Жекшемби күнү Бабанов менен Төрөбаев биригет экен…

Жекшемби күнү Бабанов менен Төрөбаев биригет экен…

15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого 13 талапкер ат салышууда. Азырынча дүбүртү катуу кетип, өздөрүн жакшы рекламап жатканы үчөө:  С.Жээнбеков, Ө.Бабанов, Т.Сариев. Сооронбай Жээнбеков болсо өтөөрүнө ишенип эле турат. Бабановдун максаты — түштүк аймагынан добуш алуу. Түндүк аймагында анын адамдары мыкты иштеп жатат.

Парламенттик шайлоодо Бабанов каршылаш болуп жүргөн Камчыбек Ташиевдин “этегин кармап” түштүк аймагынан добуш алып, өтүп кеткен эле. Бул жолу андагы Ташиев Жээнбековду колдоп кетти. Бабанов болсо Бакыт Төрөбаев менен биригүү маселесин көтөрүп жатыптыр. Сүйлөшүү жүрүп жатканын эки талапкердин партияларынан «Азаттык” радиосуна кабарлашканын, бирок, расмий билдирүү жасала электигин, эки саясатчынын бириккендери тууралуу 17-сентябрда Жалал-Абад шаарында элге жарыя кылышары күтүлүп жатканын жазып чыкты. Демек, Бабанов — президент, Төрөбаев – премьер-министр болот экен да.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.