Мелис байкенин мектеби ээн калганда…

Мелис байкенин мектеби ээн калганда…

Бүгүн, айтылуу журналист, депутат Мелис Эшимкановдун каза болгон күнү. Эскеребиз дегендер оголе көп болду, жетишпей калгандар туулган күнүндө жазып беребиз дешти. 

Жеңиш ЭДИГЕЕВ: “Кардын алдында калган сизге жакшыбы же бизгеби..?!”

Эрнис менен сүйлөштүм. Асек уулучу… «Байкемдин документтерин, өлүмү тууралуу справкасын, соцфонддогу кагаздарын бүткөрүп атам»,- деди. Анан унчукпай калат… Мен да үндөбөй… телефондун туткасын мыжып, ошол күздүн дирилдегиндей болуп… Анан «байкушум, ал өзүнүн өлгөнүн деле түшүнбөй калды» — деди. «Дирт» этип кан өткөнчө «түшүнбөй» үзүлүп бараткан элеси келип, айрылуунун канчалык азап экени сезилип, ушуга да чыдайсын, көтөрөсүң деген кудайды эстеп… Мындан сегиз жыл илгери менин дагы жакын адамым өтүп, алиги Эрнис айткан справкага баргам. Маркумдарды тейлеген мекемеге. Справка берген соң, «Паспорту биякта калат!» деп аны үйүлгөн паспорттор үстүнө ыргытып койгон эле… Ошол үйүлгөн паспортторду эмгиче эстейм… Баарыбыз бир күнү чоочун бир колдон «топ» этип барып ошол үймөккө кошулаарбыз деп. Тизмеден өчөөрбүз деп… Көп калемдештерим жазды. Эскеришти. Жоктошту. Өзгөчө эски «Асаба», «Агымчылар» Эшимкановдун летучкасынан кайрадан жолуккандай болдук. Корккон, сүрдөгөн, каткырып боор эзилген, мактоо угуп көкөлөгөн, жеме угуп шылкыйган ошол летучкалар. Ошондогу сөз, энергия, идеялар азыр да буюккан көчтөй, ээсиз көчтөй бир жерде калкылдап, айланып жүргөндөй туюлат. Сагынып жүргөндөй сезилет. Эми да ошондой доор, ошондой сөз айтылса дегенсип. Сөздөр жазылса дегенсип. Ошол «Асаба» жабылганда дейм, Мелис байке: «биз өлбөйбүз, мындан ары «Агым» болуп чыга беребиз» дебедиби. «Агым» дейби!?, «агым», «агым» ушундай да гезиттин аты болобу деп кулактын көнбөгөнүн айт. Көрсө, Эшимканов эбак кийинки күрөштү ичинен бышырып коюптур, эбак ага даяр экен. Көрсө, бийлик күчтөп токтоткон соң, Эшимканов өзүнүн ички дүйнөсү анан ошол кездеги коом менен бирге, күйөрман, окурмандары менен кошулуп чо-оң бир тосмого, зор бир дамбага барып такалып калган экен. Чыдабай. Ашып, ташып. Мына анан «Агымдын» келиши менен баягы араң турган дамбанын жарылганын айт. Кайрадан акканын айт. Ал көп айтчу «суу акпай калса, ал сазга айланат, анан сасыйт”деп. “Суу агып туруш керек. Ошондо адал болот” деп. “Аккан сууда арам жок” деп. «Агымдын» чыгышы менен кыргыздын ошол сөзү ого бетер көркүнө чыкты. Шартылдап аккан суу болуп… Ал ири алды кол алдындагы мага окшогон жазмачтарын, гезит тааныган окурмандарын токтобой агып жашаганга үндөп, үйрөтүп жашады. Токтоп калбай, кан тазалап, жаныча ойлоп жашаганды жадабай айтып жашады. «Мен эмнеден корком? Өзүмдүн тирүү өлүккө айланып калганымдан…» дечү. Анысын өмүрү өткүчө далилдеп өттү. Дүкүлдөгөн паровозго тыным бербей от күрөгөн сыяктуу. Кыргыздын соңку 25 жылдык тарыхында Эшимканов андан бир ирмем да башын катып, сыртта калбаптыр. Болгондо да идеологияны, элдин аң-сезимин баштап жүрүп отуруптур. Бул эрдикпи же убагында биз байкабай өткөргөн арабыздагы байыркынын акылманы же асан кайгысы беле? Ал өлкөнүн дээрлик төрт падышасы менен алышып жашады. Төртөө менен тең достошуп да кыл чайнашып да көрдү. Ал дайыма адамдын биз көрбөгөн ички жагын көрүп тураар эле. Бир касташып эртеси кайра достошкону мына ошондонбу дейсин. Кол алдында кабарчысынан өлкөнүн Хандарына чейин ачуу сөзун да акылын да айтып сайрагандан тажаган жок. Бул баатырдыкпы же Бакайлык касиети беле? «Эшимканов Кыргызстанды 20 жыл башкарды» деп өлгөн соң моюндап отурушкандары мынакей ошондон. Эчен ирет шарты, кезеңи келип турса да ал эч качан быкшыган манап болгон жок, же «бетинен бит тайыган» креслодон көчүгү чыкпаган ичип-жегич аталган жок, курсак байлап, жал чайнаган кыргыз байлыкты жерип өттү. Өзү айткандай, үч кана нерседен коркуп жашады: Кудайдан, Абийиринен, анан Кубат акесинен. «Щедрин жазмакчы «жил дрожал, и умирал дрожал» жашоосунун атасынын оозун урайын» деп. Анан жалкоолукту жининдей көрдү. Гезиттин жыйындарында «силердин жумушка мамилеңер кандай болсо, үй-бүлөңөргө да мамилеңер так ошондой. Анткени аз иштейсиңби- аз табасың!» дээр эле. Эмне үчүн аны баары сүйүшчү? Анткени ал алдына ким келсе да, ага тагдырлаш боло калчу. Себеби, ага калп эле асмандагы жалпы суроону айтчу эмес. «Иним, эмне апаң өтүп кеттиби, досуң сатып кеттиби, ичтиңби, ажыраштыңбы, мушташтыңбы… » деп, ар бирине өзүнүн тагдырын жууруп, ким болсо да, ошого тең болуп, акыры ага бир жарыкты көргөзүп, жолуна салып жөнөтөөр эле. Ал бардык жетем деген ниетине жетип келди, бир билгенден жалгыз гана кинорежиссерлук буйурбай калды. Сааты чыкпады окшойт. 48 жаш өмүр жетпеди окшойт. Буйруганда балким анда да тамшантып бирдин ичинен чыкмак дейсиң… Бүгүн болсо эшикте кар себелеп атыр. Декабрдын муздак кары. Ушул кардын астында калган сага жакшыбы же эски тириликти эптеген бизгеби? Сени жуткан жылды узатып баары калды. Баары турат баягыдай. «Фрунзеден сүйлөйбүз» деп радиону туурап апаңа эркелеген балалыгын, балдардан кыйын болсоң да, кодолугуңа арданып балыктын майын ичип , турникке тартынып, өжөрлөнгөн мектебиң, өскөн Кызыл Аскериң, Асанбайың, «Баягы Асаба» аталбай калган «Агымың», жандооч болуп кийик аттырганга жарабаган бир армия шакирттериң калды. Аккан, анан «акпаган» досторуң калды. Акүй, көкүй, кызыл желек, көк желек шайлоолор калды, дүрбөгөн. Добулбастап кайдагы- Акыйкатка үндөгөн баягы кымгуут аянт калды, эл калды. Телефон бурап, Эрнис менен сүйлөштүм. Эшимкановчу? «Байкемин атында фонд ачсак деп атабыз» деди. «Анан китебин…» деди. Анан унчукпай калат. Мен да үндөбөй. Ошол күздүн дирилдегиндей болуп…

