Сүйүнчү: төкмө акын Асылбек ата болду!

Сүйүнчү: төкмө акын Асылбек ата болду!

Республикалык «Айтыш» коомдук фондунун жетекчиси Асылбек Маратов Биймырза аттуу уулдуу болду. Ал бүгүн төрөтканадан жубайы менен баласын  үйүнө чыгарып, ымыркайды бооруна кысып, кайра-кайра жыттап, маңдайы жарыла сүйүнүп турган чагы.

Асылбектин бешик боосун куттуктап, чөнтөк телефонуна чалып, аман-эсен көз жарып алган өмүрлүк жарынын жана ымыркайдын акыбалын сурадык. Кудайга шүгүр, жакшы экен. 3,500 кг салмакта төрөлгөн баласынын атын Асылбектин ата-энеси коюптур.

Биймырзанын чоң ата, чоң апасын, атасын, апасын биздин эмгек жамааты дагы бир жолу куттуктайбыз! Биймырза атына заты жарашкан, кыргызга кызмат кылган жигиттерден болсун! Бактылуу балалыкта чоңое берсин! Артынан көптөгөн бөбөктөрүн ээрчитип келсин!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.