Мэлис – бунтарь, Мэлис – авантюрист, Мэлис – демократ…

Мэлис – бунтарь, Мэлис – авантюрист, Мэлис – демократ…

Бүгүн Мелис Эшимкановдун дүйнө салган күнү… Ушул күнү ал актыкка баш уруп, алыскы сапарга аттанган… Ал алыска сапар алганды жакшы көрчү… ошо сапардан өмүр бою издеп келгенин тапканга, жан дүйнөнүн ачыла элек ааламына, өзүнө али белгисиз жактардан өмүр бою издегенин тапканга дамамат сапар алган жолочудай өмүр жолдун учу-кыйырсыз жолун басып өтүүнү эңсээр эле…Ал ошо төтө жолдон эмнени издеди? Чындыктыбы… Акыйкаттыбы… Ыймындыбы?.. Өмурү ушул ыйык түшүнүктөрдүн жолсапарында өттү…

Досторунун бир арманы… анын арабызда жоктугу… анын ушул оомал-дүйнөдө, кир-когу аралашкан дүйнөдө, чындыгы менен жалганы бир агып калган өмур дайрада…анын сөзү, үнү жетишпей тургандай… Мелистин орду бош калгандай…

Ушу күнү Мелис досубуз дүйнө салган…

Ушу күнү досума айткан акыркы сөзү ушу жан-дүйнө үнү эле… Бу сөздү аны узатып жатканда сүйлөгөм…

А, балким… ал бу сөздү дагы уккусу келип жаткандыр…

…дагы жарыяладым…

Эстутум

ӨМҮР… СӨЗ….ӨЛҮМ…

Сөз жана сөздүн жүгү, сөздү адам дилине ким салат, жүктү адам өмүрүнө ким артат? Бул өмүрдүн табышмагы менен жандырмагы, бул өмүрдүн трагедиясы менен драмасы, бул өмүрдүн жыргалы менен кураалы, бул өмүрдүн ыйы менен ыры, адамдык жашоонун сыры бизге дале татаал түйүн бойдон, пенденин улуу суроосу бойдон , кулакка кыттай куйган түбөлүк соболун коет:

Адам уулу качан Адам болот?

Жан-дүйнөнү тырмаган азаптуу да, аялуу да, жүлүн жуулуп, жүрөк канаткан суроону мезгил да, жараткан да коңгуроодой коюп келет… бул суроонуну маани- маңызын акыры менен чикири аралашкан бул кымгуут заманда берген да, анын жообун укканда пенде жоктой туюлат…

Өмүр менен өлүмдүн ортосундагы кулан чуркагыс аралыкта жашоонун мынчалык кызыгына кызый албай, турмуштун ылдамдыгына жоон тердетип, жашоонун азабы менен, а балким лаззатынын ортосунда , анын бир уучу менен, экинчи учун бириктире албай, бу өмүрдө караңгыда жарк этип бир жанган мисал , жүрөктүн чагылгандын огундай жарыгына заар болуп келебиз… Сөздүн да куту кетип, жашоо наркы күнүмдүк турмуштун тарпына айланып турганда, чындыктын чыркыраган үнүн уккубуз келет…

“Баарынан мурда сөз болгон” … Сөз аалам куралган… Ошол аалам кураган создүн куту менен кунун, тузу менен жүгүн кимге артты экен?..

Сөздүн жүгү оор, ошол оор жүктү Чыныгы Адам, адал жүрөк, аруу ыйман гана өз мойнуна ала алат, Атажурттун бүткүл азабы менен, жандүйнө азаттыгын өмүр менен өнөрдүн ортосунда, өз мойнуна алып, акырет сапардын алдында турган, чыныгы талант, чыгаан инсан, атактуу замандашыбыз , досубуз Мелис Эшимкановду өзү түбөлүк издеп келген чындыктын ааламына, узатып жатып, узатпаска амал таппай, узатпаска арга таппай, жашоонун, өмүрдүн, өлүмдүн мыйзам алдында адамдык алыбыз, адамдык арыбыз жетпей дүйнөбүз коңултак тартып турат…

Мэлис Эшимканов – эч бир рамкага, эч бир калыпка сыйбаган, соңку кыргыз тарыхынын өзгөчө бир феноменине, дооруна, доордун өзгөчө бир көрүнүшүнө айланып олтурат. Кыргыз саясий маданиятына демократиянын өзөктүү дөөлөтү –сөз эркиндигин, ойлоо эркиндигин, көз караш эркиндигин алгачкылардан болуп калыптандырган ага өзгөчө салым кошкон инсан катары кирип жатат… Мэлис Эшимканов тууралуу айтарбызда анын ысмы менен байланышкан ар кандай эпитеттер жаадыбызга келет.

Мэлис – бунтарь, Мэлис – авантюрист, Мэлис – демократ, Мэлис – харизматик, Мэлис – парадокс, Мэлис – феномен… Бул эпитеттерди кандай ыңгайда түшүнбөйлү, ал сөздүн нукура маанисинде өз мезгилинин чыныгы инсаны, ал инсандык анын абийринде, намысында, ыйманында жашады. Ал бул турмуштун карама-каршылыгы менен өзүнүн адамдык абийринде кармашты, бул кармаштан ал өзүн — өзү издеди, жыгылды, турду, утту, уттурду… бирок ал өз абийрине карай кеткен жолдо дайыма өзүн –өзү издеп келди… Өзүн издеген адам гана, чындыкты өз жандүйнөсүнөн издейт… аны түбөлүктүү жол катары эсептейт…

Мэлис өзүнүн ширеңкенин жарыгындай өмүрүндө адилетсиздик менен акыйкатсыздыктын, абийрсиздик менен ыймансыздыктын, жалган менен жалаанын империясы менен кармашып келди, анын чындыгын эч бир система, эч бир мамлекеттик машина кыйшайта алган жок… Биз бүгүн Мэлистин ушул сапатын өзгөчө көрүнүш катары көрөбүз, биз аны, достору “кыргыз демократиясынын Бонопарты” дээр элек… Эгерде, биз кыргыз сөз эркиндигин демократиянын өзөгү десек аны биз сөзсүз Мэлис Эшимкановдун ысмы менен байланыштырабыз. Жашоого, мезгилге , бийликке стандартуу эмес көз караш позициясын ээлеп келген Мэлис Эшимканов тууралуу али алдыда көп сөздөр айтылат…

Султан РАЕВ, Кыргыз эл жазуучусу

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.