Идрис АЙИТБАЕВ: «Аялым менен айтыша берип акын болдум» »

Идрис АЙИТБАЕВ: «Аялым менен айтыша берип акын болдум» »

Бул маек «Аалы алган гран-приден устатым берген бата жакшы» деген аталышта «Баягы Асаба» гезитине 2014-жылы 3-апрелдеги (25) саныбызга жарыяланган. Эсиңиздерде болсо керек, мындан үч жыл мурун «Ынтымак-Достук эл аралык айтыш – 2014» айтышы Ошто өткөн. Алгач чыкканда эле Идрис 6 тилде төгүп, устаттарын шок кылган. Андагы айтышта баш байгени Аалы Туткучев алып, 1-орунду Жеңишбек Жумакадыр, 2-орунду Идрис Айитбаев алган. Азыркыга чейин эл тамшанып айтып бүтпөй жаткан төкмөчүнү кенен тааныштырганбыз. Ошону кайталап берип турган чагыбыз.

– Идрис, «Жүда-ям жакшы акын экенсиң» деп атаандашың Аалы айткандай, мыкты акын экенсиң. Каердин кулунусуң?

Миң тогуз жүз сексен

беш жылы болчу ошондо,

12-январдын ызгаары

абдан соккондо.

Мен ааламга төрөлдүм,

ак бешикке бөлөндүм.

Ийгиликке жетем деп,

ак батага жөлөндүм.

Өзбекстан жеринин

облусу бар Андижан.

Коргон-Төбө району эстен

кетпейт ар качан.

Токтогул деп Колхоз бар,

Намуна кичүү айылы.

Ал жерден баштап жол алган,

азыркы акын кайыгы.

– Ата-энең, бир туугандарың жөнүндө айтсаң…

– Абдусаттар атакем,

Уста болот там салган.

Суксур апам үйдө эле,

Мен барганда шаң салган.

Ильяс деген иним бар,

Карындашым Гулзирек.

Сиңдиси бар бирге өскөн,

Эң кенжебиз Кызжибек.

Эң чоң болуп үйдөгү,

Иштин баарын аткаргам.

Талаалап кетсе ата-энем,

Инилерим башкаргам…

– Анан? Төкмө акындык качан башталган?

– 9 жылдык мектеп бар,

7 жыл анда окудум.

Билимсиз калам деп анан,

Келечектен чочудум.

Коңшу айыл Телманда,

Лицей болчу сакталган.

Аяктан алып билимди,

Аябай анан такшалгам.

2002-жылында

Элчилиги кыргыздын,

Тоолор жылы болгонго,

Дил баян конкурс баштаган.

«Катышам» деп конкурска,

Үйүмдө бекер жатпагам.

Этнокыргыз окуучу,

Бүт баары анда катышкан.

Жыйынтык эмне болот деп,

Бүт баары карап жатышкан.

Ыр менен жазып дил баян,

Талантым анда келишкен.

Калыска жагып жазганым,

Биринчи орун беришкен.

Республикада 1-орунду

алып тердегем.

Магнитофон берип ал кезде,

Сертификат бербеген.

Сертификат болгондо,

Көргөзүп азыр жүрмөкмүн,

Ишенбесең мына деп,

Далилдеп сүйлөп,

күлмөкмүн…

– Эмнеге акындык кесипти уланткан жоксуң?

– Ал эмес болчу максатым,

Бюджетке кире албадым.

Ош жакка келдим аттанып,

Кыргыз-өзбек окуу жай.

Мекенге келсем кайрадан,

Дипломум кабыл болчудай.

Англис тили мугалим,

Кесибим ошол тандаган.

Эбегейсиз урмат-сый,

Мугалимге арнагам.

Макстали агайым,

«А» тамгасын үйрөткөн.

Сабакты берип талыкпай,

Кыргызча мени сүйлөткөн.

Ар күн сайын мектепке,

Агайым деп келчүмүн.

Көңүлүнө жол таап,

Жагайын деп келчүмүн,

Тирик болсо эгерде,

Байгемди ага берчүмүн…

Балдарга берип тарбия,

Бал тили менен сүйлөтөм.

Аларга келип мектептен,

Англисче үйрөтөм.

– Ошко жакшы эле таанымал окшойсуң?

– Оштогу мектептердин бардык мугалимдери Кыргыз-түрк достугу атындагы №52 таланттуу балдар мектебинин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары катары тааныса, тургундары жарчы-тамада катары билет.

– Акындыктан тамада болуу кыйын деле болбосо керек?

– Тамада катары эки эле шарт кыйначу: тойканадагы 300 элдин көңүлүн аласың же көңүлүнөн каласың. Эми акын катары 300 эмес, 3 миллион элдин көңүлүн алуу же калуу шарты турат. Мен үчүн 1-орунду алыш оңой эле, эң кыйыны биринчи бойдон калуу…

– Анда сага бет келген кишини жеңүү оңойго эле турат экен да?

