Маевскийдин көрсөтмөсү бурмаланганбы?

Маевскийдин көрсөтмөсү бурмаланганбы?

Ушул тапта Ө.Текебаев менен Д.Чотоновдун иши Бишкек шаардык сотунда уланууда. Бүгүнкү сот отурумунда Л.Маевскийдин тергөөдө жана сотто берген көрсөтмөсүн соттук коллегиянын төрагасы Адис Момуналиев окуп берди. Текебаевдин адвокаттары Маевскийдин көрсөтмөлөрү бири-бирине дал келбей калганын айтып, нааразы болушту. Адвокаттар Маевскийдин көрсөтмөлөрүндөгү дал келбөөчүлүктөрдү баса белгилеп көрсөтүп, Маевскийдин кошумча көрсөтмөсүн да окуп берүүсүн соттон талап кылышты эле, сот Адис Момуналиев аны четке кагып, дал келбөөчүлүктөр жарыш сөздө айтыларын айтты.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.