Бакиевдер менен Атамбаев бийлигинин тандеми

Бакиевдер менен Атамбаев бийлигинин тандеми

Суроолор… суроолор… Бүкүрөйгөн суроолор…

Алгач бул сөздөргө, кудай акы, мен да ишенген жок элем. Басса-турса опурулуп, Кыргыз мамлекетинин коррупцияга кекиртегинен батканына, шайлоолордун адилетсиз өтүүсүнүн системага айланганына, карапайым калктын бийликке ишениминин таптакыр өчкөнүнө, элдин сексен-токсон пайызынын “итке минип” калышына, ошондон улам кошуна айылдан ары чыкпаган кыргыздардын “ырыскысын” издеп самсаалап ар кайсы өлкөлөргө тентип кетишине, өнөр жайыбыздын өспөй жаткандыгына, дегеле өлкөдөгү оош-кыйыштардын бардыгына жалаң гана Акаев менен Бакиевди күнөөлөп көнүп бүткөн Президентибиздин көздөй адамы жетектеген Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, өздөрү айткандан тажабаган “канкор Бакиевдер” менен ымалага келип, тандем түзүүсү үч уктаса түшкө кирбеген “жаңылык” болуп отурат.

Бирок, тагдырдын таразасына саясий амбиция гана эмес, “же сен, же мен” деген кыл чайнашкан эрегиш, алардын эртеңки тагдыры коюлуп жаткан учурда, каршылашын биротоло жок кылуу максатында ар кандай балит иштерге даяр, даяр гана эмес барган адамдардын арабызда жүргөндүгү, жүргөндө дагы өлкө тагдырын чечип жаткандыгы кандай гана өкүнүчтүү. Өлкө эмес өз тагдырын мыйзам чегинде, адилеттиктин алкагында, абийир сактап жөндөп чече албаган мындай адамдардын бүтүндөй Кыргызстандын, кыргыз элинин тагдырын чечишке укугу барбы?

Кайран гана суроолор. Илмейип, белдери бүгүлүп, бүкүрөйгөн суроолор… Бүтүндөй Кыргызстан дагы бүгүн суроо белгисине айланып, бүкүрөйүп турган кези… Аны мындай акыбалга ким жеткирди? Акаевдин кеткенине 12 жыл, Бакиевдикине 7 жыл болуптур. Биз болсо, бүкүрөйүп бүтүп калган Кыргызстандын бардык азап-тозогун жалаң ошол экөөнөн көрүп келатабыз. А өзүбүз эмне кылдык? Адилеттик издеген кайсы “шоркелдейдин” үмүтүнө от тамызып, шолоктогон көз жашын аарчып койдук?

А.Атамбаев бийлик жүргүзгөн алты жыл ичинде адилеттик артып, калың элдин каарына калган сот, милиция, прокуратура органдары сааттын жебесиндей чыкылдап иштеп калдыбы? Андай болсо Адина Турдубаева аттуу азамат кызыбыз чууруган ичегилери менен алты жыл түрмөдө адилетсиз жатат беле? Өзгөндүк Базарали Каратаев деген мугалим жигитибиз бир тыйын жеген акчасы жок алты жылга айыпсыз соттолот беле? Жок дегенде ошол айыпсыз адамдардын кылмыш иштерин кайрадан каратып, “кечирип койгула. Иттик кетти. Силердин ишиңерди бир жактуу тергеген тергөөчү, иштин айыптоо токтомуна макулдугун берип, сотко ашырган прокурор, адилетсиз өкүм чыгарган судья күнөөсүнө жараша жазасын алат” – деп айтканга жарачу бирөө-жарым барбы? Жок. Себеби, бардыгынын көчүгү булганган, бири-бири менен чынжырдын көзөнөктөрүндөй байланган. Болбосо, кайра-кайра арыз жазып, какшап-боздогондоруна карабай, эмне үчүн ошол эле А.Турдубаеванын, ошол эле Б.Каратаевдин арыз-муңуна ошол эле Башкы прокурор Индира Жолдубаева, ошол эле Жогорку сот төрайымы Айнаш Токбаева көз салып койбойт? Же арыз-арманга көңүл буруу, аларды текшерүү булардын кызматтык милдетине кирбейби? Кирет, киргенде да кандай кирет. Бирок, алар карапайым адамдардын арыз-муңуна баш ооруткулары келбейт. Алар эмне, ыйлап-сыктап кала беришет, колдорунан эмне келмек эле?

