Дунгандар

Дунгандар

Кыргызстанда азыр жашап жаткан улут өкүлдөрүнүн саны 80 эмес, 120га жетиптир. Анын ичинде дунгандар көпчүлүктү түзгөн улуттардын катарында, 60 миңге чамалаш санда дешет. Быйыл алардын биздин Кыргызстанда эле эмес, Борбордук Азия чөлкөмүндө пайда болгонуна 135 жыл болот.

Дунган элинин дүйнө кезген сапарынан баштасак, 1862-жылы Кытайдын Шэньси, Ганьсу жана Нинься оодандарында Цинь династиясына каршы боштондук көтөрүлүшү чыгып, далайдын жанын алып, 15 жылга узарып кеткен ошол кармаш ырайымсыздык менен басылганда, дунгандар баш калкалап, Жети-Сууга жана Борбордук Теңир-Тоого журт которушат. 1877-жылы ганьсулук дунгандар Бедел ашуусу аркылуу Каракол калаасына (шаардан алыс эмес жайдан жер берилип, биринчи дунган кыштагы Ырдык пайда болгон); ганьсулук жана чыгыш түркстандык дунгандар Фергана өрөөнүнө; шэньсилик дунгандар Торугарт ашуусу аркылуу Нарынга, андан кийин Токмок шаарына келип жеткен. Орус географы жана саякатчысы В.Ф. Полярков «Дунган көтөрүлүшүнүн акыркы эпизоду» эмгегинде Кыргызстанга дунгандар алгач «жергиликтүү эл арасын ачкачылык менен ажал иргеп жаткан1877-жылдын ызгаар кышында» келишкенин айтат. Ашуу ашкан, суу кечкен жол азабынан, ачкалык жана сууктан жакындарынын бир канчасынан айрылып, аман калгандарынын колу-бутун үшүк чалып – ошол эмгекте алгачкы келгиндер абалы ушундай баяндалат.

Ал эми журт которуунун экинчи агымы 1881-1883-жылдары катталат. 1881-жылдын күзүнөн тарта Орус падышалыгы Иле (Кулжа) аймагын Кытайга өткөрүп берип баштаганда, Иле дайрасынын боюндагы дунгандардан, айрым маалымат боюнча, эки жылда беш миңдейи Казакстан жана Кыргызстандын аймагына келип отурукташып калган. Ошол учурдун жаңырыгы — Чүй боорундагы дунгандар көп жашаган Александровка Орусия императору Александрдын атын алган бойдон өзгөрүүсүз калды.

«Чыгыштан келген жолоочу»

«Дунган» аталышынын жаралыш таржымалы азыр деле талаш. Бардык мусулман элдерин XX кылымда хуэй, хуэй-хуэй, хуэй-цзу, хуэй-минь деп атап койгон кытайлыктар көчүп кеткен дунгандардын Казакстан жана Орто Азия чөлкөмүндө жашай тургандыгын баса белгилеп, «дунгань-жэнь», «дунган-цзу» деп атаган. А негизи, «дунган» сөзүнүн жаралышынын бир канча версиясы бар. Маселен, биринде, Кытайдан көчө качкандардан, алар жеткен жердеги эл кайдан келе жатышканын сураганда, «Dungan» деп жооп беришкен имиш. Шэньси диалектисинде бул сөз «Чыгыш тараптан» деп чечмеленип, ошол күндөн «дунган» сөзү эл оозунда жашап, падышачыл Орусияга келген кытайлык мусулман-хуэйлердин жалпы аталышына айланды делет.

