Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ: “Оомийинди” “аминь” деген кыргыз үчүн уят”

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ: “Оомийинди” “аминь” деген кыргыз үчүн уят”

Акын, конфликтолог, котормочу, журналист Жыргалбек Касаболотов эне тилибизди сүйгөн, улутка күйгөн, сөз баккан инсан. Ошондон улам, калыс болуп берүүгө көп жерге чакырылат. Жакында эле болуп өткөн айтылуу акын Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгына арналган XI эл аралык “Айтышка” чакырылып (чакырылып эле жүрөт), калыстыгын көрсөттү. Бирок, бу жолу калыстарга катуу сын айтылып, чыр болду. Аларга “Айтыштан чыккан тартыш” деген аталышта айтыштын жүрүшүн терең түшүндүрүп, өзүнүн баракчасына жазып чыкты. Ага болбой эле көңүл борборунда…

– Жыргалбек, айтыш боюнча жазып чыксаң деле, элден сөз, журналисттерден суроо чыга берет экен. Көрөрмандардын чырынан кийин, айтышка калыстык кылганың үчүн өкүнүп калган жоксуңбу?

– Негизи мен өзүм калыстар тобуна мүчө болоюн деп эч кимден суранбайм. “Калыс болуп бер” деп менден суранышат. Туура келсе барып, баа берип келе берем. Бул жолу деле өз позицияма жараша берчү бааны берип, баса берсем деле колдон келмек. Болгону бир акындын гана тегерегинде чыккан ызы-чуудан, ошого байланыштуу калыстарга карата залда дагы, кийин дагы айтылган өөдүк-сөөдүк сөздөрдөн улам жанагы макаланы жазууга аргасыз болдум. Ал аркылуу бир чоң жаранын оозу жарылды, андан чыккан коомдогу сары зил менен ириң азыр да агып атат. Аксын. Ар ким деңгээлине, түшүнүгүнө жараша өз оюн айтып атат. Айтсын. Кимдин ким экенин баары көрсүн.

Баарынан кызыгы, ошол айткандардын бир топтору биз калыстар баарыбыз сүйлөшүп алып эле кыянаттык кылгандай көрүшөт экен. Биз бири-бирибиз менен кеңешкен деле жокпуз. Эгер анчалык эле арам оюбуз болсо финалга жеткирбей эле көпчүлүк катышпаган тандоо турунда каалаганыбызды жыга чабат элек да, туурабы?

– Идрис Айитбаев англисче дагы төктү. Сени англис тилин жакшы билет деп уккам. Сурайын дегеним, Идристин айтканында ката жокпу?

– Мен англис тилин тиричилик деңгээлинде гана билем. Идрис Айитбаев мен билгенден англис тил мугалими болуп иштеген. Андыктан аны англисче ката кетирет деп ойлобойм. Кеп анда эмес. Мен мурда айткандай, башка тилде төгө билүү чоң артыкчылык, бирок аны чени менен колдонуш керек. Анткени ал билгенди зал билбейт да.

– Аалы Туткучев алгач чыкканда, ага Салижан Жигитов баа берип, “ушул бала кыйын экен, таптаса атагы алыска кетет” деп айткан эле. Көрөгөч киши экен. Азыркыларга сен көрөгөчтүк кылып койбойсуңбу?

– Ал кез айтыш жаңыдан телчигип келаткан заман болчу. Азыр тандоо туруна 45 акын катышты. Менимче, мындан да көбөйөт. Машыкса, такшалса кийин чоң акын чыга турган абдан мыкты, идиректүү балдарды байкадым. Андыктан бирөөнү тандап алып бөлүп көрсөткөнүм туура болбой калат.

– Айрым жаш төкмө акындар темадан четтеп кетишүүдө, буга оюң кандай?