Андан көрө, Президенттин, анын аппаратынын, токочтуу байбачалардын камчысын чапса “ден-соолуктарына да пайдалуу”, кызмат орундарына да эч ким көз арта албайт, “эртең ачка калам” – деп баш оорутпайт.

Президенттин командасы

Акыркы кездерде Президенттин камчысын аянбай чапкан, чапканда да иштин ак-карасын ылгабай чабууга маш прокуратура менен сот органдарына Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы келип кошулду. “Президенттин командасы” — деп мына ушул үчөөн айтса болот.

Бүгүнкү күндө Президент Атамбаевдин айткан-дегендеринен башкача ой жүгүрткөн, ал көз карашын ачык билдирген адамдарга аңчылыкты улуттук коопсуздук комитети ачык эле өз мойнуна алгандыгы эч кимге жашыруун эмес. Керек болсо, оппозицияга тиешеси бар делинген, экономикалык иштерге илешкен адамдардын иштерин дагы Башкы прокуратура ары калчап, бери калчап натыйжа чыгара албай, айласы куруганда коопсуздук комитетинин тергөө башкармалыгына өткөрүп берип жаткандыгына өзүм күбөмүн.

Бул жагдайдан эмне жыйынтыкка келсек болот?

Мыйзам талаптарынын так аткарылуусун көзөмөлгө алууну профилдик органдын тергөө кызматкерлерине караганда көбүнесе мамлекет коопсуздугун сактоого чакырылган органдын тергөөчүлөрүнүн потенциалы жогору дегенгеби? Андай болсо, тергөөнү жүргүзүүнү дагы, ага көзөмөлдүк кылуу функциясын дагы Абдил Сегизбаев жетектеген комитетке өткөрүп беришпейби?

Анын эмнеси бар экен? А.Сегизбаев жаш, энергиялуу, Президент аппаратынан түшкөн тапшырманы жантыгынан жатса да жан-дили менен аткарат, “оппозиция мүчөсү” деген жарлык болсо эле болду, “Белизгейт” операциясына окшотуп “чампалай” салыш баш оорууну деле жаратпайт. “Оппозиция”, “пикет”, “митинг” деген сөздөрдү укканда анын “селт этип” чоочуп кетээри да анык. Себеби, А.Акаевдин камчысын чаап турган 2005-жылдын 24-мартында Ак-Үйдү басып алгандардан эси-көөнүнөн кеткис болуп токмоктолгону бар. Убакыт өтсө баары унутулат окшобойбу.

Мына ушул Абдил Сегизбаев келгени Улуттук коопсуздуктун мамлекеттик комитети оппозицияга каршы күрөшүүнүн мамлекеттик комитетине айланып отурат. Кыскартып айтканда ОККМК. Баарыбыздын Атамбаевге карап түздөнүп, “бали” дешибиз эле калды.

Менин минтип айтканымдын дагы бир себеби болуп турат. Ал – ушул макалага тема болуп берген Бакиевдер менен Атамбаев бийлигинин тандем маселеси. Демек, сөздүн “ток этер” жерине мен эми келдим окшойт. Хотя…

Ушул жылдын 15-апрелинде жубайым экөөбүздү коопсуздук кызматына чакырышкан. Аларды кызыктырган негизги маселе – биздин 2010-2013-жылдары Бакиевдердин мүлктөрүн талап-тоноого катыштыгыбыздын бары-жогун аныктоо экен. Мыйзам сыйлаган адам катары бул чакырууну, аңгемелешүүнү мен эрөөн-терөөн деле көргөн эмес элем. Билгендерибизди айтып, кош айтышканбыз. Баса белгилеп айтып коюшум парз – биз менен аңгемелешкен жигиттер сылык, адамгерчиликтүү, илбериңки, дегеле мурдагы “үч тамганын” кызматкерлерине окшошпогон жигиттер экен.

Бизди сурап, тактоочу маалыматтар, документтер тигил жигиттерде деле бар экенин, бизди жөн эле “профилактикалык” иш-чараларды жүргүзүп коюу үчүн” гана чакыргандарын мен алардын берген суроолорунан эле байкаган элем. Айтор, алар суроолорун беришти, биз жооп бердик. Анан “жакшы баргыла”, “жакшы калгыла” болуп чыгып кеттик.

