Ажо сунуштаган Кулматов Улуттук банктын төрагасы болду!

Ажо сунуштаган Кулматов Улуттук банктын төрагасы болду!

Мыйзам боюнча Улуттук банктын башчылыгына талапкерди өлкө президенти сунуштайт, парламент бекитет жана ал 7 жылга шайланат. Ажо тарабынан сунушталып жаткандан кийин, парламент кантип колдобой койсун. Буга чейин деле ажонун көрсөткөн адамдарынын баарын эл өкүлдөрү колдоп, бекитип беришкен. Бүгүн да дал ошондой болду. 70 депутат колдоп, 6 депутат каршы чыкты. Алтоо “атамекенчилер” жана Жанар Акаев эле болсо керек. Добуш жашыруун өткөндүктөн, алардын аты-жөнүн биле алган жокпуз.

Ошентип, депутаттар Кубанычбек Кулматовду Улуттук банктын башчылыгына бекитип, ийгилик каалап жөнөтүштү.

Эскерте кетсек, Кубанычбек Кулматов буга чейин Мамлекеттик бажы кызматын жетектеп, Бишкек шаарынын мэри, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунда төрага болуп иштеген. Мэр болуп турганда, анын кылган ишине сын айтылып, кызматтан өз каалоосу менен кеткен эле. Ажо Атамбаев үйбүлөлүк маселелерине байланыштуу Москвага кетип жатканын кабарлабады беле. Анан эле бир жыл айланбай, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунда төрага болуп келди. Бул кызматта отурганда да финансыны өндүрүшкө салбай (бүгүнкү парламентте да өндүрүшкө бергенбиз деп айтты, бирок, андай болгон эмес –авт.) бай адамдарга, банктарга берип жатканы боюнча ММКларда айтылып, жазылып чыккан. “Президентикке талапкер Өмүрбек Бабановго акча бөлүнүптүр” дегенде, ал: “мен эмес, бир тууган эжем алган. Эжем болгону “Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан акча алсам болобу?” деп менден кеңеш сураган”,-деген. Эми буга ким ишенет? Кеңеш сурабай эле, “алып бер” деген да. Же эжесинин атынан өзү алган. Кандай болгон күндө да, Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду акчаны ары-бери калчаганы чындык. Мурунку кызматтарында сынга кабылганы менен “майлуу” кызматтардан түшпөй келатат. 7 жылга бекилген Улуттук банктын башчылыгына кандай башчы болот көрө жатарбыз!

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.