– Акындыкта жеңүү же жеңилүү мен үчүн маанилүү эмес. Мен үчүн маанилүүсү угармандарга жандүйнөсүн байыта алган кандай пайдалуу жана аларга маалымат бере алуу… Кечээги айтыштан кийин кубануунун ордуна көбүрөөк коркуп жатам. Анткени мындан ары акындык жаатта менде элдин үмүтү пайда болду. «Мен аны кантип актайм?» деген суроо менен гана ойлонуп жүрөм.

– Демек, төкмө акындыкты тандадың..?

– Жок, мындан ары мугалимдик кесибимди улантам. Анткени мен өзүмдү келечек муун үчүн керекмин деп эсептейм. Акын болсом да, сасыган саясатты эмес, мугалимдик кесибим менен бир нерсени үйрөтөм деп келгем бул жолго… Мени акындык эмес, ушуга чейин мекенибиздеги билим берүү саясатындагы кетирилип жаткан каталар жана аткарылбай жаткан иштер кыйнайт. Буюрса, мен аны акырындык менен оңдогонго салымымды кошом.

– Анда айтыш болгон жерге эле барып турасың да, ээ?

– Айтышка катышууга иштеп жаткан жетекчиликтен уруксат сурайм. Алар уруксат берсе барам, бербесе мектептеги келечек муун менен калам. Коркоктук кылганым жок, эгер коркок дешсе, жаңылышат.

– Өзүң айткандай, алп акын Аалынын алдында «калп» акын сүрдөдүбү?

– Сүрдөнүү болгон жок, бирок кубануу менен толкундануу болду. Анткени мындан 3 жыл мурда ЭлТРден келген журналисттер: «Алдыдагы максатыңыз эмне?» деп сурашканда, «Чоң сахнада Аалы жана Жеңишбек акындар менен айтышсам» дегем. Ошондогу максатымдын ишке ашканына кубандым.

– Бирок, Жеңишбек менен айтышпай калбадыңбы. Ага өкүнгөн жоксуңбу? Көзүңө жаш тегеренип кетти го. Ызалангандыкпы же..?

– Көзүмдөгү жаш кубануунун жашы болчу. Мен үчүн Аалы алган Гран-приден устатымдын берген батасы жакшыраак.

– Устатың менен кандайча таанышып калдың эле?

– Университетти аяктап жаткан учурда устатым Жеңишбек менен Ош жергесинде таанышкам. Окууну аяктаганда Оштогу ЭлТРге жумушка кирип жаткан элем. Анан ал жерден өз каалоом менен иштен чыгып, Бишкекке келгем. Борбор калаабызда «Ата Журт» коомдук жаштар фондунун директорунун жардамчысына, анан «СЕКОМ» тил үйрөтүү борборуна англис тилинен сабак берип 2 жыл жүрдүм. Ошол учурда устатым менен баарлашып турчумун. Ошко келгенден кийин телефондон гана байланышып калдык. Устатыма түрк тилинде «БАБА» деп кайрылам, биздин тилде ал АТА дегенди билдирет.«Ата» деп жүргөндө, көргөндөр «балаңызбы?» дей бергенинен, «баба» деп калдым.

– Устатың менен айтышып көрдүң беле?

– Устатымдын жанында көп жүргөнүм менен бир да жолу акын болуп айтышкан эмесмин. Анын жүрүш-турушун, мүнөзүн, сыртта акындыгын, үйдө аталыгын, койчу деги, бардык аракетин күзөтчүмүн. Анын чыгармалары менен жандүйнөмдү байытып келдим.

– Айтышууда ката кетирдим деп ойлойсуңбу?

– Биринчи жолу чыккандыгыма байланыштуу ката болду. Аны мен кийин телевизордон көрүп байкадым. Биринчи болгон үчүн өзүмдү кечирип жатам. Мындан ары андай катачылыкты кайталабайм.

– Алты тилде: кыргыз, орус, англис, түрк, өзбек, казакча айтыштың. Кыргызчадан башкасын жаттап алдын беле?

– Айтышта алты тилде айтышканым ырас. Казакча сөздөрдү кези келсе айтам деп камдап койгом. Калган 5 тилди билгениме байланыштуу даярдаган эмесмин.

– Соңку суроо. Үй-бүлөң жөнүндө айта кетсең?

– Мен Ноокат жергесинен, Шанкол айылынан үйлөнгөм. Эки кыздын атасымын. Ханифа 4 жашта, Нуркөңүл 2 жашта. Кээ бирөө менден «Кантип акын болдуңуз?» деп сураса, «Үйдө аялым менен айтыша берип акын болдум» деп тамашалап калам. Үйдөгү чоң устатым — аялым Гүлбара, ага мен өмүр бою карызмын.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

2 thoughts on “Идрис АЙИТБАЕВ: «Аялым менен айтыша берип акын болдум» »

  1. Анжияндын кээбир райондору учурунда кыргыздар жашап турса да Ош облусунун картасына кирбей калган, болбосо азыр КараСуу, Араван сымал Оштун КоргонДөбө району болуп турмак. Ощондода Катачылык бизден кеткен. Идириске ийгилик !!!!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.