Декабрь, 2012-жыл «Де-факто» гезити

Айнагүл САПАРБЕК кызы: “Өзүңүзсүз дагы бир күз…”

Арабызда жоксуз. А бирок, биздин жүрөктөрдөсүз. Адам аалам алмаштырганын кабыл алуунун оңой жолу жүрөгүңө элесин сактап алганың экен. Айланаңдагыларга айта албаган, айтууга ыраа көрбөгөн сөздү акылыңда биздин ааламдан Сиз барган ааламга жеткире алганың тура. Сиз айтчу ФИЛОСОФИЯ ушул өңдөнөт!..

***

Күздү табиятымдан жактырсам, Сизди жоготкону бул мезгилде ичиркене турган болгом. Бирок, билесизби, кайра жактыра баштадым. Көрсө, бул Сиздин БАА-баркыңызды сездирген убак тура!..

***

Ошол АПРЕЛден кийин бир топко тыным алып, анан өзүңүз тууралуу пикирлерди топтоп берүүмдү өтүнгөнсүз. “Мелис Эшимканов деген ким?” – ушундай аталышта жарык көргөн. “Мени бейишке чыгаргандай болдуң” – дедиңиз “ырахмат” ордуна. Барган ааламдан бейишти таптыңыз бекен?

***

Акылымдасыз, жүрөгүмдөсүз, менин УСТАТЫМ, кеңешчим, агам, досум, түбөлүк ШЕФим! Элесиңизге ТААЗИМ!..

