Кылкалем чебери Кевин ДЭНИЕЛ

Кылкалем чебери Кевин ДЭНИЕЛ

Жаш кезде реалисттик сүрөттөр өзүнө тартчу эмес. Тескерисинче, Сальвадор Далиге, Пабло Пикассого окшогон сюрреалист «жиндилердин» чыгармачылыгы өзүнө арбап алчу. Азыр деле андай сүрөттөр кайдыгер калтырбайт дечи, бирок соңку учурларда реалисттик сүрөттөр, андагы чеберчилик көбүрөөк кызыктырчу болду. Орустардын «Культура» каналынан айланса болот. Искусствонун кайсыл тармагы болбосун, дүйнөлүк жаңы ысымдарды ушул канал аркылуу таанып-билчү болдум…

Түн бир оокумда телевизорду бурасам, Кевин Дэниел деген америкалык сүрөтчүнүн чыгармачылыгы менен тааныштырып жаткан экен. Алгач фотосүрөтчү экен деп алыптырмын. Анткени тарткандары кудум фотосүрөттөй экен. Ушунчалык тирүү, ушунчалык жандуу тартат экен, «Мына сага чеберчилик!» дедим. Ар бир чийинине, ар бир боегуна жан киргизиптир. Реализм болбосоң кое кал!

Кевин азыркы тапта Америкада жашайт. Өзү Миннесота штатында туулуп-өсүп, жалаң жапайы жаныбарларды көрүп, ковбойлордун эрдигине, табийгат менен болгон эриш-аркагына суктанып, бойтойгон күчүктөрдү багып, керемет жаратылыштын кучагында чоңойгон экен. «Ошол бала кездеги элестер мени сүрөтчү кылды. Колума кылкалем тийгени, дароо өз стилимди таап, жалаң жаратылыш менен кишинин байланышын тартып калдым» дейт Дэниел.

Азыр анын сүрөттөрү түркүн галереяларга коюлуп, эң кымбат баада сатылууда. Не бир сыйлыктардын да ээси болуптур.

Мен тек гана сүрөттөрүн карайм…

Эрнис АСЕК уулу

One thought on “Кылкалем чебери Кевин ДЭНИЕЛ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.