Кимбайкеден күлкүлятор

Кимбайкеден күлкүлятор

Сабагы менен табагы

Күз келди да, ар кандай бурдурма сөздөр, урдурма сөздөр чыга баштады. Тигиниси менен мунусу биригип атыптыр дейт. Анысы менен ошонусу сөгүшүп атыптыр дейт. Биригем дегендер жазында биригиши керек эле да. Илгери бир дыйкан менен күрөң аюу биригип картөшкө тигип, күзүндө түшүмдү чогуу жыйнап алышкан экен. Картөшкөнүн сабагы жаз менен көпкөк болуп дүркүрөп өсүп чыкканда аюу айтыптыр дейт: « Үстү жагын мен алам» деп. Дыйкан калп эле талашымыш болуп, акыры макул болот. Картөшкө казылган маалда дыйкан кап-кап кылып болгон түшүмдү үйүнө ташып кетет. Аюу болсо…

«Эми саясый күз кандай болот, ким билет, ким билет?» дегендей, алакан окуган сыгаандар деле так айталбайт го. Азыр алакан окубайле тамырыңды тартып койчу саясый серепчилер көбөйгөн. Акүйдүн тегерегинде бири-бирин жөөлөшүп жүрүшөт. Ар биринде «күз кандай болот экен?» деген суроого алтыдан жоромолдору бар. Каалаганын тандап алгыла деп чөнтөгүн тырмап турушат. «Кимге куураган сабагы, кимге картөшкөсү куурулган табагы» дегендей жулкунуп турушат.

Ал эми эл-журт эмне дейт?! Эмне демек эле, эл саясаттан тажап да, чарчап да бүттү. Кайда барып жашынышты, тыныгышты билбей баштары маң. Саясатчы шылуундар электоратты жууркандын астынан сууруп кетип атышат. Тапичкесин кийгизбей, жөө жетелеп кетип атышат. Куурулган картөшкөгө тоюп алып келишет десең, куспуруштар. Куураган сабакты боолап туруп элдин мойнуна илип коюп атат. Чындыкты талашайын десе, саясатчылар көптүк кылып, эл жалгыз болуп калып атат. Ойлосо, эл тагдырын ушул ойлойт дегендериң Акүйгө бир кирип чыккандан кийин эч кимисин тааныбай, эстей албай, калп жөтөлүп «ооруп» калып атышат. «Сен ким элең?» деп сураганда элдин күйбөгөн жери күл болуп, онтоп жиберип атат. Жыл сайын ушундай болуп атыры. Быйыл деле ошондой болот го, сыягы…

Эски тост эстен кетпейт…

Айылдык эки кошуна таң эрте ат-араба менен базарга вино сатканы жөнөшөт. Орто жолдон бир аз шам-шум этип алганга токтошот. Бир маалда бирөөсү айтат:

— Бир ыстакандан вино жутуп алсак, сонун гана болот эле, ыя.

— Сонун экенинде кеп жок дечи, бирок биз винону сатканы алып баратабыз да, бир тамчысын да текке кетиргенге болбойт,-дейт экинчиси.

Анда биринчиси чөнтөгүнөн он сом сууруп чыгып сунат:

— Анда мага бир ыстакан вино куюп койчу.

Тигиниси бир ыстакан толтура вино куюп берип, жанагы он сомду кайра кошунасына сунат:

— Эми сен мага бир ыстакан вино куюп бер…

Ошентип, жыгач челекке куюлган вино түгөнгүчө жанагы он сомдук тиги экөөнүн улам бирине өтүп атты дейт. Акырында виного кокодон тойгон экөө куркурап терең уйкуга кеткен экен.

Келгиле анда, он сомдук соодалашуу түбөлүк болбосо да анда-санда кайталанып турсун, шарапты дем албай тартып жибергиле!

***

Терезеде аялы менен күйөөсү сыртты карап сүйлөшүп турушат. Аялы айтат:

— Кошуна аялдын эрин карачы, кандай гана камкор неме. Кургаган кирлерди жайылган жеринен чогултуп жүрөт.