– Бул айтышта үч окуя бир келди: Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгы, эгемендик майрамы, анан айт майрамы. Ал эми айтышка себеп болгон окуяларды сөзгө кошуп, ошого жараша ой айтып, ошону менен бирге каршысындагы акынга да көңүл бөлө билүү – төкмөлөрдүн чеберчилигине көз каранды. Куттуктоолордун айрымдары айтка байланыштуу болушу табигый эле көрүнүш. Бирок, айтышка келген айрым акындар Тууганбай Абдиевдин жетишкендиги катары анын ажыга барып келгенин айтып туруп алышты. Жакында мен өзүм жазган макалада белгилегендей, Тууганбай Абдиев кыргызга ажы болгону үчүн баалуу эмес. Ага чейин эле ак таңдай акын, дастанчы, кара жаак чечен, кыргыз тилине, кыргыз маданиятына ат көтөргүс эмгек кылып, өмүрүн арнаган киши катары баалуу. Болбосо ажылар толтура. Өнөрү болбосо алтымыш ажы биригип келип Тууганбай Абдиевдин кыргыз маданиятына сиңирген эмгегин сиңире албайт. Андыктан менимче, айтышка динди аралаштырса, ал өзүнүн түпкү өзөгүнөн алыстайт. Айтышты колдон келсе диний үгүттөн да, кайсы бир партиянын пайдасына пайдалангандан да оолак эле кармаган жакшы. Азыркы элге аты таанылган төкмөлөрдүн улуураактары — түздөн-түз Эстебес Турсуналиевдин, Ашыраалы Айталиевдин, Тууганбай Абдиевдин шакирттери. Бул өнөргө кийин келип кошулгандары албетте, анча билбей калышы мүмкүн. Тандоо турунда, жарым финалда, финалда деле ал кишинин аты жакшы эле даңазаланды. Арбагы ыраазы болсун.

– Тууганбай Абдиев кандай киши эле? Жеке тааныштыгың бар беле?

– Тууганбай Абдиевди мен 2-3 жолу гана көргөм. Илгери “Айтыш” коому мени конфликтолог, саясий серепчи катары Борбор Азиядагы геосаясий маселелер боюнча дарс окуганы чакырып калды. Ошондо акындардын устаты катары келип, баштан-аяк угуп отуруп, аягында ыраазы болуп колумду кысып ырахмат айтып кеткен. Кийин улут, тил маселеси боюнча айрым жыйындарда сөз сүйлөгөнүмдө колдоп жүргөнүн байкадым. Көп деле сүйлөчү эмес. “Аман бол, айланайын, ушуну ырас айттың!” – деп эле койчу.

– Тууганбай Абдиев атабыздын шакирттери — Жеңиш Жумакадыр уулу, Элмирбек Иманалиев, Аалы Туткучев “жаштарга орун берели” деп эс алууга эрте эле чыгып алгандай, жаштар арасында Амантай Кутманалиев өзү айткандай, “капитан” болуп калгандай…

– Аттары аталган акындар кыйла такшалып, эл оозуна алынып калган. Жаштарга жол көрсөткөнү, аларга баш тоголотуп өнөр үйрөткөнү деле туура. Бирок айтышка эмне себептен катышпай калышканын алардын өзүнөн сураш керек. Анткени бул айтышка катышууга эч ким эч кимге жолтоо болгон жок. Баарына кабар берилгенин уюштуруучулар айтты. Эч кимиси көз жаздымда калган жок, катышаар-катышпасын ар бир акын өзү чечкен. Менимче, катышса айтыштын деңгээли үчүн жакшы эле болмок.

– “Эл аралык айтыш” дегенибиздин өзү туурабы? Дегеним, казактардан башка эч ким келбейт жана башка улутта айтыш жокко эсе да. “Кыргыз-казак айтышы” деп эле койсок болбойт беле? Ушул боюнча кандай ойдосуң?

– Бир чети жөндүү суроо. Бирок, бул калыстардын эмес, уюштуруучулардын чече турган маселеси. Калыстар калыс болууга макулдугун бергенден кийин, алардын алдында тигил же бул катышуучуга упай берүү милдети гана болот. Уюштуруу иштерине калыстар катышпайт. Ар бир калыс өз көз карашына жараша баа берет.

Жалпысынан айтсам, адатта мелдешке эки өлкө өкүлдөрү катышса деле эл аралык деп эсептелет. Анткени кийин ага катышуучу башка өлкөлөр да кошулушу мүмкүн.

– Анда Идрис Айитбаевдей болуп көп тил билүү керек го… Сен дагы көп тил билгениң менен кыргыз тилине аябай күйгөндөрдүн бирисиң. Эне тилибизге балдарың да сендей күйөбү, дегеле өз тилибизде сүйлөйбү?

– Үйдөгү балдардын баары кыргызча билет, сүйлөйт, билбегенин эмгиче түздөп турам. Баары кыргыз мектепти бүткөн. Бирок менчелик жакшы билет деп айта албайм. Ал деле кызыгуудан болот экен. Мен кыргыз тил факультетинде окугам, бул жагынан чоң жардам болду.