Бүгүн мен эчак унутуп койгон жогорудагы окуя, арадан 15-20 күн өтпөй башкача өңүттө өнүккөнүнө күбө болуп отурам.

2008-2010-жылдары Бакиев бийлигинин азап-тозогун мени менен чогуу тарткан аялым Эркиндик бульварынан келген кызматкерлер менен жолугуп, алардан повестка алаары менен жүрөгү түшүп, шаарда турган жээниме жетип барып болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып, кимдердин арыз жазган-жазбаганын тактап берүүсүн сураныптыр. Мен анда өз иштерим менен Ысык-Көлдө жүргөн элем.

Ушул айдын (май) баш чагында, кечке маал үйгө жанагы жээним келип калбаспы. Анын айткандарын төкпөй-чачпай айтсам төмөндөгүдөй:

Мен Минск шаарында жашап жаткан … менен Ватсап аркылуу сүйлөштүм. Алардын эч кимиси силер тууралуу эч кайда, эч кандай арыз жазбаптыр. Тескерисинче, биздин улуттук коопсуздук комитетинен бир нече жолу Жаныш Бакиевге телефон аркылуу чыгышып, өзүн УКМКнын ыйгарым укуктуу кызматкери катары тааныштырган адам аны менен алгачкы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүптүр. Андан кийинки сүйлөшүүлөрдү Ж.Бакиевдин талабы боюнча УКМКнын жетекчилиги жүргүзгөн.

Кыргыз УКМКсы Жаныш Бакиевден белгилүү саясатчы Болот Шер менен “Алиби” гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбековго карата алардын мародерлук иштерге тиешеси бар экендиктерин далилдеп берүүчү күбөлөрдү уюштуруп берүүнү суранып, ал кызматы үчүн Бакиевдердин мүлкүн кайтарып берүүгө убада кылган. Ж.Бакиев бир топ сүйлөшүүлөрдөн кийин бул сунушка макул болгон.

Ал сүйлөшүүнүн жүрүшүндө УКМК жетекчилигине 2010-жылдын апрель айында, Жаныштын баласы Асылбекке тиешелүү, Бишкек шаарынын Түштүк магистраль көчөсүндөгү №1а үйгө Болот Шер өзүнүн жигиттери менен келип, үйдүн кароолчусун кууп чыгып, өзүнүн тууганын ал үйдү кайтаруу үчүн калтыргандыгы, ошентип аларга тиешелүү турак-жайды мародёрлук жол менен тартып алгандыгы тууралуу сюжеттин даяр экендигин, керек деген убакта канча күбө болсо да таап берээрин билдирген.

Ошол эле убакта Жаныш Бакиев Бабырбек Жээнбеков тууралуу анда азырынча эч кандай компрматериалдын жоктугун, бирок издеп көрөөрүн айткан.

Ошондуктан Жаныш Бакиев Бабырбек Жээнбековдон ал “тартып алган” Түштүк магистраль көчөсүндөгү №1а үйдү мыйзамдуу ээсине кайтарып берүүсүн суранып, антпесе ага каршы көрсөтмө берээрин эскертиптир.

Эмне дейсиң? Учурда чет мамлекетте дарыланууда жүргөн Болот Шер айтаар сөзүн өзү келгенде айтаар.

Менин Бакиевдердин үй-мүлкүн басып алууга, тартып алууга кыпындай да тиешем жок экендигин алдын-ала эле эскертип коёюн. Биз 2012-жылы Асылбек Салиев өзүнүн 2008-жылдагы куру дооматы менен “Алиби” гезитин жаптырып, материалдык зыян келтиргендиги, ошол зыянды өндүрүп берүү тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна доо арыз менен кайрылганбыз. Укук талаасында жүргүзүлгөн соттун аныктамасы менен Түштүк магистраль көчөсүндөгү №1а үй камакка алынган. Кийин А.Салиевдин өкүлдөрү ишти өз ара келишим менен бүткөргөн соң мен үйдү камактан бошотууга макулдугумду бергем. Үйдүн андан аркы тагдыры мени кызыктырган да эмес. Ким кимге сатып жибергенин, кандай шартта сатканын Жаныш Бакиев болобу же анын уулу Асылбек Салиев болобу, ошол убакта ишеним кат берген өздөрүнүн өкүлдөрүнөн сурап алса болот. Менин же гезиттин расмий ээси, жубайым Т.Абдырасулованын ар бир жасаган иш-аракеттерибиз, кадамыбыз мыйзам чегинде болгондугун тастыктаган сот актылары менин колумда турат. Ошондуктан Бабырбек Жээнбековду кылмышкер кылып чыгаруу аракетиңер суу кечпеген нерсе, “урматтуу” “компромат” издеген УКМКлар.

