Мыктыбек АБДЫЛДАЕВ: “Үркүндөй бер Кыргызстан” деген эмне саясат?

Мыктыбек АБДЫЛДАЕВ: “Үркүндөй бер Кыргызстан” деген эмне саясат?

Бүгүн Жогорку Кеңеште тил маселеси каралууда. Парламент жыйынына вице-премьер-министр баштаган бир топ Өкмөт мүчөлөрү келип, депутаттардын суроосуна жооп беришти. “Бир бол” фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев вице-премьер-министр Чолпон Султанкуловага: “Улуттук Илимдер Академиясынын басмаканасы мамлекетке карайбы же жеке менчикке өтүп кетти беле?” деген суроо узатты эле, ал жоопсуз калды, отургандардын эч кимиси билбейт экен. Анан Мыктыбек мырза колундагы Конституциянын арткы бетинде биздин гимндин кайырмасындагы бир сап “Өркүндөй бер Кыргызстаным, өз тагдырың колуңда” деген жери — “Үркүндөй бер Кыргызстаным”деп басылып калганын көрсөтүп, “Бул эмне деген саясат? Биз качан Үркүндөн кутулабыз?” деп ачууланды. Депутаттын мындай сынын төрага Чыныбай Турсунбеков да туура көрүп,” өтө эле одоно ката” деп айтты.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.