Цыгандар

Цыгандар

Индиядан чыгышканбы?

Цыгандар өздөрүн эч качан цыган деп аташпайт. «Ром, рома» дешет. «Цыган» деген аталышты башка элдер берген деп эсептешет. Алар бардык динди тутунушат, кайсы жерде жашашса, ошол жердин динин кабыл алышат. Цыгандарды жалпысынан алты тарамга бөлүшөт: батыш бутагы: рома (постсоветтик аймак, Батыш жана Чыгыш Европа); синти — Европанын бир бөлүгү; ибериялыктар — Пиреней жарым аралындагы цыгандары; чыгыш бутагы: люли (лөлү) — Ортоңку Азия, Пакистан, Ооганстан; лом – Кавказ жана Түркиянын түндүгү, дом — араб мамлекеттери жана Израиль. Алар ич ара айырмачылыктары бар – романи, домари жана ломаврен — үч диалектиде сүйлөшүшөт, бирок бири-бирин түшүнүшөт. Алардын мекени – бүткүл аалам (кызыгы бир гана Японияда жок экен), өлкөсү жок, бирок желек, гимн, герби бар, жазуусу жок, бирок тили бар, сыры да, чыры да көп этникалык калк…

Цыгандар Индия фильмдерин жакшы көрүшөт, котормосуз түшүнүшөт. Бул да жөн жерден эмес. А лардын тили санскритке окшош экендиги илимий чөйрөгө кокустан маалым болгон. 1760-жылы Венадагы студенттердин материалдары чыккан гезитке бир студенттин Индиядан келген досунун тили цыган тили менен көп окшоштугун жазган материалын жарыяланган. Аны окуган окумуштуулар иликтеп көрүп, цыган тили санскритке өтө окшоштугун байкашкан. Ошондон цыгандардын

түпкү мекени Индия деген пикир жаралган.

Кайсынысы туура, цыганбы же ромбу?

Дегеле, цыгандарда кагазга түшүргөн кишиси жок же жазуусызуусу жок, алардын баштапкы жаралыш таржымалы көбүнесе аңыз кептерден турат. Мисалы, азыркыга чейин цыган деген туурабы же рома дегениби, кыскасы, кызуу талаш болуп келет. Бирок илимий бир пикирде, «цыган» сөзүн византия доорундагы «атсинганос» — «төлгөчүлөр, “көз боочулар» дегенге байланыштырышса, цыгандардын өзүндө жашап келаткан бир аңыз боюнча Индиядагы бир арал менен байланыштуу. Айтымында, Индиянын Ганг дарыясынын жээгинде бир уруу жашап, иштебей,төлгө ачуу, уурдоо ж.б. зыянкечтик менен күн көрүшкөн, аларды бийлик өкүлдөрү «иштебесенер, Цы аралына айдап жиберебиз» деп коркутушкан. Бирок ал уруу тартипке көнбөй коюп, аралга айдалып, аларды башкалар «Цы+Ганг» деп атап калышкан. Анан ошол аралда жанар тоо атылып, цыгандар баш оогон жакка качып, ошондон тартып аалам кезген сапарлары башталган…

Ал эми цыгандардын өздөрүн ром, рома деп калышканы Византия доору менен байланыштуу, Чыгыш Рим империясы 1453-жылы урагандан кийин Византия деген аталышты алган, ага чейин византиялыктар өздөрүн ромей, римдик, өлкөнү кыскача Романия деп коюшкан. Цыгандар да эл катары өздөрүн рома, ром деп

атап алышкан.

Мишто! Шукар! Барвалэс! Жакшы! Сонун! Бакубат!

Цыгандар Азия аймагында бардык жерде бар. Бир жеринде азчылыкты, бир жеринде көпчүлүктү түзөт. Бизде азчылыкта, Чүйдө – Бишкек, Сокулук, Токмокту жердешет, түштүктө Жаңы – Жеркыштагындагы лөлүлөрдү киргизип жүрүшөт. Көпчүлүгү Орусияда жашашат. Бардык жерде диаспоралары, коомдук бирикмелери бар. Биздеги коомдук бирикме «Романо Дром» 2002-жылы 5 – сентябрда түзүлгөн. Кыргызстан элдери ассамблеясынын курамына киргенине аз гана убакыт болду.

Советтик аймакта цыгандар 1956-жылы көчмөндүктү тилемчиликке теңеген ЦИКтин буйругу чыгып, аны аткарбагандарды 2 жыл эркинен ажыратып баштаганда аргасыз отурукташа башташкан.

Азыр цыгандардын бир аз бөлүгү гана көчүп-конуп жүргөндөр болуп эсептелет. Басымдуусу азыр кепе-кепе үй салып, ошол эле убакытта укмуш архитектурасы менен цыган кварталдары пайда болуп, бай, бардар жашап жаткандары да бар.

