Сариев менен Акаев бийликтин келишимин козгоду…

Сариев менен Акаев бийликтин келишимин козгоду…

Жанар АКАЕВ: “Кыргызстан – Liglass келишимин текшерүү керек!”

Ушундай жөндүү, маанилүү маселени бүгүнкү парламенттик жыйында жалгыз гана Жанар Акаев көтөрүп чыкты.

Liglass Trading менен болгон келишимди текшерүү үчүн комиссия түзүү керек! Себеби, келишимдин мөөнөтү аяктап баратат, убакыт уттуруп жатабыз. Бул келишимдин түзүлүшүнө ким ортомчу болгон болсо, баары жооп берүүсү абзел! Эгер өкмөт чех ишканасы менен келишимди жокко чыгарса дагы жоопкерчиликтен качып кутулбайт!

Темир САРИЕВ: “Келишимге кол койгондор жооп бериши керек!

Бул маселе боюнча мурдагы өкмөт башчы, президенттикке талапкер Темир Сариев да өз убагында билдирүү тараткан. Ал билдирүүсү алигүнчө күчүндө.

Укук коргоо органдары бул маселени тыкыр илкитеп чыгышы керек. Эгерде бул компаниянын акчасы, тажрыйбасы болсо ГЭСти курушу керек. Эгер андай болбой, процедуралар бузулган болсо келишимге кол койгондор жооп бериши керек. Бул маселени так ушундай болуп чечилишине кызыкдар болгон, лобби кылган адамдарды аныктап чыгышыбыз керек. Кыңыр иш кырк жылда билинет дегендей, бүгүн болбосо, эртең күнөөкөрлөр сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тартылат.

Келишимге ажо өзү күбө болгон

Эскерте кетсек, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана он чакан ГЭСти куруу боюнча тендерден аталган компания утуп алган. 10-июлда, Бишкекте кыргыз өкмөтү менен  Liglass Trading CZ компаниясынын өкүлдөрү Атамбаевдин катышуусунда келишимге кол коюшкан. Ажо Кыргызстан – Liglass келишимин кубаттап, кол чаап, алардын чок ортосунда күлүп турганын баарыбыз эле көрбөдүк беле! Бул келишим боюнча Алмазбек Атамбаевге Чолпон-Ата шаарындагы маалымат жыйынында журналисттер суроо беришкенде, чехиялык инвестордун ГЭС курарына ишенерин, туура эле кадам болгонун айткан. 19-сентябрды күтө туралы, туура эле кадам болгонбу же жокпу? Бул келишим боюнча сөз кыла турган нерсе али алдыда…

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.