— Камкор экенинде шек жок дечи, бирок ал сен жууп-жайган кирлерди чогултуп атат го, ыя!

Келгиле анда, бул жолкусун айникей аялдардын кыраакы күйөөлөр үчүн алып коелу!

***

  • Студенттик сүйүү деген болот: жете турган жүрөк бар, жата турган орун жок…
  • Коколой сүйүү деген болот: жата турган орун бар, жете турган жүрөк жок…
  • Бактысыз сүйүү деген болот: жата турган орун да бар, жете турган жүрөк да бар, бирок жеке куралы бузук…
  • Философиялык сүйүү деген болот: баары тең бар, бирок эмне кереги бар?..

Унитасс билдирет…

Уктоочу бөлмөдөн аялынын  үнү чыгат:

— Сен каяктасың, канзаадам?

Ажатканадан күйөөснүн кысылган үнү угулат:

— Мен бул жакта, канбийкем, ак боз аттын

үстүндө…

Сөзирмемдер

  • Алты кабат асман болсо да, Акыйкат жалгыз.
  • Кат таанысаң, анда «акыйкат» тааны.
  • Бир бети жарык, бир бети чарык – Жашоо байкуш канттикен?!
  • Бир шылтоо табылса, эки тоо көрүшөт.
  • Баарын жардырам деген террорист кыгыбынын камерасында өзү агынан жарылды.
  • Бийликтин үч бутагы бар: эки тизгин, бир чылбыр…
  • Төртүнчү бийликте төркүн жок
  • Узун сөздүн эки учу бар: учкай кеп менен учкул кеп.
  • Адегенде «Улуу сөздө уят жок» болгон…
  • Камунис катуу кыйналганда орок, балка менен салат жейт.

Уйку качты, ким көрдү?

Кычыраган кыш. Түнт токой. Токойдун ичинде аюу ары-бери басып жүрөт дейт. Улам барып кызыл карагайды сүзөт,анан минтип с үйлөнөт дейт: «Өлүп бараткансып эмне мынча көп кофе ичтим мен, ыя!?»

Сыйлык жана сыймык

Кыргызстандагы партиялардын шайлоо алдында элге берген убадалары жакында китеп болуп жарыкка чыкты. Бул чыгарма «Кыргызстан фантазиясы-2016» деген конкурста биринчи орунду жеңип алды.

Эртең акчаңды ээрчите кел

Мектептеги ата-энелер чогулушу барган сайын сектанттардын сыйынуусуна окшоп барат: класс жетекчинин адамды арбаган сырдуу узун сөзү, аны тунжурап уккан ата-энелер, акча чогултуу, чогулуштан кийин катуу ой баскан катышуучулардын караңгылыкка билинбей сиңип кетүүсү…

Чиңгил-чиңгил комузум

Кыргызстандан бир жигит Англияга Оксфорд университетине окууга тапшырып, жатаканага жашап калат. Бир бөлмөдө эки англичан менен чогуу жашайт. Бир айдан кийин айылдан апасы уулун көргөнү келет.

— Кошуналарың кандай экен?- деп сурайт уулунан.

— Бул англичандар кызыктай болушат экен,-дейт баласы,-оң жактагы кошунам таң аткыча башын дубалга койгулап чыгат. Сол жактагысы болсо одеалды жамынып алып кыйкырып чыгат.

— Чын эле кошуналарың кызык го, булар менен кантип чыдап жашап атасың?

— Мен бул англичандарга көңүл деле бурбайм, таң аткыча комуз ойноп өзүмдү алаксытам…

Цой тирүү!

Шаардык пенсиондук фонддун каалгасына кимдир-бирөө «Цой тирүү!» деп жазып кетиптир. Милисалар бул бейбашты жети күн издеп араң табышты. Көрсө, ал Дмитрий Сергеевич Цой деген пенсионер экен. Ал бечаранын пенсиясын үч айдан бери беришелек экен да.

КИМБАЙКЕ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.