«Бейиштин» бейиши ижара бергендеби?

«Бейиштин» бейиши ижара бергендеби?

 “Мамлекеттик мекемелер кайтарылышы керек!” деген аталышта биздин почтабызга Султан Сейит  аттуу окурман жибериптир. Жөндүү экен, чогуу тыңдайлы.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы субьектилерге ар кандай мөөнөттөрдө арендага берилген мамлекеттик мекемелерди текшерип, алардын көпчүлүгү натыйжасыз пайдаланылып жаткандыгын аныктады. Алардын басымдуу бөлүгү аренда акылары 15-20 жылдан бери кайра каралган эмес. Анын үстүнө айрым бюджетке же эл чарбасына сезилерлик пайда келтирбеген коомдук уюмдар, борборлор бир нече кабаттан турган жайларды дүңүнөн арендага алышып, анан алардын жарымысын өкмөттүк эмес уюмдарга кайра ижарага берип, пайда табышкан. Мисалга алсак, республикалык “Бейиш” аттуу элдик медициналык борбор Чүй проспектисиндеги 3 кабат имаратты арендага алгандыгына 15 жылдан ашкан. Ал азыр аталышын өзгөртүп, “Салттуу эксперименталдык медицинанын Эл Аралык академиясы” деп аталган менен элге кандай жардам кылып жаткандыгы белгисиз. Ал көп жылдардан бери бюджетке эч кандай арендалык акы төлөбөйт экен, бирок ошого карабастан Академия үч кабат имараттын көпчүлүгүн башка субьектилерге арендага берип,  өздөрүнө пайда таап, мындайча айтканда өздөрүнчө бизнестин жолун таап алышкан. Анын пайдасы мамлекеттик бюджетти толуктаса же андай имараттар мамлекеттик жана муниципиалдык органдарга берилсе болбойбу? Ошондой эле бал мекеме көп жылдардан бери ремонттолбогондуктан азып-тозуп, коммуналдык системалары да иштен чыга баштаптыр. Алсак, он жылга жакын убакыттан бери жогоруда аталган жайдын жылуулук системасы иштебейт. Дубалдарынын ичи урап түшө баштаган.

Эсептөө палатасынын сунушу менен  айрым бир адамдардын жекече кызыкчылыктары үчүн иштеп жаткан мамлекеттик мекемелерди кайтарып алуу иштери башталды. Бул кадам эң туура. Бирок, аларды өз менчигиндегидей пайдаланып жаткандар жогору жактардан колдоочуларды издешип, аябагандай каршылык көрсөтүп мамлекетке кайтарып бербөөнүн аракеттерин көрүп жатышкандыгы адамды  таң калтырат

Султан Сейит

P.S. Бул окурмандын жазганын биз журналисттик иликтөөгө алдык. Жакын арада жыйынтыгын жазабыз.

Урматтуу окурман, ушул сыяктуу материал болсо кат жазып, биздин почтабызга (alakangeziti@gmail.com) жиберип туруңуздар, иликтеп беребиз!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.