Акмөөргө жетпей кеткен Тургунбек Бердалиев

Акмөөргө жетпей кеткен Тургунбек Бердалиев

Бул маек “Баягы Асаба” гезитибиздин “Эсен болуп, эстей жүр” рубрикабызга чыккан. КРнын эмгек сиңирген артисти Тургунбек Бердалиевдин көзү өтүп кетсе да, биз аны эмгеги менен эстейбиз. Өмүр баянынан учкай бере кетсек, ал 1947-жылы 2-мартта жарык дүйнөгө келип, 2009-жылы 10-февралда көз жумган. 1970-жылы Алматыдагы театралдык институту бүтүп келгенден тартып өмүрүнүн аягына чейин Кыргыз драма театрында эмгектенген. Көптөгөн мыкты образдарды жаратты. А.Токомбаевдин «Өлбөстүн үрөнүндө» Апенди, Т.Абдымомуновдун «Ашырбайында» Матай, Б.Жакиевдин «Жүрөлүчү жүрөк оорутпайында» Дүлөй Чал, Саид Ахмаддын «Келиндер козголоңунда» Мамыр, Ч.Айтматовдун «Кылым карытар бир күнүндө» Жоломан, М.Шахановдун «Сократты эскерүү түнүндө» Карачоку, Шекспирдин «Король Лиринде» дарыгердин ж.б. көптөгөн ролдорду ойноп, эл аралык театралдык фестивалдарга катышкан. Мындан сырткары, «Саманчынын жолу» (Ач бала), «Караш-караш окуясы» (Жангазы), «Мен — Тянь-Шань» (Жантай), «Көчө» (Тургун), «Улан» (Темирдин досу) ж.б. көптөгөн фильмдерде түрдүү ролдорду аткарган. «Мыскыл жана тамашада» сахнага чыгып, «сары жүрмөсүн» айтып, «Туугандар жана туубагандар» деп элди күлдүргөнү кандай керемет эле…

Тургунбек Бердалиев агабызды келини Алмашбекова Рахима жана тун уулу Бердалиев Айбек редакциябызга келип, эскерип беришкен эле…

Рахима АЛМАШБЕКОВА,келини: «Уркуя» тасмасына тартылдым” дегени эсимде»

– Кайын агаңыз тартылган тасмаларда мүнөзү оройдой сезилчү… Жашоодогу мүнөзү кандай эле?

– Байкем жан кишиге жаманчылыгы жок, мүнөзү жумшак, өз кесибин сүйгөн,ишине так, бийлик, байлыкка жанталашпаган адам болчу. Бир сөздү кайталабай, ойлонуп сүйлөчү, ошонусун көп байкачумун. Же чыгармачыл адамдар ошондой болушабы?

Өмүрлүк жарым Алмаз экөөбүз 1976-жылы баш кошконбуз.

Жолдошум үйдүн кичүүсү болгондуктан, кайната-кайненемдин колунда болдук. Кайнагам апасына учурашканы үйгө көп келээр эле. Апасына ынак болчу. Айылга келип калганда, кээ бир күндөрү кайненем экөө түн бир оокумга чейин сүйлөшүп отурушчу. Балдар ыйлап калганда эшикке чыгып калып, көрүп «эне-бала ушунчалык жакын адамдар» деп таңкалар элем. Үйбүлөсүн да өтө сыйлачу. Учурда сүйүктүү жары, эки улуу жана неберелери бар.

—Ооруду беле? Канча жашында каза болду?

—Ооба ооруду. 62 жашында каза болгон.

– Келиндерине мамилесе кандай эле?

– Жакшы мамиле кылчу. Ал кишини мен өз байкемдей эле көрчүмүн. Мектепте мугалим болуп иштегендиктен кеңешти көп сурадым. Кээде класстан тышкаркы иштер боюнча: «Байке, Семетейдин Таласка келишине сиздин көз карашыңыз кандай? Мен мындай кылып түздүм. Бул бала минтип аткарат» деп айтып берсем. «Жок,андай эмес! Семетейди мындай кылсаң, элге жеткиликтүү болот» деп кемчилигибизди түздөп турчу.

Канча бир тууган жана алар менен кандай мамиледе эле?

– Беш бир тууган. Бир туугандарынын баарысы менен жакшы мамиледе болчу. Бир туугандарына акыл айткысы келсе, катуу айтпастан, акырын жымсалдап түшүндүрүп койчу. Айрыкча, менин жолдошум Алмаз экөө өтө ынак эле. Байкем каза болгондон кийин үч-төрт жылга чейин аябай жаман болуп жүрдү. Азыр, айрым учурларда сыналгыдан байкемди эскерип калышса, көрүп, көзүнө жаш алып, өтө капа болот.

– Агай үйүнө келгенде эмнелерди көп айтып калаар эле?

– Биздин үйгө келгенде «жакшы адамдын жакшы жагын көрө бил, жаман адамдын

жамандыгын бөлө бил» деп жолдошума көп айтып калчу. Кечкисин айылдын өйдө жагына басып келип: «Ай, биздин айыл кандай кооз! Үйдө эле оокат менен алек болуп жатасыңар.Тээтиги айылдын четине чыгып, күндүн кызарып батканын көрсөңөр, өзүнчө эле бир керемет» деп калчу. Бардыгыбыз чогуу отуруп тамак ичкенден кийин байкем жатып алчу.