Менин иним жана жердешим, кыргыздын накта кыраан жигити Болот Шер да дарылануудан кайтып келсе айта турган сөзү болсо керек деп ойлойм. Бөөдө кырсыктан тышкары турсак анын айткандарын да “Алиби” гезитине жарыялоочу күн алыс болбосо керек.

“Жезтумшуктарга” аңчылык

18-кылымда монархиялык башкаруу системасы өкүм сүргөн Европа өлкөлөрүндө, 19-кылымда монархия дооран курган Орусияда “жезтумшуктарга аңчылык” (охота на ведьм) аша чапкан ырайымсыздык, жан күйгүзгөн катаалдык менен жүргөндүгүн, орус жандармериясынын зордук-зомбулугу акыры келип анын өзүн жок кылгандыгын бала кезде мектеп программасынан окуганым бар.

Мен жогоруда “оппозицияга каршы күрөшүү мамлекеттик комитети” (ОККМК) деп атап кеткен мамлекеттик кызмат органы бүгүн Кыргызстанда орус жандармериясынын кейпин кийип, ролун аткарып калды. Же ал милдетин Президентти ашынган радикалдардын аёосуз сынына бута кылбагыдай аткара албайт, же колунан факты менен иштөөнү жымылдатып ордуна коюу келбейт. Кыргызда “каргайын десем жалгызсың, каргабайын десем байкушсуң” – деген накыл кеп бар эмеспи. Абдил Сегизбаев деген “азаматыбыз” да Президентибиздин “жалгызы” окшобойбу, коопсуздук тармагындагы. Канча жолу эл алдында беделин түшүрдү, уят кылды. “Белизгейт” маселесин далилдей албаса кызматынан кол жуумак турсун, үстүнөн кылмыш иши козголот” – дегенге чейин барды эле, далилдей албай эле калды. Президенти деле, анын “жалгызы” деле эч нерсе болбогонсуп компоюп иштеп жүрүшөт. “Хандын сөзү эки болбойт” – дечү эле го” деп жумурай журт гана түпөйүл…

Мына ушул “жалгызы” жетектеген коопсуздук комитети бүгүн Таластын эки азаматын “чалып жыгууга” өзүнүн дарамети жетпей, аларга каршы “далил” топтой албай, айласы кетип алыскы Беларустун Минск шаарында качып-бозуп жүргөн Жаныш Бакиевдин жардамына, анын далилдерди “тууп берүүчү” күбөлөрүнө зар какшап муктаж болуп отурат.

Болот Шер менен Бабырбек Жээнбековду кандай ыкма, кандай жол менен болсо да “кылтакка илүү” үчүн мамлекеттик коопсуздук комитети өмүр бою эркинен ажыратылган мамлекеттик кылмышкерлер менен тандем түзүүгө барып жатат. Мен чындык, акыйкаттык, адилеттүүлүк жөнүндө сөз кылбай эле турайын. Алардын бар экенин эчак унутуп койгон адамдарды уятка чакыруунун кажети канчалык болмок эле? Дегеле, бул адамдар мамлекеттик кылмышкерлер менен шилекей алышуу – Кыргыз мамлекетинин ар-намысын, абийирин, мамлекеттик кызыкчылыгын сатууга барабар экендиги жөнүндө бир саамга ойлонуп көрүштү бекен? Же бүгүнкү ээлеген кызматтары ойлонуу жөндөмдөрүн биротоло тыптыйпыл кылып, азыркы отурган креслолорунда өмүр бою отурат деген гарантия бергенби?

Жаныш Бакиев +УКМК тандеми. Уюштуруучулар кимдер?