Өздүгүн жоготпогон эл

Дунгандар Шэньси жана Ганьсу диалектеринде сүйлөп, жашоо мүнөзү, маданият жана каада-салты, алтүгүл ашканасы цин династиясынын учурунан бери жакшы сакталып келет деп эсептелет. 18-19-кылымга таандык адат-салттар, жөрөлгө-шарттар, маданият: түрлүү-түстүү кийимдер, колуктунун өзгөчөлүү чач жасалгасы, шыңгыр коңгуроолор, чеберчилик менен сайылган ар кыл сайма-кооздуктар, цимбалы, «эрху» деген музыкалык аспаптары, улуттук бай ашкана – кадимкидей жашоосун улантып жатат бүгүнкү күндө. Дунгандардын ич-ара баарлашуусунда ганьсу диалектиси аз колдонулат, көбүнесе кытай тилинин шэньси диалектисинде сүйлөшөт. Биздеги Чүй облусунда Александровка, Ивановка, Кең-Булун, Милянфан, Искра айылдарында отурукташкан дунгандарда дунган тили менен катар орус тили колдонулат.

Чүйдөгү дунгандардан айырмалуу Оштун Кара-Суусундагы дунгандар, тегерегибиздеги улуттарга сиңишип, каада-салтыбыз менен тилибизди толук унутуп баратабыз дешет. Чоңу-кичинеси дебей, өзбек тилинде сүйлөшөт. Паспортторунда «өзбек» деп жазылып калгандары да бар, ушул маселенин такталып чечилишин күтүп келишет.

«Жер киндиктүү» эл

Кыргыздар мал киндиктүү эл болсо, дунгандар «жер киндиктүү» эл. Кыргыз жерине алгач келген күндөн, а кезде дыйканчылыкка жаңы көнүгүшүп жаткан жергиликтүү элге тааныш эмес жашылча-өсүмдүктөрдүсээп, жерди өздөштүрүп кирген. Ошол күндөн, кийин ар кай тармакта билим алып, ошол тармактарда жигердүү иштешсе да, көбү жер менен алек. Жерди иштетүүнү, эмнени эгип, эмнени алышты, кандай багышты алардан артык билген эч ким жок. Анан алар жыпар жыт берген, даам берген татымалдардын миң сырын, миң түрүн билишет. Кайсынысы кайда өсүп, кандай тамакка, канча кошуларын (кашыктап кошуунун кереги жок, тамакка чымчым өлчөмдөр жетиштүү эле дешет) сураган жериңде айтып беришет. Кызыгы, татымалдар эч качан арзан болбойт, кымбат турат дешет. Алар Кытайдан, башка алыскы-жакынкы өлкөлөрдөн алып келинет экен. Базардан биз алып көнгөн, кымбат дегенде 30-35 сомго бааланган татымалдар нукуралуулугун жоготкон же татымалдарга жакындашпаган эле кошулмалар экен.

Улуттук ашканасын өзгөчө аздектешет

Дунгандар тамакты өзүнчө жайда – жуэфондо (хуэ – от, фон — бөлмө) жасашат. Ашкана өзү да, ашкана буюмдары да таза, так бир жерде турушу керек. Тамак жасардын алдында кожойке алажапкыч жамынып, башка жоолук салынып, колду таза жууп, анан ишке киришет. Кийинки башкы эреже – баарына жүрөгүн салып жасоо. Дунган ашканасынын тамак-ашын күнүмдүк, майрамдык жана ырым-жырымдык деп бөлсөк болот. Өзгөчө жөрөлгө (ырым-жырымдык) тамактары кызык. Көбү наристенин төрөлүшү, айрыкча эркек бала менен байланышта жасалат. Маселен, шытян – баланын чоң ата-чоң апасы туугандарды чакырып жасачу тамак. Экинчи бир тобу жуучулукка келгенде жана үйлөнүү үлпөтүндө даярдалат. Маселен, ги хуа – күйөө бала-колукту тараптарга кыздын макулдугу алынгандан кийин берилчү тамак.

