутум анчейин маанилүү болбогон ойдун абалы болот. Эстутумдан жабыркабаган ой чынында эркин.

Толук, чулу нерсени бүт жүрөгүңдү салып кабыл алганда, эске тутуу катышпаганын байкадың беле? Жүрөгүңдү салбаган учурда гана конфликт жаралат, ал конфликт дүрбөлөң, ырахат же азап алып келет, анан ал күрөш эстутумда жүрө берет. Ал эскерүүгө башка эскерүүлөр кошулат, так ушунда негизги жооп жатат. Эстутумдан чыккандын баары эски болот, демек ал эч качан көз карандысыз болалбайт. Эркиндик, ойдун көз карансыздыгы деген түшүнүктөр жок. Ой эч качан жаңы болбойт, анткени ал эстутумдун, тажрыйбанын, билим-илимдин жообу гана. Ой эски болгондуктан, азыр эле суктанып караган нерсени эскиге айлантат. Ал эски нерседен силер ырахат жаратасыңар, жаңы нерсе жаралбайт. Жаңыда убакыт, мезгил болбойт.

Ошентип, эгерде сен ырахатты пайдаланбай, ар нерсени карасаң: киши кебетесин, кушту, кийимдин түсүн, күнгө чагылышкан көлдүн кооздугун, суктануу жараткан эмнени гана караба, — ушуларды көргөндөн кийинки жылуу сезим кайталанбасын деп карасаң, анда азап болбойт, коркунуч болбойт, бир гана сөз менен айтып бералбаган кубаныч гана калат.

Бир гана ырахатты сактап калуу аракети аны азапка айландырат. Муну өзүңдөн байкап көрсөң. Ырахатты кайталоо максаты гана көңүл оорутат, анткени ал кечээгидей боло албайт. Ошол эле суктанууну, ошол ырахатты сезгиң келет, бирок андай болбой, көңүл калат. Бир кичинекей эле ырахатка бирөө макул болбой койсо, кандай кыжаалат болгонуңду байкайсыңбы?

Каалаганыңа жетпей, тынчың кетет, ич күйөт, жаман көрүү сезими ойгонот. Сени менен ичпей койсо, тамеки бербей койсо, төшөк кумарына макул болбой койсо, дагы бир нерсеге “жок” деп койсо, — ички дүйнөңдө кандай күрөш жүргөнүн байкадың беле? Бул коркунучтун кандайдыр бир формасы, чынбы? Сен каалаганыңа жетпей калдым деп чочулайсың же биротоло таппай калдым деп коркосуң. Канча жылдардан бери карманып келген кайсыл бир ишеним же идеология кулай баштаганда, сен жалгыздыкта калып калам деп корко баштайсың. Анткени ал ишеним көптөгөн жылдан бери канааттандырып, ырахат тартуулап келген, анан аны жоготкондо, же көңүл калганда, ичиң аңгырап бош калат, анын ордуна башка ишеним, ырахаттын башка формасын тапккычакты коркунуч сени кое бербейт, ичиңден жей берет, кыжаалат кылат.

Бул мага өтө жөнөкөй нерсе, дал ушул жөнөкөй болгондуктан, биз ал жөнөкөйлүктү көргүбүз келбейт. Биз бардыгын татаалдаштырганды жакшы көрөбүз. Аялың карабай кетсе, эмне кызганбайсыңбы? Эмне жиниң келбейби? Аны жетелеп кеткен кишиге жек көрүү пайда болбойбу? Мунун баары – ырахат тартуулаган кишини, чукул, жакын кишини, жылуу мамиле берген кишини, өз күчүңө ишеним тартуулаган кишини, бар экениңе ыраазы кылган кишини жоготуп алуу коркунучу.

Ырахат алуунун артынан кубалоо бар жерде, сөзсүз азап болорун түшүн. Кандай жашап келсең, ошондой жашай бер, бирок бул билбегенден келип чыккан ката болсун. А эгерде азап тартуудан кутулгуң келсе, анда ырахат алуудан баш тартуу керек, ырахаттын бүтүндөй түзүлүшүнө кунт коюп, толук көңүл бурууга туура келет. Монахтар менен кечилдер эч качан аялды карабайт, анткени муну алар күнөө катары көрөт, ошентип алар өзүнүн түшүнүгүндө жашоо негизин бузуп алышат, мен алардай болуп кечил болуп кеткиле дебейм, ырахаттан биротоло кол үзгүлө дегим келбейт, ырахаттын бардык маани-маңызан түшүнгөндө, таанып-билгенде, сен жашоонун болуп көрбөгөндөй кубанычына ээ болосуң. Кубаныч жөнүндө ойлонбой эле кой. Кубаныч – бул өзүнөн-өзү кирпик каккыча пайда болгон нерсе, бирок кубаныч жөнүндө ойлонсоң, ал ырахатка айланат. Бүгүнкү күн менен жашоо – бул ырахат алам дебей, жашоонун сулуулугун жөн гана кабыл алуу, ага суктана билүү.

Которгон Эрнис АСЕК уулу

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.