«Өрүкзарды» өксүтүп кеткен Апаз Жайнаков

«Өрүкзарды» өксүтүп кеткен Апаз Жайнаков

2013-жылы 9-октябрда белгилүү обончу, Кыргыз эл артисти Апаз Жайнаков 52 жашында узакка созулган оорудан каза болуп, өрүкзарды өксүтүп, кабыргабызды кайыштырып кеткен. Апаз агабыз аз жашады, өмүрүнүн акыркы жылдарын айыккыс оору менен алышып өткөрдү. Эл эсинде элеси «Өрүкзарга кетели», «Кыргыз жери» ырлары менен калды. Ушул ырларын эл жүрөгүнө мукам үнү менен жеткирген Саламат Садыкова эжекебизге кайрылганыбызда, Апаз агабыз тууралуу чакан маек куруп берген. Бул ат жалындагы маек 2013-жылы 9-октябрда “Баягы Асаба” гезитине жарык көргөн.

Саламат САДЫКОВА, Кыргыз эл артисти: «Көзү тирүүсүндө ыраазычылык айтылбады…»

– Апаз ага көзү тирүүсүндө өнөр сересин эрте эле таштап койгондой болду. Эмне себеп болду деп ойлойсуз?

– Апаз жaштaйынaн нaгыз өнөр дүйнөсүндө жүрүүгө көп aрaкет кылды. Бирoк, мeнин жeкe бaaмымдa, aл эртe үйлөнүп, кaмкoр ата,камкор жар кaтaры үй-бүлө  жooпкeрчилигин көбүрөөк тартып, чыгaрмaчылыгындaгы көп oй-тилeктeрин ишке ашыралбай, эркин бaсып кeтe aлбaй тушaлып, кээдe кыйнaлып, буулугуп, кaпaстaгы куштaй өмүр сүрдү окшойт.

– «Мүнөзү сырдуу да, сүрдүү да болчу» дешет…

– Aл жaшырaaк кeзиндe көңүлдүү, кээдe шaйыр-шaтмaн, тaмaшaлуу сөздөрдөн сүйлөп, нaгыз жигиттик мүнөзү мeнeн жүрөр элe. Кийинчeрээк эле aябaй сырдуу, oйлуу, aдaмгa мaмилeси сaлкын тaртып кeткeн. Көрсө, aйыккыс ooруга чалдыгып, aнысын дeлe башкалардан жaшырып жүрүп өтүп кeтти.

– Акыркы жолу качан көрдүңүз? Эмнени сүйлөштүңүздөр эле?

– Аттиң, арaбыз дa оорубай жүрө турса, кaтaрлaш эркин чабaк урсa дaгы дaлaй чыгaрмaлaрды жaрaтмaк. Оору көп тилегин кесип кетти. Сoңку жылдaрдa өзү кaйрылып калгaнда, турмушундaгы жaкшылык-кыйынчылыгында сөзүн эки кылбaдым, бaрып кaтышып турдум. Бирoк кандайдыр маселелерге бaйлaныштуубу, мeнин жaкшылыктaрыма келалбай, көрүнбөй жүрдү. Эң акыркы көргөнүм борбордук ооруканада жатканда болду. Атайын барып, «Апаз, өз ички дүйнөңдү таза, сергек алып жүрсөң, сүткө бар,өзүңдү кара» деп кеп-кеңешимди айтып келгем. «Ооба, эже, барамын» деп калган. Эми, анын үй-жайы башка, меники башка болуп, бир аз гана байланышып калганбыз.

– «Кыргыз жери», «Өрүкзарга кетели» ырларын кыргыз угармандарынын жүрөгүнө сиз жеткирдиңиз. Бул тууралуу ортоңуздарда сөз болду беле?

– Анын чыгармалары менен алгач таанышканымда, кенен аудиторияга жетпей жүргөн сонун обондору бар экенин байкагам. «Өрүкзарга кетели» чыгармасын, «Кыргыз жерин» да элге жеткиргениме кубанам. Апаздын эки өмүрүнө тете адал кызмат кылдым. Чыгармачылыгына кынтыксыз мамиле жасадым. Көзү тирүүсүндө ырахмат деген ыраазычылык сөз жүзүндө айтылбады. А балким, көкүрөгүндө жүрүп, оору, башка кыйынчылыктар менен алышып айталбай кете бергендир. Эми айтарым бирөө гана: жаткан жери жайлуу болуп, арбагы ыраазы болсун.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

 

One thought on “«Өрүкзарды» өксүтүп кеткен Апаз Жайнаков

  1. Чынара Калыбекова. Актриса, акын - драматург. Кыргызстан.:

    Апаз Жайнаков менен чыгармачылык жолдо жакшы тааныш элек. Абдан сыйлаар элем. Анын адагерчилиги мыкты эле. Кичи пейил, иштерман. Бир ирет Апаз , — Кел ырларыңды топто, радиодон алабыз. Экөөлөп бир кассета чыгаралы. Элдин баары эле чыгарып жатышат, — деди. Ошол кезде баары кассета чыгарып, Ош базарынын тегереги толуп турчу. Анан кандайдыр жолукпай кетти. Көрсө Баткен театрына директор болуп иштеп калган тура. Тобоо. Кудайдын буйругу Баткен театрынын 3 жылдыгында менин «Наристелердин чаңырыгы» аттуу драмамды КРнын эл артисти Токтобек Сатаров агайым ошол текатрга коюп жаткан экен. Мына, Премьера болот дегенде мага айтып жатышпайбы. Келе аласыңбы? — дешти. Жок деп да айта албадым. Премьера болгондо учуп бардым. Самолеттон түшсөм, бир тобу күтүп турушган экен. Тосуп алышты. Спектакль абдан жакшы өттү. Зал тол, батпай турушат. Мен ошондо бир ыраазы болдум Апазка. Пьесаңды коюп салдык. Эми баягы ишти баштайлы деди. Анан мага колума кассета берди. — Менин ырларым. Угуп жүр. Ар кандай шарттар болуп кетти… Буюрса эми чогу чыгарабыз деди. Коллектив менен келип самелотко салышты.
    Буйрубаган ишке айла жок. Апаз кайтыш болуп кетти… Андан кийин «Өксүгү күчтүү өмүр…» драмам КРнын эл артисти ЗАМИР СООРОНБАЕВдин тандоосу менен дагы Баткен театрына коюлду.
    Кудайдын буйругу. Баары келип буйруктан деген туура.
    Жаткан жериң жайлуу болсун АПАС замандашым! Сен элдин да, биздин да эсибиздесиң!!!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.