Дунгандарда үйлөнүү үлпөтү 3 күнгө уланат. Алдыңкы эки күндө колукту өз үйүндө болот, күйөөсүнүн үйүнө үчүнчү күн дегенде алып келинет. Бул күнү конокторго үлпөт тамагы ши берилет. Ашканадагы башка бир өзгөчөлүк – азык-түлүктөгү негизги элементтер – белок, май жана көмүртектин ич ара катыш балансынын сакталышы жана татымалдарды туура пайдалануу. Татымал ченемин чымчып салгандан ашырбаш керек. Дунгандарда көп желген тамак — лагман. Келиндин кожойкелик дарамети ушул тамакты жасаганда билинет – кесмесин канчалык узун чойсо, аны жеген адамдын өмүрү узак, жашоосу бакубат болот дегенди берет.

Дунган аялзаты кир идиш-аякты түнөтүп калтырбайт жана «тамак жасаганды билбейм» деген сөз аларга жат. Ошондуктан кыздарын эс тарткандан тартып ашкана ишине аралаштырып тарбиялай башташат. Баса, дунган элинде «көп балалуу үй-бүлө ошончо бактылуу үй-бүлө» деген ишеним жашагандыктан, ар бир үй-бүлө төрттөн кем эмес бала тарбиялаганга умтулушат.

Өз элинин даңазалуу уул-кыздары

Биринчи коммунист Магазы Масанчи, биринчи редактор Жума Абдуллин, Кыргызстан эл акыны Ясыр Шиваза, акын-агартуучу Хусе Макэ, Юсуп Цунваза, Юсуп Яншансин, Карим Маев, медицина жаатында биринчи окумуштуу-дунган Юсуф Шарифович Ибрагимов, окумуштуу-дунган таануучу Абдрахман Калимов, Жамиля Калимова, Арли Арбуду, Айша Мансурова, Александр Воинов, жазуучу Арли Арбуду, Советтер Союзунун Баатыры Мансуза Вонахун, Социалисттик эмгектин эки жолку Баатыры Хайтахун Таширов, СССР эл артисти Хусейн Мухтаров, медицина доктору Хаким Бебезов, Исхар Фунлуэр, Кашаф Абдуллин, аскерий дарыгер полковник Анвар Ибрагимов, тарых илиминин доктору Ильяс Юсупов, филология илиминин доктору Мухамед Имазов, поэтесса Айша Мансурова, композитор, ЖК депутаты Есен Исмаилов, композитор,консерватория профессору Бакир Баяхунов, коомдук ишмер Шарип Машухэй… айта берсек, учуна жетчүдөй эмеспиз.

Диаспора таржымалынан…

Дунгандар диаспорасы 1994-жылы Кыргыз Республикасынын дунгандар ассоциациясы деп түзүлгөн. 2003-жылы кайра каттоодон өтүп, Кыргыз Республикасынын дунгандар коомдук бирикмеси аталышын алган.

Ал эми диаспора чыгарып жаткан «Хуэймин бо» (Дунган гезити) гезитинин тарых башаты тээ 1930-жылдардан башталат. Дунган элинин алгачкы интеллигенция өкүлдөрү калк маданиятынын өнүгүүсүн, түптөлүшүн, көтөрүлүп өсүшүн, чала сабаттуулуктун жоюлушун максат кылып, «Дун Хуэшир» аталышындагы алгачкы гезитти 1932-жылы чыгарышат. Бирок гезит репрессия маалында жабылып, 20 жылдан кийин дунган элинин акын уулу Ясыр Шиваза редакторлук кылган «Сулян хуэйзу бо» (“Чыгыш учкундары”) гезити чыга баштайт. Гезит чыгармачыл адамдардын башын кошкон маданий чөйрөгө айланат. Кийин гезит «Шыйуэди чи» (“Октябрь байрагы”) атын алып, 1996-жылдан бери«Хуэймин бо» аталышы менен чыгып келет. Кыргыз жериндеги, анын ичинде дунган элиндеги ийгиликтер, ар кыл тармактардагы жетишкендиктер, илимий ачылыштар, элеттик жана шаардыктардын турмушунан алынган жаңылыктар орус жана дунган тилинде даярдалып, гезит дунган мекендештерибизге эле эмес, Казакстан, Өзбекстан, Кытайга чейин кетет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.