– Балдарыңчы? Сүрөт тартабы, ыр жазабы? Апаң Шакен Мамбетаипова эже жакшы сүрөт тартып, жакшы ыр жазганы менен элдин эсинде калды. Апаңдын акындык жагын тартканың менен сүрөт жагын өздөштүрбөй калгандайсың. Же тартасыңбы, балким, биз билбейбиз?!

– Апам эки өнөрдүн ээси гана эмес, жалпы эле улуттук маданиятка күйгөн инсан, кол өнөрчүлөрдүн “Кыял” республикалык бирикмесин түзүүчүлөрдүн да бири болчу. Мен өзүм сүрөт тартпайм. Эки эжем сүрөтчү. Балдарым чыгармачылыкка көп кызыкпайт, таптакыр башка кесип ээлери. Балким неберелердин арасынан чыгып калаар, аны бир Кудай билет.

– Үйүңөрдө салт-санаа кармалабы? Салтыбыз калып бараткандай, мен ошого өкүнөм. Жадагалса, “оомийинди” “аминь” деп айтып, жазып калдык.

– Салтты колдон келишинче кармайбыз. Батанын сен айткан жаңы түрүн жаман көрөбүз, анткени ал кыргыз үчүн уят. Илгеркидей эле “Оомийиин” деп бата кылабыз. Негизи менин үй-бүлөм динден алыс, мен балдардын эркин ой жүгүртүшүн каалайм. Ошондой болуп эс тартышты.

– Ырды кайсы учурда жазасың? Ырларыңа обон чыга баштады. Жакында эле Сыймык Бейшекеев бир ырыңа обон чыгарып, ырдап чыкты. Аны качан жаздың эле же атайы заказ берди беле?

– Ырды эргүү келген убакта эле жазам. Атайын күчкө салбайм. Айда-жылда бир жазам. Сыймык Бейшекеевдин колуна ал ыр тааныштар аркылуу тийип калган экен. Уктум, жакшы обон чыгыптыр. Обондун авторуна ырахмат. Заказ менен ыр жазбайм. Каалаганымды гана жазам.

– Баса, өзүң да мыкты ырдайсың, укканыбыз бар. Отуруштарда эле эмес, сахнага ырдап чыкпайсыңбы? Ажонун деле өнөрүн 60 жашында көрбөдүкпү!

– Кой, колдон келбеген нерсеге чарпылбай эле коеюн. Анча-мынча ырдай билгендердин баары сахнага чыга берсе, чыныгы музыка эмне болот? Чычкан сойсо да, касапчы сойсун.

– Спортко да көңүл бурарыңды билебиз. Кайсы түрү менен машыгасың?

– Мен спорт менен машыкпайм. Мен көчөдө колдоно турган мушташ өнөрүнүн бир түрү менен машыгам. Вин Чун Кунфу деп аталат. Анын максаты – адамдын келбетин же ден соолугун оңдоо эмес, каршылашын тез арада майып кылуу же таптакыр керектен чыгаруу. Эр өнөрүнүн башка түрлөрүндө тыюу салынган опурталдуу ыкмалардын баарын биз тескерисинче көп колдонобуз. Колду-бутту сындырууну, моюнду кайырууну, башы менен жер сүздүрүүнү, белин омурууну, этин оорутууну, көзүн басып жыгууну ж. б. өздөштүрөбүз. Ошондуктан биздин системада спорттук мелдеш өткөрүлбөйт. Бирок салмагым өзгөргөн жок, 5 жыл мурун кандай болсо, ошондой эле. Күч гана бир аз көбөйдү.

– Урууну билип коюу урууга бөлүнүү эмес, санжыраны билип коюу деп ойлойм. Кайсы жердин кулунусуң, кайсы уруудасың? Жети атаңды билесиңби?

