“Кыргызстан” фракциясы Жээнбековду колдоду

“Кыргызстан” фракциясы Жээнбековду колдоду

14-сентябрда, “Кыргызстан” парламенттик фракциясы кезексиз жыйын өткөрүп, Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоо  чечимин кабыл алышты. Бул боюнча аталган фракциясынын катчылыгы билдирди.

Чыгарган чечимде мындай деп жазылган: “Кыргызстан” парламенттик фракциясы кезексиз жыйынында мамлекетибиздин акыркы жылдардагы жетишкендиктерин бекемдөө, бүтүндүгүн сактоо максатында КРнын президенти кызмат ордуна ат салышкан он үч талапкердин эмгек жолун карап чыгып, турмуштук бай тажрыйбасын, жөнөкөйлүк менен адамгерчилик сапатын жана элдин кызыкчылыгы үчүн калыстык менен жасаган иш-аракетин эске алып, Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин талапкерлигин колдоону чечти”.

“Кыргызстан” фракциясынын мындай чечимине макулсуздарбы?

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.