«Цыганский барон» деген ким?

Азыркы кезде бардык цыгандардын маселелерин барон чечет деген түшүнүк бар. Цыган таржымалын иликтеген тарыхчылар, цыган таануучулар цыган тилинде барон деген сөздүн жоктугун айтышат. Айтымында,барон сөзүнүн жаралышына цыгандардын өздөрү себепкер экен. Айтсак, көчүп-конуп жүргөн маалда табор кайсы жерге токтосо, бир адам атайын тандалып ал жердин бийлик адамдары менен сүйлөшүү үчүн жиберилген. Ал «элчилерден» жергиликтүү тилди билүү, маданияттуу, жеткиликтүү, маңыздуу сүйлөй билүү, ага жараша кычырап (барондой) кийинүү талап кылынган. Ал адам сүйлөшүүлөрдө өзүн табордо бардык бийлик колунда турган башчыдай көрсөткөн, ишенимге кирген, а бирок таборду башкаргандар, ички тартипти сактап келген адам башка болгон, ал – «баро ром» – абройлуу, даанышман цыган болгон…

Баро – башкы цыган, бирок андан да жогору тургандар – аксакалдар кеңеши, цыган соту – крис. Алар цыгандар арасындагы ички тартип бузууларды карап, өз өкүмүн чыгарышат. Ал чечим цыган үчүн Кылмыш кодексинен да жогору жана оор. Катуу жаза эмнеге берилген – карызды кайтарбаса, убаданы аткарбаса, анан өз жакынын цыган эмес башкаларга жамандап арызданса, «магардо» — «кылмышкер цыган» табордон куулуп, кылмышына жараша түбөлүк, же он жылга, же эки жылга цыгандар арасына кошулбайт. Куулган адам «сүргүнгө» жалгыз кетет, кокус кайсы бир жакыны аны менен кетем десе, эч кандай сот-сураксыз ал дагы «магардого» айланат. Цыгандар азыркыга чейин кыска чачтан качышат, себеп, мурда табордон куулгандын белгиси катары чачтарын кыска кыркып салышкан.

Баро – бул мураска калчу кызмат эмес, тандоо жолу менен жүрөт. Бирок кээде атасынан кийин баласы алып калган учурлар бар. Мисалы – Молдовада Артур Черарь атасы Мирчи Черардан кийин ал жердин цыгандарын башкарып калган.

2013-жылдын август айында каза болгон, өзүн-өзү «бардык цыгандардын королу» жарыя кылган румыниялык Флорин Чоабанын титулу улуу баласы Дорин Чоабага өтүп, кенже баласы Даниэль «румын цыгандарынын королу» таажысын кийди.

Европа «өгөйлөп» жатат

Акыркы учурларда «цыган маселеси» Европада курч турат. 2009-жылы Европаны Франциядагы цыгандар менен байланышкан чатак бир дүң кылып, ошондон бери ошол саясат уланып келет. Франциядан ал кездеги президент Саркозинин буйругу менен миңдеген цыган өлкөдөн чыгарылып, Румыния, Болгарияга жөнөтүлгөн. Анда «романорат» – цыган каны бар Саркози (анын чоң энеси байыркы Шаркози деген цыган тукумунан болгон) цыгандарга каршы кадамдарга барганы түшүнүксүз болгон. Саркози цыгандарды наркосооданы, балдар кулчулугун, сойкулукту жайылтуучулар катары атап, Франциянын жашоосуна ыңгайлашкылары келбеди деп түшүндүрүүгө аракет кылган. Бирок ММКдагы пикирлер боюнча, ал биринчи жубайы Сессилянын – ал дагы цыган кызы, кыз кезиндеги фамилиясы Сиганер Альбенис – журналист Ришар Матиас менен болгон байланышын кечире албай ушул кадамга барган…

Азыр Евросоюз Европадагы цыгандардын баарын жери кенен Орусияга көчүрүүнү, ал ишчараны толук каржылоону сунуштап жатат. Бирок цыгандар, эч бир картадан табылбаган мекенибиз бар, бизди жашаган жайыбыз эмес, цыган каны – «романнорат», цыган руху – «романопе» бириктирип турат дешет. Алар үчүн Романстан – жердин аталышы эмес, цыгандар жан дүйнөсү…

Ошентсе да…

Рен ТВ каналынын «Цыган магиясы» деген берүүсүндөгү жүйөлөргө ишенсек, цыгандарды бир жерге топтоо – цыгандарга гана жүктөлгөн жашыруун тарыхый миссия, ал Саркозинин депортациясы менен башталды. Ага цыгандар өздөрү да ишенишет, «Келечекти өзгөртчүлөр бизбиз» дешет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.