– Өз атам Асек, кичине кезинде койгон аты Кубан болгон экен. Дарыгерликти аркалап, кыргыздардын ичинен эндокринология боюнча алгачкы жолу илим жактаган кишилердин бири болгон. Ал мен эс тарта электе эле өтүп кеткен, бизди апабыз жалгыз багып чоңойтту. Анын атасы Касаболот. Анын атасы Райымбек, Райымбектин атасы Султа деген киши болгон. Султанын атасы Өмүрчү, өз учурундагы касиеттүү, көрөгөч киши болгон деп айтышат. Анын атасы Садык баатыр калмактарды Көл өрөөнүнөн сүрүп чыкканы, Кочкордон тартып Кытайга чейин кубалап келгени, убагында азыркы Барскоон айылын түптөп кеткени менен белгилүү. Кадимки Балбай баатырдын атасы Эшкожо экөө бажа болуп кетет, анткени экөө тең Атаке бийдин кызын алган. Айтылуу Тилекмат акенин энеси, Жылкайдардын зайыбы Садык баатырдын калмактардан колго түшүрүп келген туткун кыздарынын бири болгон. Садык баатыр Кенжебайдан. Кенжебай Мажиктин уулу. Мажиктин атасы Төрэштек, анын атасы Бапа. Бапа Алсейиттин уулу. Алсейит, Тынымсейитти билесиңер, Мырзакулдун балдары, ал эми Мырзакул Орозбактынын баласы. Орозбакты менен Дөөлөсбакты Кылжырдын балдары. Ошентип, уруум бугу, уругум бапа. Бапа тукумдары негизинен Барскоон айылын жердеп турушат.

– Чоюн агайды устатым деп жүрөсүң. Өзүң кимдир бирөөгө устат боло алдыңбы?

– Мен ар кайсы тармактар боюнча көп эле кишиге жол көрсөттүм. Бирок өздөрү сурамайынча эч кимге эч нерсе таңуулабайм, устатмын деп милдет артпайм. Айтчусун айтып, берчү кеңешимди берем, аны кантип пайдаланыш өздөрүнөн. Өзүм да өмүр бою улам жаңы нерселерди үйрөнүп жүрүп отурганды жакшы көрөм.

– Улутка да күйөсүң. Паспорттогу графадан улуттун алынып калышы боюнча да сотко кайрылдыңар эле. Ал арыз не болду?

– Иш карала элек, каралса чакырабыз дешкен. Азырынча эч ким чакырган жок. Менимче, шайлоо бүткүчө ал маселе чечилбейт.

– Сотко ишенесиңби? Арыз оңго чечилет деп ойлойсуңбу?

– Ал жактан жакшы жагына чечилээрине деле толук ишенич жок, бирок бизден калбасын. Жатып өлгүчө, атып өл.

– Азыркы ажо, дегеле жашоо жагып жатабы?

– Президент Атамбаевдин жакшы жактары да, жеке мен эч качан кабыл албай турган жактары да болду. Тилекке каршы, кетээрине жакын начар жактары улам көбүрөөк чыгып, жаман көрүнүп кете турган болду. 2016-жылдын 31-августунда дүйнө жүзүнөн келген элчилердин көзүнчө борбордук аянттан туруп төө чечти. Улуттун келечегине каршы ууру нормаларды Конституцияга ого бетер терең киргизип, улут графасын кыргыз паспортунан алып салууну колдоп, бир кездеги саясий өнөктөштөрү менен быкый чукушуп, анын зыянын өзү көбүрөөк тартып калды. Ушунун баарын кылбай эле, өз милдетин так аткарып, шайлоого деле кийлигишпей бийлигин тынч өткөрүп берип кетип калса жүзү жарык болмок. Ырдаганын деле туура түшүнөт элек… Менимче, ал Кыргызстанды каалагандай ойноткон дүйнөлүк чоң күчтөрдүн жетегинде калды окшойт. Ал күчтөрдүн тинтүүлөрү 25 жылдан бери бирде Акүйгө кирип, бирде жок болуп кетип, бирде оппозицияга өтүп ошолорго эле кызмат кылып келатышат. Мен ошону түшүнө баштадым. Кимдер экенин да боолголой баштадым.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

4 thoughts on “Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ: “Оомийинди” “аминь” деген кыргыз үчүн уят”

  1. «Аминь» дегиңер келсе «Аминь» дей бергиле. Бул жерде кеп минтип айтканга болот, же болбойт тууралуу эмес. Бул жерде кыргыз болгондон кыйын кыргыз салтын, кыргыздарда калыптанып калган жүрүм-турумдун, өзүн алып жүрүүнүн, жакындары, башка адамдар менен мамиле куруунун нормаларын сактап жашоо тууралуу кеп болуп жатат. Эгер кыргыз салты, маданияты сизге баары бир болсо ал өз эркиңер.

  2. кыргыздын «оомиийн» созу-арабдан кирген «аминь» созу. Андыктан омийн дейсинби аминь дейсинби баары бир. Туп нускасы баары бир араб созу. Кыйын боло бергендин да чеги бар!!!

Добавить комментарий для Марат ТокоевОтменить ответ

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.