Сыймык БЕЙШЕКЕЕВ: “Ишенчээктигинен              көптөр пайдаланды…”

Мелис байке менен 96-жылдары таанышып калдым. Дастан Сарыгулов Чуңкурчак жайлоосуна чайга чакырып, боз үйдө дасторкон четинде таанышканбыз, аз-маз ырларым менен эл арасына атым чыгып калган эле. Анан “Асабанын” кожоюну менен таанышып, даамдаш болуу бакыт сезилген. Орду менен кептин кемелине келтире сүйлөгөнү, баласынтпай биздин чыгармачылыкка да кайдыгер эместигин оозунан укканда өнөргө да эргүү дем бергени эсимде.

“Жеке мен демөөрчү болуңуз” деп кайрылбадым, бирок, гезитте дагы, теледе иштеп жүргөнүндө дагы, моралдык бийик колдоо кылып жүрдү. Бир жолу чай концерт кылып чакырсам, келе албай калып, бир топ убакыт өткөн соң жолугуп калдык.  Менден келе албаганы үчүн кечирим сурап, ой-боюма койбой тыйынын бергени эсимде. Бул анын бийик адамдык сапаттарынын бири эле. Ой-максаты бийик, патриот, мыкты уюштуруучу, оратор, анан кесибин сүйгөн инсан эле, ишенчээктигинен көптөр пайдаланды окшойт…

Каза болгонун угуп ишенбедим, мен ал кишини кыргызга дагы көп кызмат кылат деп ойлопмун. Бирок, өмүрү кыска экен, кыска жашаса дагы көптөргө үлгү болуп, журналистикага “Мелистин мектеби” деген бийик атты, улуу чөйрөнү түптөп кетти. Мелис байкенин арабыздан өтүп кеткенине 6 жыл болуптур. Ушунча жылдан бери журналистика айдыңында да, саясат айдыңында да, Мелис байкенин жетишпей жатканы билинет, оркоюп көрүнөт. Тирүүндө барктабай, көзү өткөн соң көкөлөтө мактап калмай адатыбыз бар эмеспи. Калк арасында канча жыл өтсө дагы кылган иштери, жазмалары, айткан кептери күнүмдүк турмушта айтылып, колдоно берээр. Өкүнүчтүүсү өзүн аябаганы, эрте арабыздан кеткени болду. Кайсы бир гезиттен: “Кеткен сизге жакшы болдубу, же калган бизге жакшы болдубу?” деген эскермени окудум эле. Азыр да бул эскермени ошентип жыйынтыктагым келип турат… Ыйманы саламат болсун!

Карамат ТОКТОБАЕВА: “Орду бош турат»

8 ай мурун эле бир тууган карачечекей эжемден айрылган элем да. Анда да баралган эмесмин. Дегеле ошо 2006-жылы күз айында кеткенден тартып, 7 жыл өз мекениме баралбай жүргөн кезим болчу. Ошондо ойлосоң. Атам тааныбаган өлкө, алдың табышмак, артың жар. Эрте менен жумушка кеткен элем. Капыстан интернетти ача салсам эле, жаман кабар жазылып турат: «Мелис Эшимканов дүйнө салды » деп. Денемди калтырак басып, катып эле калдым. Балбалактап көзүмдүн жашы төгүлдү. “Эмне болду?” деп мени бирөө сурап койбойт. Эптеп жумуштун бүтүшүн күттүм. Анан рюкзагымды колума көтөрүп, ыйга толгон көзүмдү жылтыратып, дүйнөнү миң-сан жектеп, үйүмө келгем. Балдарым уктай элек экен. Байтикке айттым: «Сен төрөлгөндө жетине албай сүйүнгөн, көтөрүп келсем мурдуңдан жыттап, көрүндүгүн берген адам дүйнөдөн өттү» деп. Эшигимди жаап алып өксүп ыйладым…

Кантип ушундай энергияга толуп турган адамды өлүмгө кыясың? Ошондо ушунчалык кейигеним- Мелис байке 2008-жылы Прагага келген экен. Бирөө айтып койбоптур. Жолуксам акыркы ирет көрүп калмак экем. Мурункуларды эстейт элек, жок дегенде илгеркидей уялбай оюмдагыны айтып калат элем да. Чынында Мелис байке өзү тамашалап ар кайсыны айтып калганы менен, ага кайрып тамаша айта алчу эмесмин, өйдө карап сүйлөй албайт элем. Өтө сүрдүү эле.

Арманым ошондо ушул жакка келгенде жолукпай калганым болду. Мындай белгилүү, күчтүү адамдар тууралуу түркүн пикир айтылып, жазылат экен. Бирок, менин элесимде «Түштөгү көз жашты » жазып келгенден тартып, коңур үндүү, бастек бойлуу, көздөрү жайнаган, энергиясы, толуп-ташкан, бала кыял, өзү авантюрист бойдон эсимде калды. Журналистикада болсо Эшимкановдун изи калды. Көбү туурагысы келет. А бирок, эч бири Мелис байкедей боло алышпады.

Эшимкановдун орду бош, супсак болуп турат…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.