Жаныш Бакиев +УКМК тандеминин башында кимдер турат? Аткаруучулары кимдер? А.Сегизбаев “конторага” жетекчилик кылып турганда бул суроолорго жооп алуу, албетте мүмкүн эмес. Бирок, жогоруда айткандай, А.Сегизбаев бул кызматты өмүр бою башкарбайт да. А.Атамбаев да түбөлүккө Президент болуп калбайт. Алты айдан кийин бул кызматтарды башкалар ээлешет. Ошондо бул маселеге биз кайрадан кайрылабыз.

Азырынча турмуштук тажрыйбага, ой жүгүртүү жөндөмүбүзгө таянуу менен ой калчап көрбөйлүбү…

УКМКнын ички тартибин, кызматтык иерархия түзүлүшүн эске алсак анын жөнөкөй, катардагы кызматкерлери гана эмес, бөлүм, башкармалыктын башчылары, жадагалса төрага орунбасарлары да мындай кадамга батынып барышы, өзүлөрү билип чечим кабыл алышы өтө кооптуу.

Айткан сөзүнө жооп бере ала турган, маселе чечүүгө жарай турган адам болмоюнча мындай иштерде “алчы-таасын” жеп бүткөн Жаныш Бакиев деле оңой менен ар кимдин “бал тилине” азгырылып, “макул” дей коюшу мүмкүн эмес. Экинчиден, ал өзү дагы бул маселени жалгыз чече албайт. Мекенинен алыста буулугуп араң жүргөн адамдар көкүрөк муңун жанындагы жакын адамы менен бөлүшпөй койбойт. Минскиде Жаныштын таянычы да, тиреги да агасы Курманбек Бакиев.

Аларды алыска, Кыргызстандан айдап чыгарган негизги душмандары – Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү. Болот Шер болсо убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Бакиевдерди кууп чыгууда чечүүчү роль ойногондордун бири. “Алиби” гезити 2008-2010-жылдары Бакиевдердин кыргыз элине кыянат саясатын ачык айыптап, оппозициялык күчтөрдүн штабына айланган гезит. Аны Бабырбек Жээнбеков жетектеген. Демек, УКМКнын ал экөөнө компромат издеп Бакиевдерге кайрылышы, алардын чырагына гана май тамызгандыгы айтпаса да түшүнүктүү.

УКМК жетекчилигинин Жаныш Бакиевге чыгышы аны кыска убакытка болсо да эйфорияга алып келип, ал бул кубанычын үй-бүлөсүнө билдиргендиги да адам жаратылышына мүнөздүү бир көрүнүш. Орустар “дальше-больше” деп коюшчу беле? “Үч адам билген сыр – сыр эмес” – дегендей, бул сөздөрдүн бизге жетиши анчалык деле маанилүү болбой калды.

“Белизгейт” маселесинде “оозун күйгүзгөн” А.Сегизбаевдин деле “тандем” маселесин өзү билип чечип коюшу мүмкүн эмес. Жогору жакта аны “канатына калкалап, тумшуктууга чокутпай” келе жаткан “атасы” бар. Депутат Каныбек Иманалиев санап өткөн жыйырма беш “оппозиционерге” Атамбаевинен айбыкпай сындап келаткан Таластын бул эки “баатырынын” айласын таап кошуп коюуну көктөн издеп келишсе, минтип кудайдан болуп, жерден табылып отурбайбы. Ошондуктан, Бакиевдер менен тандем түзүү Президенттин макулдугу жок ишке ашырылды дегенге ишенүү кыйын. Калганын окурман журту өзү иликтеп алаар.

Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ

P.S. Ушул макаладан кийин, Бабырбек мырза менен маектештик. 2010-жылы өлкө оорчулукта турганда, эмнеге жоопкерчиликти мойнуна топ эркек албай, Роза Отунбаева алганы, андан кийинки ажо Атамбаев эмес, башка бир белгилүү саясатчы болмок экенин жана Атамбаев 2011-жылы эле “Текебаевди жок кылам!” дегенин, ал кандайча “ажыдаарга” айланып кеткени боюнча айтып берди. Эртең биз, сиз билбеген ачуу чындыкты дал ушул сайттан окуйбуз! Андыктан “Алакандан” алыстабаңыздар!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.