– Сиз жаңы келин болуп келген жылдары эле Бердалиев атактуу беле?

– Ооба, кайнагам мен келин болуп келген жылдары бир топ тасмага тартылып, Кыргыз драма театрында иштеп жүрчү.Азыр эстесем, ошол жылдары «Уркуя» тасмасына тартылып жүргөн экен. Бир жолу чачын өстүрүп алып, майда-чүйдөсүн көтөрүп алып, «Уркуя» тасмасына тартылдым” деп үйгө келгени эсимде. Мурдагы тартылган тасмаларын көп билбей калдым.

– Жеңелеринин арасында да куудул беле?

– Үйдө туруп-туруп эле артист болуп, куудул болуп, Отелланы айтып жиберчү. Бир нерсени айтканда ийине жеткирип, өтө кызыктуу кылып айтчу. Айрымдары, кайра бир айтып берчи деп суранышчу. Ал киши бир нерсени айтып калганда элдин баары күлүп, айрымдары кол чаап жиберишчү.

Айбек БЕРДАЛИЕВ,тун уулу: «Эл артисти» наамын аябай күтүп жүрдү…»

– Тургунбек агай үйдө кандай ата эле? Канча бир туугансыңар? Кимиңер ата ңарга окшошсуңар?

– Биздин бала чагыбыз Байтикте өттү. Эки бир туугандын улуусумун. Биз бала кезде атам театр менен гастролдоп жүрүп, убактысы деле болчу эмес. Союз тарагандан кийин,1990-жылдары мурдагыдай тасмаларга көп тартылбай, театр эле барып калды. Ошол учурда көп убактысын бизге бөлдү. Мектепте окуп жүргөндө «жакшы окуп, жакшы жигит болсоң» деп көп айтчу. Кийин, жогорку окуу жайын аяктагандан кийин: «жакшы досторду күтүп, туугандардан эч качан кол үзбө» деген. Бул жерде апамдын тарбиясы да өтө чоң. Атам гастролдорго кеткенде үйдөгү болгон түйшүктүн бардыгы апамдын мойнунда болчу да. Атамды Казакстанга гастролго көп чакырышар эле. Бир учурларда ооруп, гастролдорго да көп баралбай калды. Менимче, иним Аяндын турган-турпаты, келбети, баскан-турганы атама көп окшош. Чыгармачылык жагынан ала турган болсок, менин кыздарым жаштайынан эле ыр жазып, сүрөт тартып, чыгармачылыкка кызыгып келе жатышат.

– Үйүңөргө келген атактууларды таанысаңыздар керек? Кайсы атактуулар көп келчү эле? Жакын достору кимдер эле? Азыр сиз алар менен байланышып турасызбы?

– Чыгармачылык чөйрөдө атамдын достору өтө көп эле. Советбек Жумадылов агай менен үйбүлөлүк катышта болчу. Сүйөркул Чокморов, Замирбек Сооронбаев, Ашир Чокубаев байке менен жакшы достошуп жүрдү. Атам кайтыш болгондон кийин да досторунун ар бири менен жолуккан жерден учурашып, ал-акыбал сурашып турабыз. Кээ бир учурларда жолукканда атамды эскерип, бирге жүргөн күндөрүн айтып калышат.

 

– Өмүрүнүн акыркы ирмемдерин эсиңерде барбы?

– Атам өмүрүнүн акыркы жылдары ооруп жүрдү. Ооруканага алып бара жатканда «Ооруканадан чыкпай калам го» деп айтып калды. «Коюңуз,ата, антип айтпаңыз! Бардыгы жакшы болот» деп айтканым эсимде. Анан эле 2009-жылы 10-февралда оорунун айынан көз жумду.

– Атаңыз үйдө дагы тамашакөй беле?

– Үйгө атамдын казак достору көп келчү. Алар үйгө келгенде, дайыма мага көп оюнчуктарды алып келишип, атам менен бир топко чер жазышып, сүйлөшүп, тамашалашып отурушчу. Азыр ал кишилерден бардыгы кайтыш болуп кетишти го. Негизи эле атам үйдө да, досторунун арасында да тамашакөй болчу. Жөнөкөй нерсени да тамашага чалып айтып койчу.

– Агайдын эстелигин тургуздуңарбы? Өзү окуган мектепке же көчөгө аты берилдиби?

– Атам тирүү кезинде: «Мен өлүп калсам, эстелигимди Байтикти каратып койгула» деп айтып калчу. Ошол керээзин аткарып эстелигин Байтикти каратып койдук. Бирок эч кандай мектеп, көчөгө атамдын ысымы берилген жок. Мамлекет тарабынан “КРнын Эмгек сиңирген артисти” деген сыйлыкты алды. «Эл артисти деген наамды бербейт» деп аябай капа болуп жүрдү. Бир топ күттү. Бирок, өмүрүнүн акырында үмүтү үзүлдүбү, айтор, кол шилтеп койду…

Маектешкен Кымбат ТУРДУБЕКОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.